Баары абийирдүү болуп кете элек! Жээнбеков сот реформасына нааразы болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента Сооронбая Жээнбекова с судьями Конституционной палаты Верховного суда
Встреча президента Сооронбая Жээнбекова  с судьями Конституционной палаты Верховного суда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент эски көз караштардан арылып, башталган реформаларды аягына чыгаруу үчүн абийир сотунун алдында таза болуу керектигин айтты.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасынын 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада соттук-укуктук реформанын өтө жай болуп жатканына нааразы экенин айтты.

Ал ушул жылдын башынан бери соттук-укуктук реформаны ишке киргизүү башталганын эске салды.

"Реформаны ишке ашыруу багытында Жогорку соттун, Конституциялык палатанын деңгээлинде жана айрым жергиликтүү соттор тарабынан иш жүргүзүлүп жатат. Бирок сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, сотторго ишенимди күчөтүү боюнча иш-аракеттер өтө жай болууда", — деди Жээнбеков.

Судебное заседание в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан сотторунун Батыштыкынан артыкчылыгын Калиева айтып берди
Президент кошумчалагандай, сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү акча бөлүүдө.

"Бирок мыйзам жана кудайдан коркуп, баары тегиз абийирдүү болуп кетти деп айта албайм. Мына ушул адам фактору жоюлмайынча, соттордун ичи тазармайынча, сот системасын каржылоону канчалык көбөйтпөйлү, материалдык базасын канчалык оңдобойлу, сот реформасы ийгиликке жетишпейт", — деди өлкө башчы.

Ошондуктан эски көз караштардан арылып, башталган реформаларды аягына чыгаруу үчүн абийир сотунун алдында таза болуу керектигин айтты.

Эске салсак, былтыркы жылы сот системасына 1,6 миллиард сом бөлүнсө, быйыл бул сумма 2,1 миллиард сомго жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0