Үй камагындагы Рысалиев Жээнбеков менен БАЭге эмнеге учуп кетти? ИИМ жообу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖК депутаты Зарылбек Рысалиев. Архив
ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зарылбек Рысалиев крим төбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан мыйзамсыз чыгып кетиши боюнча сурактан кийин абалы начарлап, ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бир катар ЖМКлар депутат Зарылбек Рысалиевдин үй камагына алынганы менен президент Сооронбай Жээнбековду коштоп Бириккен Араб Эмирлигине учуп кеткендигин жазган.

Ички иштер министрлиги бул маалымат боюнча өзүнүн түшүндүрмөсүн берди.

"2-ноябрда адвокаты Рысалиев Кыргызстандын аймагынан сырткары дарыланууга муктаж болуп жаткандыгын айтып, сунуштамасын берген. Анда Кытайга дарыланууга барары айтылган. Анын абалынан улам, ИИМдин Тергөө кызматы чет жакка чыгууга салган тыюуну алып салган", — деп айтылат маалыматта.

Жээнбеков учурда иш сапар менен Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт.

Аны менен кошо өкмөт мүчөлөрүнөн жана депутаттардан кеткен. Эл өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов, Зарылбек Рысалиев, Нурбек Алимбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Улугбек Ормонов, Эмил Токтошев бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0