БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кезектеги жыйынында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды.
Аталган комитеттин 12 мүчөсү Бекназаровдун талапкерлигин колдой турганын билдирсе, депутат Ирина Карамушкина жалгыз каршы добуш берген.
Комитеттин жыйыны жабык эшик артында өттү.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов быйыл санариптештирүүнүн бардык компоненттери толук кандуу ишке берилүүгө тийиш экенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселелерин талкуулоо боюнча жыйын өткөргөн.
Ал бажы тармагын санариптештирүү боюнча иштер жакшы жүрбөй жатканын, бул жаатка басым жасаларын айткан.
"Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү бир нече жыл мурда башталып, белгилүү бир натыйжага жетиштик. Ошону менен бирге кетирилген каталыктар жана кемчиликтер бар. Бул жол-жоболорду санариптештирүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, бюджетке каражат түшүүлөрдү көбөйтүү, салык төлөөчүлөрдү жана калкты контрафактылык продукциядан коргоо, көмүскө экономиканын үлүшүн жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө берүү деген маанилүү нерселерди эске алуу керек", — деген Марипов.
Марипов системалык негизде салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин ишин жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп өткөн.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. БШК жетекчиси Нуржан Шайлдабекова парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жаңы эки депутаты Шайлообек Атазов менен Бурун Амановага мандат тапшырды.
Аларга мандат тапшыруу чечимин БШК өзүнүн кезектеги отурумунда кабыл алган.
Атазов жакында эле депутаттыктан кетип президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган Искендер Гайпкуловдун ордуна келди. Ал — кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, мурда Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон.
Аманова Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кеткен Гүлнара-Клара Саматтын мандатын алды.
Бирок Шайлообек Атазов жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" (49-катарда) партиясы менен аттанган. ЕРЕМ спорт клубунун аткаруучу директорлугу кызматын аткарган.
Атазов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоо максатында өткөн 19-февралдагы митингдин модератору болгон.
Бурун Аманова "Биримдик" партиясы (40-катарда) менен катышкан. "Небесные горы" туристтик компаниясынын жетекчиси.
Эл көптөн күткөн Лас-Вегастагы UFC 259 турнири жыйынтыкталды. Кеченин башкы беттешинде польшалык Ян Блахович жаңы зеландиялык Исраэль Адесаньяны утуп, наамын коргоп калды. Адесанья биринчи жолу утулду (20:1).
UFC чемпиону Петр Ян наамын коргогон кармашта атаандашына тыюу салынган соккуну колдонгону үчүн беттештен четтетилип, ордуна америкалык Алджамейн Стерлинг чемпион болду.
Спорттук кечедеги дагы башка кызыктуу учурларды видеодон көрүңүз.