Портфельчен аткаминерлер. Архив

Дипломатиялык тажрыйбасы жок туруп эле элчи болуп кеткендер. Тизме

1274
(жаңыланган 18:47 17.12.2019)
Элчи болуп иштегендердин арасында коомдук ишмерлер, мурдагы министрлер жана журналисттер дагы бар. Кыргызстанда элчилик кызматтарга мурда-кийин бул жаатта тажрыйбасы жоктор дайындалган учурлар жок эмес.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына жактырды.

Эми президенттин кол коюусу гана калды, бул кызматка мамлекет башчысы гана өз жарлыгы менен дайындайт. Буга чейин дайындалгандарды карай турган болсок, президент эч каршылык көрсөтпөй туруп эле колдоп берген.

Бекназаров учурунда тергөөчү, адвокат, сот, Жогорку Кеңештин депутаты, оппозиционер, башкы прокурор жана вице-премьер болгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги дипломатиялык тажрыйбасы жок туруп деле элчи болуп кеткендерди эстеп көрдү.

Тизмени түзүүдө 2010-жылдын 7-апрелинен кийин дайындалгандарга басым жасалды.

Ибрагим Жунусов

Архивное фото посла Кыргызстана в Турции Ибрагима Жунусова
© Фото / пресс-служба МИД КР
Ибрагим Жунусов

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга чейин ырчы, окутуучу, депутат, Мамлекеттик маданият агенттигин жетектеген. 2010-жылдын аягында вице-премьер болуп, андан соң маданият жана туризм министри болгон. 2014-жылдан 2018-жылга чейин Түркияда элчи болсо, 2019-жылдан тарта Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматын аркалап жатат.

Эмилбек Узакбаев

Көп жылдар бою айыл чарба жаатында эмгектенген, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, Нарын облусунун губернатору, айыл чарба министри болгон. 2008-жылы КМШ жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында кызматташуу боюнча президенттин өкүлү болуп дайындалган. Андан сыртары, КМШнын Экономикалык кеңешинде Кыргызстандын өкүлү болгон. 2012-жылы Өзбекстандагы элчи болуп иштеп, төрт жылдан кийин кызматынан бошогон.

Дүйшөнкул Чотонов

Экс-посол Дуйшенкул Чотонов за решеткой в Первомайском районном суде Бишкека
© Sputnik / Расул Усеналиев
Дүйшөнкул Чотонов

Кыргызстандын студенттер союзун жетектеген, Азиянын жаштар жана студенттер уюмунун президенти болгон. Жаштар иши боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. Убактылуу өкмөттө ӨКМди жетектеген. 2011-2015-жылдары Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалган. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен бирге "Коррупция" беренеси боюнча айыпталып соттолгон. Быйыл жайында кылмыш иши кайра каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Кылычбек Султан (Султанов)

Посол Кыргызстана в Малайзии Кылычбек Султанов. Архивное фото
© Фото / пресс-служба ЖК
Кылычбек Султан

Көп жылдар бою ЖМКлардын биринде иштеп, гезиттердин биринин редактору болгон. Ошондой эле мамлекеттик телеканалдын директорунун орун басарлыгын да аркалаган. 2012-2013-жылдары социалдык өнүктүрүү министри болгон. Ал эми 2014-2016-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп иштеген. 2017-2018-жылдары Түштүк Кореядагы элчи болгон. 2018-жылдын октябрында ал социалдык өнүктүрүү министринин орун басары мас болуп калгандыктан каттамдан алынганы боюнча ЖМКларга маалымат бергенден кийин кызматынан четтетилген.

Кадыр Токтогулов

Посол Кыргызской Республики в США Кадыр Токтогулов
© Фото / Сайт МИД КР
Кадыр Токтогулов

Бир нече жыл журналист болуп иштеген. Алмазбек Атамбаев премьер болуп турганда, 2011-жылы, өкмөттүн жана премьер-министрдин маалымат кызматын жетектеген. Атамбаев президент болгон соң анын маалымат кызматынын башчысы жана мамлекет башчынын пресс-катчысы болгон. 2014-жылы 31-декабрда Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына дайындалып, быйыл жыл башында кызматтан алынган.

Алиясбек Алымкулов

Генеральный консул КР в Алмате Алиясбек Алымкулов
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Алиясбек Алымкулов

2010-жылга чейин ишкерлик менен алектенген, андан сырткары, мамлекеттик компаниялардын биринде иштеген. 2010-жылы апрель окуяларына катышып, башына ок тийген. Апрель элдик революциясынын баатыры. 2014-жылга чейин Жаштар министрлигин жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жетектеген. 2016-жылы Алматы шаарына башкы консул болуп дайындалган, ошондон бери ошол жакта иштейт. Эске салсак, Алымкулов 2009-жылы Дипломатиялык академияны аяктаган.

Эдил Байсалов

Посол Кыргызстана в Великобритании Эдиль Байсалов
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эдил Байсалов

Улуттук олимпиада комитетинде, бейөкмөт уюмдарда жана швейцариялык компаниялардын биринде иштеген. Апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеген.

2012-жылы социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткарган, кийин коомдук иштер менен алектенген. 2019-жылы июнда Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалган.

1274
Белгилер:
дайындоо, элчилик, дипломатиялык ишмер, Кыргызстан
Тема боюнча
ЖК комитети Малайзиядагы элчиликке Бекназаровдун талапкерлигин жактырды
Жалгыз бой эненин жалгыз уулу. КМШ президенттеринин бир туугандары
Премьер-министр Улукбек Марипов

Марипов: быйыл салык менен бажы процедураларын толук санариптештирүү керек

67
(жаңыланган 15:42 07.03.2021)
Өкмөт башчы салык жана бажы процедураларын санариптештирүү бир нече жыл мурда башталганын, бирок дагы деле кемчиликтер бар экенин айткан.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов быйыл санариптештирүүнүн бардык компоненттери толук кандуу ишке берилүүгө тийиш экенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселелерин талкуулоо боюнча жыйын өткөргөн.

Ал бажы тармагын санариптештирүү боюнча иштер жакшы жүрбөй жатканын, бул жаатка басым жасаларын айткан.

Премьер-министр КР Улукбек Марипов выступает на заседании по обсуждению вопросов цифровизации налоговых и таможенных процедур. 07 марта 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Улукбек Марипов быйыл санариптештирүүнүн бардык компоненттери толук кандуу ишке берилүүгө тийиш экенин айтты
"Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү бир нече жыл мурда башталып, белгилүү бир натыйжага жетиштик. Ошону менен бирге кетирилген каталыктар жана кемчиликтер бар. Бул жол-жоболорду санариптештирүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, бюджетке каражат түшүүлөрдү көбөйтүү, салык төлөөчүлөрдү жана калкты контрафактылык продукциядан коргоо, көмүскө экономиканын үлүшүн жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө берүү деген маанилүү нерселерди эске алуу керек", — деген Марипов.

Марипов системалык негизде салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин ишин жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп өткөн.

67
Белгилер:
санариптешүү, салык, бажы, Улукбек Марипов
Тема боюнча
Өкмөт суу май жана кумшекер өндүргөндөр менен түз келишим түзүүнү карап жатат
Жапыкеев башында турган Финпол жоюлду
Депутаттын креслосу жана портфели. Архив

ЖКга эки жаңы депутат келди. Алардын бири спортчу, ЕРЕМ клубунун жетекчиси

462
(жаңыланган 14:36 07.03.2021)
Атазов — кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, мурда Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. Аманова "Небесные горы" туристтик компаниясын жетектеп келген.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. БШК жетекчиси Нуржан Шайлдабекова парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жаңы эки депутаты Шайлообек Атазов менен Бурун Амановага мандат тапшырды.

  • Шайлообек Атазов
    Шайлообек Атазов
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Бурун Аманова
    Бурун Аманова
    © Фото / пресс-служба партии "Биримдик"
1 / 2
© Sputnik / Эркин Садыков
Шайлообек Атазов

Аларга мандат тапшыруу чечимин БШК өзүнүн кезектеги отурумунда кабыл алган.

Атазов жакында эле депутаттыктан кетип президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган Искендер Гайпкуловдун ордуна келди. Ал — кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, мурда Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Аманова Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кеткен Гүлнара-Клара Саматтын мандатын алды.

Аталган депутаттар 2015-жылкы шайлоодо "Ата Мекен" партиясы менен катышкан.

Бирок Шайлообек Атазов жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" (49-катарда) партиясы менен аттанган. ЕРЕМ спорт клубунун аткаруучу директорлугу кызматын аткарган.

Атазов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоо максатында өткөн 19-февралдагы митингдин модератору болгон.

Бурун Аманова "Биримдик" партиясы (40-катарда) менен катышкан. "Небесные горы" туристтик компаниясынын жетекчиси.

462
Белгилер:
Бурун Аманова, мандат, депутат, Шайлообек Атазов, Кыргызстан
Тема боюнча
Беренелерди билбей кабинетине кире качкан депутаттар. Видео сурамжылоо
Депутаттар Бекешев менен Райымкулов жыйында бири-бирин ашата сөктү
Ош шаарындагы самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты

Ош шаарында 400дөн ашуун самбочу КР чемпионатына катышууда. Сүрөт

0
(жаңыланган 18:45 07.03.2021)
Мелдешке бардык облустун спортчулары келди. Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ош шаарында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, ага 400дөн ашуун спортчу катышууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине вице-мэр Эмиль Шадыханов, Самбо федерациясынын жетекчилиги, машыктыруучулук курам, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

  • Ош шаарында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, ага 400дөн ашуун спортчу катышууда
    Ош шаарында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, ага 400дөн ашуун спортчу катышууда
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады
    Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине вице-мэр Эмиль Шадыханов, Самбо федерациясынын жетекчилиги, машыктыруучулук курам, спортчулар жана күйөрмандар катышты
    Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине вице-мэр Эмиль Шадыханов, Самбо федерациясынын жетекчилиги, машыктыруучулук курам, спортчулар жана күйөрмандар катышты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Чемпионатка өлкөнүн булуң-бурчунан келген жүздөгөн самбочу катышып жатканы белгиленди
    Чемпионатка өлкөнүн булуң-бурчунан келген жүздөгөн самбочу катышып жатканы белгиленди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Жеңүүчүлөр  медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы
    Жеңүүчүлөр  медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • 
Турнирди аталган федерация Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте өткөрүп жатат
    Турнирди аталган федерация Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте өткөрүп жатат
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Ош шаарындагы самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты
    Ош шаарындагы самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 7
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, ага 400дөн ашуун спортчу катышууда

Чемпионатка өлкөнүн булуң-бурчунан келген жүздөгөн самбочу катышып жатканы белгиленди.

Жеңүүчүлөр  медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы.

Турнирди аталган федерация Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте өткөрүп жатат.

0
Белгилер:
сүрөт, спорт, чемпионат, самбо, Ош
Тема боюнча
Торпокту такымга басып чаң ызгыткан эрендер. Аламан улактан кызыктуу сүрөттөр
Абдурахманхаджи Муртазалиев КРдин эмгек сиӊирген спорт чебери наамын алды
Дзюдо боюнча Бишкекте өтчү Азия жана Океания мелдешинин расмий постери чыкты