Президент Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берет

Жазылуу
Жылга жыйынтык чыгарган иш-чара салтка айланып калган. Өлкө башчынын маалымат кызматы ушул тапта ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо жүрүп жатканын кабарлады.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 25-декабрда жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрө турганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет жетекчисинин ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуусу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында саат 11.00дө башталат.

Маалымат кызматы ушу тапта ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0