Прокуратура: киреше тууралуу декларацияны көбүнчө депутаттар тапшырбайт

Жазылуу
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларация тапшыруу жоопкерчилигин мыйзам менен жөнгө салуу сунушталды.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештин төрт миңдей депутаты киреше жана чыгаша тууралуу декларацияларын тапшырган эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү жана көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Гүлнара Акимбаева билдирди.

Ал укук коргоо органдарынын, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы маселеси жөнүндөгү координациялык жыйынында жалпысынан 5106 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларация тапшырбаганын билдирди.

"Төрт миңден ашык адам жергиликтүү кеңештин депутаттары болуп саналат. Алардын декларация тапшыруу жоопкерчилиги мыйзамда жөнгө салынбаган бойдон калууда", — деген Акимбаева.

Ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын үчтөн эки бөлүгү, Чүй облусундагы депутаттардын 75 пайызы декларация тапшырбаганын мисал келтирген.

Акимбаева жергиликтүү кеңештин депутаттарын жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деген оюн кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0