Санкт-Петербургга кеткен Жээнбековду кимдер коштоп жүрөт?

Жазылуу
ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн сырткары КМШ мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусу өтөт.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн сырткары КМШ мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусу өтөт.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0