Өмүрбек Бабанов "Республиканын" лидерлигинен кетип, ордуна башка келди

© Фото / пресс-служба ЖКЭкс-депутат Өмүрбек Бабанов. Архив
Экс-депутат Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоого катышкандан кийин саясий ишмердигин токтото турганын билдирген.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Өмүрбек Бабанов "Республика" партиясынын лидерлигинен кеткенин аталган партиянын съездинде билдирди.

Анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев келди.

Бабанов саясий карьерасын жыйынтыктап жатканын айтты.

Аталган партия 2015-жылдагы парламенттик шайлоого "Ата-Журт" менен биргеликте катышкан.

Ошондой эле партиянын саясий кеңеши 28 кишиден 17 кишиге чейин кыскарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0