Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан

Президент Жээнбековдун жылды жыйынтыктаган маалымат жыйыны. Тексттик трансляция

Жазылуу
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ушуну менен экинчи ирет чоң маалымат жыйынын өткөрүүдө. Ал "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгы боюнча 11 документке кол коюлду
Маалымат жыйынды чагылдырууга 188 журналист каттоодон өткөн. Алардын 160ы жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болсо, 28и чет элдик ЖМКнын журналисттери.

Жээнбековдун эң маанилүү билдирүүлөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Белгилей кетсек, президенттин былтыркы биринчи чоң маалымат жыйыны 19-декабрда өткөн.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
14:12 25.12.2019

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болгон маалымат жыйыны 3 саатка созулду. Тагыраак айтканда, саат 11.00дө башталып, 14.00дө бүттү.

 

14:07 25.12.2019

 Жээнбеков  учурда Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган бир тууганы Асылбек Жээнбеков менен кудасы Алиярбек Абжалиевтин келерки парламенттик шайлоого барар-барбасы тууралуу кабары жок экенин айтты.

"Мен алар менен бул темада сүйлөшө элекмин. Шайлоого катышууга алардын конституциялык укугу бар. Мен эч нерсеге мажбурлай албайм", — деди президент.

 

 

14:04 25.12.2019

Жээнбеков Евразия экономикалык биримдик менен өлкөнү эмне байланыштырып турарын түшүндүрдү.
 "Эгерде биримдикке киргенге чейинки же андан кийинки абалды салыштырсаңыздар, жыйынтыгын байкайсыңар. Биздин экспорт буюрса ЕАЭБ менен Евразияга тоскоолдуксуз кирет", — деди Жээнбеков.
Мындан сырткары ал Россия Кыргызстанга бир топ жардамын көрсөтүп келе жаткандыгын кошумчалады.

13:48 25.12.2019

Толгонай Стамалиева журналисттерден акыркы үч суроо кабыл алына турганын айтып, андан кийин маалымат жыйын соңуна чыгарын билдирди.

13:46 25.12.2019

Жээнбеков Атамбаевдин маселеси баары бир жүрөгүн оорутарын айтты.

“Албетте, буга менин жүрөгүм дагы ооруйт, ойлоном. Мага да оңой эмес. Мен бир ууч кишинин кызыкчылыгын коргобой мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоого өттүм", — деди ал.

Бул туурасында журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты.

 "Өзүңөр көрдүңөр, кандай сөз айтылса дагы көңүл бурган жокмун. Мамлекетти экиге бөлгөнгө чейин барып, бийликти басып алууга чакырыктар болуп жатты. Мен токтоор деп күттүм. Баардыгы экөөбүздүн колубузда эле. Бирок аягында мени дагы, өзүн дагы, мамлекетти дагы туңгуюкка кептеп салды. Эми бардыгы мыйзам чегинде чечилет", — деди ал.

 

13:25 25.12.2019

Саат 13:30да аяктай турган маалымат жыйын 14:00гө чейин узартылды.  

13:04 25.12.2019

Суроо берүүнү каалагандар журналисттердин саны абдан көп болууда. 

13:02 25.12.2019

“Көрүп жатасыңар да күрөш жүргүзүп жатам. Райым Матраимов деле 2017-жылы 23-ноябрда кызматтан кетти, мен 24-ноябрда кызматка келдим да. Мага чейин болду да. Мен туура түшүнүп турам, азыр президент Сооронбай Жээнбеков. Кандай саясий окуя болбосун бардыгы тең мени менен чечилиши керек. Азыр эл мурда болгонбу, кийин болгонбу карабайт. Мен президентмин, демек мен жооп беришим керек. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, мен ошону эске алып туруп Бажы кызматын толук санартиптештирип жатам. Эки жылда кубалап жүрүп баардыгын тең жасап жатам. Россиянын президенти жардам берди. Мурда муну солгундатып, атайын киргизген эмес. Болбосо мага чейин эле 27-28 жыл мурда санариптештирүү жасалбайт беле. Мурда кандай болсо, ошондой бойдон калган. Эмне үчүн дегенде ошол бажыны көзөмөлдөй турган жетекчилер, президенттер схеманын үстүндө өздөрү чогуу отурган. Азыр менде бажы тармагындабы башка тармактады кошелек, капчык деген жок. Анын жок болушуна кызыкдармын. Ошондуктан санариптештирип жатабыз. Санариптештирүүнү каалайбы, каалабайбы күч менен болсо да киргизебиз”, - деди Жээнбеков.

 

 

12:49 25.12.2019

“Оор суроо болуп калды. Ушул маселе коомду экиге бөлүп, туура эмес окуя болуп калды. Аял биринчи кезекте эне, кыз, карындаш, эже, өмүрлүк жарыбыз. Бизде ата-бабаларыбыз аял затына аяр мамиле кылып келген. Тарыхтагы сүрөттөрдүн баарын карасаңар, энелерибиз ак элечекчен болгон, өзүбүздүн каада-калтыбызды сактаган. Музейде аялдарды жылаңачтап коомчулукка чыгаруу аялдарды кемсинтүү да. Кээ бир саясатчылар чыгып алып кыргыздын илгерки салтында төө чечмей болгон деп жатат. Ачык айтканда бул деген мазактоо да”.- деди Жээнбеков.

12:35 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков КСДП мамлекеттин тагдыры кыйын учурга кептелген мезгилде эң алдыда жүргөн партия болгонун билдирди.

“Ал мамлекет эң оор мезгилде алдыда болуп келген. Азыркы абалын көрүп, мурунку партиялаштырмды көрүп жүрөгүм ооруйт. Жашырганда эмне, мага “эмне кылабыз” деп келип жатышат. Мен “өзүңөр чечкиле, мага ишенбегиле, мурдагыдай каражат бере албайм, буга иште деп айта албайм” деп жатам”, - деди ал.

Жээнбеков шайлоону калыс өткөүүгө кепилдик берерин, ошентсе да шайлоонун жыйынтыгы кандай болорун шайлоо көрсөтө турганын айтты

12:23 25.12.2019

“Шайлоо калыс, бардыгына бирдей болот. Шайлоону кыргыз эли чечет. Кимге добуш берсе ошол партия бийликке келет. Кийинки жыл - саясатташкан жыл болот. Депутат болом дегендердин бардыгы аракет кылат. Элдин добушун алганга аракет кылышат. Азыр эле ошондой кыймылдарды байкап турам. Шайлоону мыйзамдын чегинде калыс өткөргөнө толук аракетимди жумшайм. Мурдагыдай болбойт, жол бербейм”.- деди Жээнбеков. 

12:13 25.12.2019

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева маалымат жыйыны регламент боюнча саат 13:30га чейин болорун билдирип, журналисттердин суроону бирден беришин айтты.

12:05 25.12.2019

“Актангандык эмес. Коррупция менен күрөштүн кыйын экенин билчүмүн, бирок канчалык кыйын экенин мен өзүмдүн жон терим менен сезип жатам. Мага деле коррупция менен күрөшүү оңой эмес. Күрөшө турчу команда керек, балдар керек, мамлекеттик таза орган керек. Ошол жерде иштей турган кызматкерлер керек”, - деди Жээнбеков.

11:59 25.12.2019

Журналисттерден президенттин маалыматты кайдан алары жана кайсы ЖМКларды окуй турганы боюнча суроо берилди.

“Бардык эле маалыматтарды көрөм, окуйм. Мамлекетте болуп жаткан терс көрүнүштөр боюнча аппарат иштейт, алар убагында жеткирип турат. Ачык айтканда, баарын караганга убактым болбойт. Анткен менен окуганга аракет кылам. Бирин айтсам, башкалар капа болот”, - деди ал.

11:51 25.12.2019

Бишкектин четиндеги бардык конуштарды газга өткөрүү керек. Газдаштырганда гана бул маселе (кара түтүн) да чечилип баштайт. Газпром 320 чакырымга газ куурун өткөрүп, 16 миң үйгө газ кирди. Быйыл 6 миң үйгө газ киргизүү пландалып жатат.

Бишкек шаары боюнча жети паркты калыбына келтирүү иштери мерчемделген.

 

11:45 25.12.2019

"Бабанов чоң саясатта, чоң бизнесте жүрдү. Командировкада жүргөндө ал партия лидерлигинен кетип жатканын уктум. Ордун партиялашына тапшырыптыр. Өмүрбек Токтогулович президенттик шайлоодо негизги атаандаш болгон. Шайлоодон кийин мамлекеттен чыгып кетти. Өмүрбек Бабановдун таржымалы — чоң бизнес менен саясаттын кызыкчылыгы аралышып кеткенинин чоң үлгүсү. Кылмыш козголгон экен, экономикалык кылмыштары бар экен", — деди ал.

Ал ошондой эле мындан аркы иштер кандай болорун убакыт көрсөтөрүн айтты.

11:35 25.12.2019

Журналисттерге бирден суроо берүү сунушталды. Сооронбай Жээнбеков ЖМК өкүлдөрүнүн берген суроолорун жазып алууда.

11:32 25.12.2019

"Коррупция менен күрөшүү токтобойт. Уланат. Топтогон тажрыйбаларды анализдеп, жаңы жагдайларды эске алабыз. Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясы 2012-жылы кабыл алынган. Андан бери 7,5 жыл өттү. Азыр заман өзгөрүп улам жаңы чакырыктар менен схемалар пайда болуп жатат", - деди.

11:14 25.12.2019

“Таза суу” программасын ишке ашыруу үчүн Кытайдан 100 миллион доллар грант алуу караштырылып жатканын айтты. Бул багытта иштерди алдыга жылдыруу үчүн “Евразия өнүктүрүү” фонду менен 200 миллион долларга меморандумга кол коюлганын эстетти. 

11:08 25.12.2019

 Жээнбеков акыркы эки жылда эмне иш калганын айтууда. 
"Стабилдүүлүктү сактоо, коомдогу биримдикти бекемдөө, Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн сырткы саясатты жүргүзүү, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөшүү, сот-укуктук реформаны жүргүзүү боюнча акыркы эки жылда ушул пландарды ишке ашыруу менен алек болдум", - деди президент.

11:04 25.12.2019

Президент журналисттерге колдоосу үчүн ыраазылык билдирип, 20 мүнөт сүйлөөрүн, анда бериле турган суроолордун бир катарына жооп табыларын айтты.

11:01 25.12.2019

Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны башталды.

10:58 25.12.2019

Маалымат жыйындын башталышына саналуу мүнөттөр калды. Журналисттер орун алып отурушту. 

10:50 25.12.2019

Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчыга суроо берүү үчүн тизме түзүлбөй турганын, президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева кол көтөргөн журналисттерге сөз бере турганын түшүндүрүп берди.

 

10:45 25.12.2019

Президент Сооронбай Жээнбековдун чоң маалымат жыйыны саат 11:00дө  "Ала-Арча" резиденциясында башталат. Аны чагылдырууга жалпысынан жергиликтүү жана чет элдик 188 журналист каттоодон өткөн.

Большая пресс-конференция Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0