Жээнбеков: Бабанов бизнес менен саясаттын кызыкчылыгы аралашып кеткенинин чоң үлгүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековЛидер парламентской фракции "Республика — Ата-Журт" Омурбек Бабанов
Лидер парламентской фракции Республика — Ата-Журт Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күн мурда "Республика" партиясынын курултайында Өмүрбек Бабанов партия лидерлигин Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берген.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Саясатчы Өмүрбек Бабановдун таржымалы бизнес менен саясаттын кызыкчылыгынын аралашып кеткенинин чоң үлгүсү. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

"Бабанов чоң саясатта, чоң бизнесте жүрдү. Командировкада жүргөндө ал партия лидерлигинен кетип жатканын уктум. Ордун партиялашы Мирлан Жээнчороевге тапшырыптыр. Өмүрбек Токтогулович президенттик шайлоодо негизги атаандаш болгон. Шайлоодон кийин мамлекеттен чыгып кетти. Бабановдун таржымалы чоң бизнес менен саясаттын кызыкчылыгы аралашып кеткенинин чоң үлгүсү", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал Бабановго өзүнүн ак экенин далилдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн кошумчалады.

"Ага кылмыш иши козголгон экен, экономикалык кылмыштар боюнча сурак берип жатыптыр. Эми ага өзүнүн тазалыгын далилдегенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү", — деди президент.

Мындан тышкары, мындан аркы иштер кандай болорун убакыт көрсөтөрүн айтты.

Жакында эле Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясынын съездинде саясий ишмердигин толугу менен токтотконун билдирген. Анда партиянын лидери болуп депутат Мирлан Жээнчороев шайланган.

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов "Республиканын" лидерлигинен кетип, ордуна башка келди
Эске салсак, Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кийин ал чечиминен кайра баш тарткан. Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары тосуп алган. Ал эми УКМК аны үч ирет күбө катары суракка чакырган. Саясатчы журналисттерге тергөөчүлөр Он-Адырдан башка иштер боюнча дагы суракка алганын билдирген. Бирок ал эмне болгон иштер экени ачыкталган эмес.

Бабанов Финполго дагы бир нече ирет сурак берип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0