Эски президент Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт

Президент Жээнбеков: Атамбаевдин тагдырына жүрөгүм ооруйт

691
(жаңыланган 13:47 25.12.2019)
Жээнбеков мамлекет үчүн оор учурда бирге болгон адамга жүрөгү ооруп жатканын айтты. Бирок бардыгы мыйзам чегинде чечилиши керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президент Соооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы абалына кайдыгер эмес экенин моюндады.

Өлкө башчынын айтымында, мамлекет үчүн оор болгон учурда бирге болгон адамдын мындай абалга кептелгени оңой маселе болгон жок.

"Мага мамлекеттин, элдин бүтүндүгү өз абийиримден, тагдырымдан дагы бийик турат. Өзүңөр көрдүңөр, кандай сөз айтылса дагы көңүл бурган жокмун. Мамлекетти экиге бөлгөнгө чейин барып, бийликти басып алууга чакырыктар болуп жатты. Мен токтоор деп күттүм. Бардыгы экөөбүздүн колубузда эле. Бирок аягында мени дагы, өзүн дагы, мамлекетти дагы туңгуюкка кептеп салды. Эми бардыгы мыйзам чегинде чечилет", — деди президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйыны учурунда
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ага карабай, Атамбаевдин маселеси баары бир жүрөгүн оорутарын кошумчалады.

“Албетте, буга менин жүрөгүм ооруйт, ойлоном. Мага да оңой эмес. Мен бир ууч кишинин кызыкчылыгын коргобой мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоого өттүм", — деди ал.

Президент сөзүнүн аягында келечекте ар бир иши үчүн элдин, мыйзамдын алдында жооп берүүгө туура келгендиктен, бардыгын мыйзам чегинде кыларын билдирди.

691
Белгилер:
пикир, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Жээнбеков эмне үчүн Матраимов жөнүндө факты сураганын түшүндүрдү
Жээнбеков: коррупция менен күрөшүү мынчалык оор экенин президент болгондо билдим
Жээнбеков: Бабанов бизнес менен саясаттын кызыкчылыгы аралашып кеткенинин чоң үлгүсү
Бирин айтсам, бири таарынат. Жээнбеков маалыматты кайдан аларын айтты
Карл Винсон авианосец баштаган АКШ флоту. Архивдик сүрөт

"Райондор ачыкталды": АКШнын аскердик флоту куралын кайда мээлеп турат?

93
(жаңыланган 10:00 19.01.2021)
"Ооздуктоо жана жеңүү" — АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн штаб жетекчиси адмирал Майкл Гилдей жакынкы он жылдыкка карата "Навигациялык план" менен тааныштырды.

Глобалдык көзөмөлдүн максаты — америкалыктардын мекенинде жай жана ток жашоосу. Бирок документтин текстинде бөлөк өлкөлөргө каршы ачык агрессия так байкалат. Вашингтондук адмиралдардын көздөгөнү эмне? Жаңы жарыяланган документти Николай Протопопов талдап чыккан. 

Дүйнөлүк атаандаштар

Жаңы пландын авторлору баса белгилегендей, америкалык флот АКШ жарандарынын коопсуздугу жана турмушуна коркунуч туудурган узак мөөнөттүү атаандаштыкка тартылды. Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы бир мүнөттү да текке кетирбөөгө тийиш: жаңы аяк баскан он жылдыкта гана тургай, XXI кылым бою күчтөрдүн тең салмактуулугун сактоо үчүн кызуу аракетте болуу абзел. Глобалдык тынчтыктын (тынч абалдын) негизги атаандаштары жана ага "бүлүк салгандар" — Россия жана Кытай.

Америкалык адмиралдардын пикиринде, бул мамлекеттер узак убакыт бою бүт дүйнөгө пайда алып келип турган деңиздеги эркиндикке бүлгүн салууда. Москва жана Пекин территориалдык суулардын чегинен тыш баалуу деңиз ресурстарына чыгууну "адилетсиз көзөмөлдөөгө" тырышып, "өз талаптарын күч менен таңуулап коңшуларды чочулатууда", "эң маанилүү суу жолдорун ыраакка атылуучу ракеталар менен мээлеп турат".

Россия заманбап ракеталык кемелерди, суу түбүндөгү кайыктарды, гипер үндүү ракеталарды, тактикалык өзөктүк куралдарды иштеп чыгып жатканын америкалыктардын дегеле кыртышы сүйбөйт.

Пентагондогулар россиялык флот бүт дүйнө боюнча активдүүлүгүн күчөтүп, Кошмо Штаттардын жээктерине улам жакындай күчтөрүн жайгаштырып жатканын белгилешет. Ошондуктан "Россияны ынанымдуу көзөмөлдөө зарыл" имиш.

Өтө тездик менен өнүгүп келе жаткан кытайлык флот да тынчсыздануу жаратат. Америкалык талдоочулардын пикиринде, бул – дагы дүйнөдөгү ири флот. Пекин Вашингтонго жана анын союздаштарына чакырык таштап жаткандай, ошондой эле эң курч жана узак мөөнөттүү коркунучка айланууда. Ошол эле учурда АКШ — деңиз державасы экени жана анын өркүндөшү, коопсуздугу деңиздеги артыкчылыгын сактоо жөндөмүнө жараша болору белгиленет. Ал үчүн өз аскердик-деңиз күчүн (АДК) "Дүйнөлүк океандын булуң-бурчуна" жайылтууга тийиш.

Америкалыктар эл аралык укук жол берген бардык жерде сүзүүнү, учууну, ошондой эле дүйнөнүн ар кыл аймактарында "атаандаштарынын деңиз жаатындагы амбициясын" ооздуктоо жана алардын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн зыянсыздандыруу үчүн күчтөрүн жайгаштырууну уланта бермекчи.

Флотту чыңдоо

Баллистикалык ракеталуу суу түбүндөгү атомдук кайыктар "АКШны өзөктүк кол салуудан коргоодо". Ал эми атайын операциялардын күчтөрү "эң күчтүү душмандын да шаштысын кетирүүгө даяр". Адмиралдар АДК жердеги күчтөргө колдоо көрсөтүү үчүн каалаган жээгине десантты жеткире алат.

Аскердик-деңиз күчтөрү агрессияны ооздуктоо үчүн тийиштүү бардык, анын ичинде "адаттан тыш" каражаттарга да ээлик кылат. Атап айтканда, мында кеп маалыматтык, кибернетикалык технологиялар жана деңизден, суу түбүнөн жана абадан чабуул жасоого мүмкүндүк берчү куралдар жөнүндө болууда.

Жакынкы жылдары деңиздеги заманбап тиреште маанилүү ролду АКШ жасалма интеллектке табыштайт. Мындай системалар согушта майнаптуулугун жана артыкчылыгын айгинелей алышты. Ошондуктан флот массалык пайдалануу менен заманбапташтырылмакчы.

Учкучсуз деңиз платформалары да "өтө маанилүү". Алар чалгындоодо, байкоо салууда флоттун чабуул коюучу мүмкүнчүлүктөрүн арттырат. Аскердик-деңиз күчтөрүнүн ички курамы он жылдыктын соңунда роботтоштурулган аппараттар менен тыгыз байланышта ишенимдүү жана шайкештикте иш алып барууга тийиш.

АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы коюлган пландарынын баарын жүзөгө ашыруу үчүн флот чыңдап жана кеңейтүү керек. Жогорку чабуул коюучу мүмкүнчүлүктөрү бар суу түбүндөгү атомдук кайыктар жана суудагы кемелер көбүрөөк талап кылынат. Анан да жаңы кемелер "Созвездие" классындагы келечектүү фрегаттар сымал чакан болуусу абзел.

Пентагон авиаташуучуларды да эсептен чыгарбайт. Мурдагыдай эле ал – Аскердик-деңиз күчтөрүнүн сыймыгы, күчтү көрсөтүүнүн негизги инструменти. Флоттун суу түбүндөгү күчтөрүнүн да өзгөчө мааниси белгиленет. Мында "Колумбия" классындагы атомдук стратегиялык субмариналарга, ошондой эле көп буталуу "Виржиния" суу түбүндөгү кайыктарга артыкчылык берилет.

Санарип жана лазерлер

Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы бир техника менен гана чектеле албайт. Ички курамды да кылдат окутуп, анын ичинде душмандын жүрүм-турумунун чоо-жайын жакшы түшүнүүнү үйрөтүү зарыл.

Адмиралдардын айтымында, "моряктар тек гана байкоо салып жана коркунучтарга ыкчам чара көрүп гана тим болбостон, каршылаш тараптардын аракеттерин ички туюм менен аныктай алууга тийиш. Буга тигил же бул өлкөнүн жарандарынын менталитетинин өзгөчөлүктөрүн терең билиши көмөкчү болот".

"Алдыдагы болжолдуу жаңжалдардын" сценарийлерине дүйнө жүзү боюнча – Ыраакы Түндүктөн Тынч океандын батыш бөлүгүндө дейре аймактарда машыгышат. Маселен, быйыл АКШ АДК десанттык операциялар менен бир нече авиаташуучу топтун ири масштабдуу машыгууларын өткөрмөкчү. Ага алгач ирет чалгындоочу жаңы куралдарды жана маалыматтык ресурстарды колдонуучу чакан тактикалык кибер-топтор катышат. Адмирал Гилдей бул машыгуулар "соңку тарыхта болуп көрбөгөндөй" масштабда өтөрүн жар салган.

Маалыматтык жана санарип технологиялар АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн чордонунда. Аларсыз эми согуштук аракеттер мүмкүн эмес. Санарип баарын чечет, деңиз жана кургактагы согушту ыкчам жана майнаптуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Аскердик-деңиз күчтөрүндөгүлөр боолгологондой, "АКШнын душмандары флоттун коргонуусун ири сандагы ракеталар менен алсыратууну болжошот". Ошондуктан Пентагон суу түбүндөгү кайык жана деңиз учкучсуздарын табуучу көптөгөн стационардык жана мобилдик системаларды ишке аралаштырат, учак жана кемелердин коргонуусун күчөтөт. Ошону менен бирге эле жакынкы согушта кадимки куралдар менен катар эле энергетикалык куралды да пайдаланууну пландайт.

93
Белгилер:
армия, Аскерлер, курал-жарак, документ, Кытай, Россия, АКШ
Тема боюнча
АКШ F-35тин сериялык өндүрүшүн дагы жылдырды. Буга эмне себеп?
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Сергей Лавровдун маалымат жыйыны өттү. Козголгон маселелер

167
(жаңыланган 20:35 18.01.2021)
Тышкы иштер министринин жыл сайын уюштурчу маалымат жыйыны бул сапар үч саатка созулду. Урунттуу учурларын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жыл сайын болуп турчу чоң маалымат жыйыны болуп өттү.

Журналисттер менен жолугушуу пандемияга байланыштуу онлайн-форматта өттү. Лавров бардык өлкөлөрдүн журналисттеринин суроолоруна үч саат бою жооп берди. Анын урунттуу учурларын тезис түрүндө сунуштайбыз.

  • Россиянын ТИМи бийлик басым жасап жаткан Латвиядагы Sputnik жана Baltnews агенттиктеринин журналисттерине колдоо көрсөтүүдө. Министрлик эл аралык уюмдардан чара көрүүнү талап кыла бермекчи. Ошондой эле юристтер менен Мекендештердин укугун коргоо фонду ишке киришет;
  • АКШнын тышкы саясатынын маани-маңызы жаңы администрациянын келиши менен өзгөрүп кетпейт. Мындан ары дагы "америкалык жашоо түшүнүгүн" таңуулоо улана бермекчи. АКШ Россия — Кытай мамилесин суутууга аракет жасайт;
  • АКШ бийлиги интернетти көзөмөлгө алууну ойлонууда. Ошондуктан америкалык коомчулук тармактын эркиндигин талашышы керек. Дональд Трамптын соцтармактан четтеп калышына комментарий берген Лавров АКШ Адам укуктары жөнүндөгү конвенцияга кол койгонун эскертти. Ага ылайык, ар бир адам жашаган жерине карабастан маалыматка ээ боло алат. Ошондуктан Facebook, Twitter же YouTube тармактарынын милдеттенмеси жок деп айтууга болбойт. Милдет мамлекеттин мойнунда, ал бул укукту бардык жарандарга камсыздашы керек;
  • АКШ пандемияны басым жасоого, шантаж кылууга, ультиматум коюуга колдонду. Ошондой эле башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишүү үчүн бир тараптуу чектөөлөрдү коюп жатты. Мисалга Беларусту алсак болот. Батыш БУУнун пандемия учурунда медикаменттерди жеткирүүдө коюлган санкцияларды токтотуп туруу чакырыгын тоготпой койду;
  • Тоолуу Карабахтын статусу Азербайжан, Армения жана Россиянын үч тараптуу келишиминде көрсөтүлгөн эмес. Тоолуу Карабахты курамына киргизип алуу Россиянын оюнда дагы жок.
167
Белгилер:
басым, интернет, Россия, АКШ, Сергей Лавров
Тема боюнча
Тоолуу Карабах: Путин, Алиев жана Пашиняндын сүйлөшүүсү дээрлик 4 саатка созулду
Лавров РФ башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүүдө деген кинеге жооп берди
Сойку кардары менен. Архив

Түркияда кыргызстандык аялдарды интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлагандар кармалды

0
(жаңыланган 13:30 19.01.2021)
Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирлерди табышкан.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.

Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.

Аларды кармоо үчүн атайын операция бир эле учурда шаардын ар кайсы райондорунда жүргүзүлгөн. Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирлерди табышкан. Жалпы жонунан сегиз чет элдик аял куткарылган. Аларды интим кызматын көрсөтүүгө мажбурлап күч колдонулганы белгиленди.

Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.

0
Белгилер:
кылмыш, кызмат, интим, Түркия
Тема боюнча
АКШнын эң кымбат сойкусу ишсиз калганын айтып бийликти сотко берди