Иниси менен кудасы парламенттик шайлоого катышабы? Президенттин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйын учрунда
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйын учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асылбек Жээнбеков VI чакырылышта парламент төрагасы болуп жүрүп, агасы премьер-министрликке келгенде, тагыраагы, 2016-жылдын апрель айында милдетин тапшырган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президент Жээнбеков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, учурда Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган бир тууганы менен кудасы келерки парламенттик шайлоого барар-барбасы тууралуу кабары жок экенин айтты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Асылбек Жээнбеков президенттин бир тууган иниси болсо, Алиярбек Абжалиев - кудасы.

"Мен алар менен бул темада сүйлөшө элекмин. Шайлоого катышууга алардын конституциялык укугу бар. Мен эч нерсеге мажбурлай албайм", — деди президент.

Белгилей кетсек, Асылбек Жээнбеков мурда парламент төрагасы болуп жүрүп, агасы премьер-министрликке келгенде, тагыраагы, 2016-жылдын апрель айында милдетин тапшырган.

Ал эми парламенттик шайлоого бир жылдан азыраак убакыт калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0