Алмазбек Баатырбеков: шайланбай калса инфаркт болгондор бар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков
Кыргызстан фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
VI чакырылыштагы парламенттин келгенине төрт жылдын жүзү болду. Бул аралыкта үгүт учурунда айтылган убадалардын канчасы аткарылды деген суроо жаралат. Sputnik Кыргызстан агенттиги "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбековду конокко чакырды.

2015-жылы 18 мандат алып келген "Кыргызстан" фракциясы көбүнесе ишкерлерден түзүлгөн. Жаңы түзүлгөнүнө карабай көп такшалган партияларды артка калтырган "Кыргызстан" ушул жылдын 22-октябрында VI съездин өткөрүп, 2020-жылкы шайлоого барарын ачык жарыялады.

— 2015-жылкы партиянын программасы "Жети кадам" деп аталып, жети социалдык тармакты өзүнө камтыды эле. Төрт жыл аралыгында кандай иштерди аткара аллдыңыздар?

— Биз шайлоонун алдында команда түптөп 5-6 ай калганда партиябыз куралып бүткөн. Программаны, шайлоочуларга берилген убадаларды ошол кездеги саясий технологдор, мүчөлөрүбүздүн сунушу менен түзүп, чоң амбиция менен аттанганбыз. Кыска убакытта түзүлгөнгө айрым талапкерлер сөз жүзүндө эле убада берип, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөргөн. Тагыраагы, программага киргизгенге жетишпей, бирок айтылып кеткен да убадалар болгон.

Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев - Sputnik Кыргызстан
Төрөбаев: "Өнүгүү — Прогресс" Кыргызстандагы алдыңкы үч партиянын катарында
"Жети кадам" деген программабыз "Дени сак Кыргызстан", "Билимдүү Кыргызстан", "Укуктук Кыргызстан", "Прогрессивдүү Кыргызстан", "Ыймандуу Кыргызстан", "Ынтымактуу Кыргызстан" жана "Суверендүү Кыргызстан" деп бөлүнгөн. Максатыбыз — ушул жети тармакты өнүктүрүүгө күч жумшоо эле. Мунун баары коомго керектүү нерселер. Мисалы: "Билимдүү Кыргызстан" багытында окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдырууну сунуштаганбыз. Ал боюнча кеңири коомдук талкууларды уюштуруп, сурамжылоолорду жүргүздүк. Албетте, каршы болгондор болду, бирок колдогондор көпчүлүктү түздү. Билим берүү министрлиги окуу программаларды тууралап алыш үчүн жылдырып турууну суранды. Бул нерсе туризмди, экономиканы өстүрүүгө кандайдыр бир эффект берерине көзүм жетүүдө.

— "Башкалар убада берет, биз жасайбыз!" деген ураан менен чыктыңыздар эле. Конкреттүү ишке ашкан иштер тууралуу айта кетсеңиз.

— Ар бир төрөлгөн балага 50 миң сом төлөп берүү боюнча айтканбыз. Мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Учурда бюджеттин абалына жараша айына төрт миң сом берилип жатат. Анткен менен түшүнүк киргизилди. Маселен, Россияда "Материнский капитал" долбоорунун алкагында 250 миң рублге чейин төлөнөт. Ошондуктан биз үчүн келечекте 50 миң сом чек болбошу керек.

Ошондой эле жергиликтүү инвесторлорду колдоо жана аймактарды өнүктүрүү максатында сунуштаган мыйзамыбыз да учурда иштеп жатат. Кыргызстанга көп жардам келет. Гранттык каражат кайсы бир мамлекеттен келсе, алар салыктан бошотулат. Ал эми жергиликтүү инвесторлор жардам кылганда алардан кошумча нарк салыгы алынат. Мындайча айтканда, 2 миллионго ФАП же спорттук аянтча куруп берип жатса, аны курган компания 200 миң сомдой салык төлөйт. Мына ушул нерсени биз жокко чыгардык. Эми мыйзамга ылайык тигил же бул долбоор жергиликтүү бийлик, инвестор жана аткаруучу компаниянын ортосундагы үч тараптуу келишим менен гана ишке ашырылат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБаатырбеков: партиябыз шайлоо алдында куралган. Программаны, шайлоочуларга берилген убадаларды ошол кездеги саясий технологдор, мүчөлөрүбүздүн сунушу менен түзүп, чоң амбиция менен аттанганбыз. Убакыт аз болгондуктан айрым талапкерлер сөз жүзүндө эле убада берип, жолугушууларды өткөргөн. Тагыраагы, программага кирбей, бирок айтылып кеткен да убадалар болгон.
Алмазбек Баатырбеков: шайланбай калса инфаркт болгондор бар - Sputnik Кыргызстан
Баатырбеков: партиябыз шайлоо алдында куралган. Программаны, шайлоочуларга берилген убадаларды ошол кездеги саясий технологдор, мүчөлөрүбүздүн сунушу менен түзүп, чоң амбиция менен аттанганбыз. Убакыт аз болгондуктан айрым талапкерлер сөз жүзүндө эле убада берип, жолугушууларды өткөргөн. Тагыраагы, программага кирбей, бирок айтылып кеткен да убадалар болгон.

— Коррупциялык иш-аракеттерге жазаны күчөтүү боюнча да убадаңар болгон. Бул канчалык деңгээлде ишке ашты деп ойлойсуз?

— Жогоруда командабыз шайлоонун алдында шашылыш түптөлүп, ар ким өз сунушу менен келгендигин белгилеп кеттим. Бул убаданы бизден чыккан депутат Бектен Сыдыгалиев айткан. Ал киши өзүнүн иш тажрыйбасына таянган деп ойлойм. Өзү ушул тармактын адиси, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жетектеп келген. Анын иштей баштаганына аз эле болду. Кудай буюрса, бул нерсени ишке ашырабыз.

— Партия лидери Канат Исаевдин стунденттердин стипендиясын жогорулатуу боюнча айтканы бар. Бирок учурда студенттер 800 сомдун тегерегинде стипендия алышат. Башкача айтканда, акча кошулган жок.

— Өкмөттү толук биз тейлей баштасак, көбөйтө алмакпыз. Башында социалдык блокту алып, жөлөк пулдар боюнча түшүнүктөрдү өзгөрттүк, ушул жаатта реформаларды жасадык. Бүгүн ал тармакты башкалар тейлеп жатат. Келечекте билим берүү тармагын тейлөөнү колго алсак, ушул маселелерди ишке ашырууга аракет кылабыз.

— Канат Кедейкановичтин фермерлерге жардам катары заманбап лабораторияларды куруу менен жумушчу орундарды түзүү тууралуу убадасы бар экен. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз? Канча лаборатория курулду?

Бир Бол партиясынын лидери, ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Алтынбек Сулайманов: эркектерге караганда аялдардын саясий позициясы туруктуу
— Бул негизинен өкмөттүн жумушу. Биз тараптан, башкача айтканда, Жогорку Кеңештен лаборатория курууга каражат тартылып, ратификациядан өткөн. Мен билгенден эки заманбап лаборатория ишке кирүү алдында турат. Айыл чарба багытында жеке ишкерлер менен иштешип жатабыз. Иранга этти экспорттоо боюнча биз көтөрүп чыкканбыз. Андан тышкары, Нарында бал чыгаруу маселеси менен алектенүүдөбүз.

— Ошондой эле Нарынга эт комбинатын куруу тууралуу кеп болду эле...

— Эт комбинаты боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кечээ жакында түрк ишкерлери келип, шарттарын түшүндүрүп бердик. Азырынча жооп берише элек, бирок келечекте ишке ашып калат деген үмүттөбүз.

— Алматы — Чолпон-Ата асма жолун куруу боюнча креативдүү убада айтылды эле. Бирок ошол кездеги жергиликтүү бийлик бул тууралуу маалыматы жок экенин айткан. Кийин бул долбоор Казакстандагы архитектуралык сынактан байгелүү орундарга ээ болгону интернет айдыңында кабарланган. Наркы 100 миллион доллар делинген бул долбоордун ишке ашуу процесси кандай болуп жатат?

— Казакстан Алматы шаары менен Олимпиаданы өткөрүүгө талапкер катары катышкан. Казакстандын жана Кыргызстандын Олимпиада комитеттеринин ортосунда сүйлөшүүлөрдө Казакстан жалгыз болбой Кыргызстан менен бирге катышса, утуп чыгууга мүмкүнчүлүк көп боло тургандыгы айтылган. Бирок бул маселе президенттердин деңгээлинде жүрөт. Ошондуктан кандай сүйлөшүү болгонун билбейбиз, бирок Казакстан өз алдынча заявка берди. Бул чоң долбоорлордун бири. Ошондуктан эки тараптан тең колдоо тапса, инвестор тартып келебиз. Келечекте ишке ашып калса, туризм тармагын өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга өбөлгө боло алат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБаатырбеков: Нарынга эт комбинатын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кечээ жакында түрк ишкерлери келип, шарттарын түшүндүрүп бердик. Азырынча жооп берише элек, бирок келечекте ишке ашып калат деген үмүттөбүз.
Алмазбек Баатырбеков: шайланбай калса инфаркт болгондор бар - Sputnik Кыргызстан
Баатырбеков: Нарынга эт комбинатын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кечээ жакында түрк ишкерлери келип, шарттарын түшүндүрүп бердик. Азырынча жооп берише элек, бирок келечекте ишке ашып калат деген үмүттөбүз.

— Региондордо акысыз юридикалык борборлорду ачууну да убадалаган экенсиздер. Канча борбор ачылды?

— Бул ишке ашкан жок. Себеби аталган долбоорду эл аралык уюмдар каржылык жагынан коштоп берели дешкен. Тилекке каршы, аталган уюм шайлоо бүткөндөн кийин Кыргызстанда иш алып барбай калды. Ошону менен убадабыз убада боюнча калып кетти. Өз алдыбызча ишке ашырууга бюджеттин мүмкүнчүлүгү жетпейт, бирок келечекте сөзсүз жасалышы керек.

— Көмүскө экономиканы ачыктап, пенсияны үч эсе көтөрүү боюнча айтылган эле. Арадан төрт жыл өткөндөн кийин пенсияга беш пайыз гана кошулду. Пенсиянын көтөрүлүшүндө салымыбыз бар деп айта аласызбы? Эгер болсо эмнеге үч эсеге көбөйбөй калды?

— Бул шашылыш берилип калган убадалардан улам болду. Политтехнологдордун амбициялуу пландарды койгула деген сунуштарынын негизинде айрым мүчөлөрүбүз өз сөзүнө отчет бере албастан, ушундай убадаларды айтып жиберишкен окшойт. Бирок бир команда болгондуктан жоопкерчилик баарыбызда. Партия жаш, келечекте ашыкча сүйлөбөй, баарын эске алабыз. Тажрыйбабыз аз болгондуктан айрым мүчөлөрүбүз баары эле убада берип жатат, биз деле айта берели дешкендей.

— Ушундай куру убадалардан улам депутаттардын коомчулуктун алдында аброю түшүп жатат десек болобу?

Лидер фракции Республика — Ата-Журт Жыргалбек Турускулов - Sputnik Кыргызстан
Фракция лидери Турускулов: педофилияга жеңилдик болбошу керек эле, шашып койдук
— Ооба, ушундай нерселер түрткү болуп жатат. Экинчиден, коомго негатив сүйлөгөн депутаттар жагат. Ал эмне кылды дебестен "паланча министрди такалады", "түкүнчөнүн өпкөсүн үздү" деп баа берилип жатат. Ошол эле учурда коомдо карама-каршылыктар да бар. Жаштарды көтөрүү, аларды бийликке тартуу керектиги айтылганы менен, мисалы, 23 жаштагы мугалим сыйлык алса, "бул эмнени кыйратты" деп жатышат. Албетте, коомго мен баа бере албайм. Кыргыздын "акырын бассаң аксак, катуу бассаң таскак" деген макалы учурда актуалдуу болуп турат.

— Насыя алып төлөй албай калгандарга юридикалык, агартуучулук борборлорду түзүү боюнча да айтылган экен.

— Бул убаданы кайсы талапкерибиз бергенин билбейт экенмин. Бирок финансылык сабатуулук боюнча өкмөт, эл аралык уюмдар менен сүйлөшкөндө сунушубузду айттык. Учурда "Насыя алып той өткөрбө!", "Насыяны ысырапкерчилик менен коротпо!" деген программалар иштеп жатат. Бул биздин сунуш менен эле ишке ашып калды дегенден алысмын. Депутаттын баары эл менен жолуккан сайын айтып жатат. Өткөндө Оштогу көчмө жыйында тойго келген адамдардын санын азайтуу боюнча сунуштар айтылды. Бул боюнча биздин катчылык башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөөдө. Эгерде коомчулук муну жакшы кабыл аларына көзүбүз жетсе, сөзсүз мыйзам долбоорун жазып, көтөрүп чыгабыз.

— Алмаз Эргешов мамлекеттик камсыздоодон, ал тургай маянасынан баш тарта турганын билдирген эле. Кесиптешиңиз бүгүнкү күндө маяна алып жатабы?

— Биздин фракция толугу менен кызматтык унаадан, батирден баш тартканбыз. Анткен менен өз чөнтөгүнөн жардамчы жалдап, иштетип жаткандар бар. Себеби бир жардамчы менен жасала турган иштерге жетишүү оор. Алмазбек Эргешов аймактарда эң активдүү иш алып барып жаткан депутаттардын бири. Билишимче, маянасынан ашыкча каражатты ошол региондорго жумшап жатат. Инвесторлорду тартып келип, мектеп, бала бакчалардын курулушуна салымын кошууда.

— Таалайкүл Исакунова шайланып калса, жумушка велосипед менен келе турганын убадалаган. Учурда Жогорку Кеңешке велосипед менен ишке келгендер барбы?

— Бир-эки жолку акциянын алкагында велосипед тээп келгендер болгон чыгар. Бирок дайым велосипед менен келген депутаттар болгон жок. Таалайкүл Исакунова велосипед менен келбесе дагы мамлекеттик камсыздоодон толугу менен баш тарткан.

© Sputnik / Табылды КадырбековБаатырбеков: коомго негатив сүйлөгөн депутаттар жагат. Ал эмне кылды дебестен "паланча министрди такалады", "түкүнчөнүн өпкөсүн үздү" деп баа берилип жатат.
Алмазбек Баатырбеков: шайланбай калса инфаркт болгондор бар - Sputnik Кыргызстан
Баатырбеков: коомго негатив сүйлөгөн депутаттар жагат. Ал эмне кылды дебестен "паланча министрди такалады", "түкүнчөнүн өпкөсүн үздү" деп баа берилип жатат.

— Алгачкылардан болуп съезд өткөрүп, 2020-жылкы шайлоого партиянын барары ачыкталды. Даярдыктар башталдыбы?

— Ооба, келе жаткан парламенттик шайлоого "Кыргызстан" партиясы барат. Учурда өзүбүзчө аттанабыз деген ойдобуз, бирок жашоо ритми абдан тез жүрүп жатат. Шайлоого чукул кандай болуп кетерин билбейм, ошондуктан бул нерсени дагы жокко чыгарбайм, сунуштар, сүйлөшүүлөр болуп жатат. Бирок учурда эч кандай чечим кабыл ала элекпиз.

Анткени алдыда дагы бир жылдай убакыт бар, сүйлөшүүлөр болуп жатат. Багытыбыз, көз карашыбыз туура келип калган саясий топтор менен биригип калышыбыз мүмкүн.

Бул жолкуда жеке талапкерлердин эмес, партиянын бекитилген программасынын алкагында убада беребиз. Анда бул чакырылышта аткарып үлгүрбөй калган иштер кошулат. Жаш партиябыз, бирок жаңы эмеспиз. Ошондуктан туура, ишке ашыра ала турган убадаларды берип, аларды аткарганга аракет кылабыз.

— Шайлоо босогосунун 9 пайыздык чеги боюнча көптөр көйгөй катары айтышууда, сиздерди бул нерсе кооптондурбайбы?

— 9 пайыздык чекти басып өтүү абдан татаал. Аймактарда татыктуу талапкерлер менен чыкпаган партия шайлоодон жакшы жыйынтыкты камсыздашы оор болот. Биз 2015-жылы жаңы партия катары жети пайыздык чек бар кезде тогуз пайыздан ашып, парламенттеги депутаттарынын саны боюнча 3-орунду камсыздаганбыз. Ошондуктан жаңы, жаш партиялар татыктуу талапкерлер жана жакшы программа менен аттанса, жеңип чыга алат.

Бул саясий күчтөрдү бириктирүүгө багытталган мыйзам деп ойлойм. Биз кооптонбойбуз. Себеби татыктуу талапкерлер, жаштарыбыз бар. Мурдагы шайлоодо 1-2-орунду камсыздаган партиялардын абалы бүгүнкү күндө кандай экенин коомчулук деле билет.

— "КСДПнын клону" деген сөздөр айтылып жүрөт. Саясат талдоочулар КСДПнын ички абалына байланыштуу сиздердин партиянын дагы келечеги бүдөмүк экендигин билдиришүүдө...

Депутат ЖК Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
Иса Өмүркулов: эмне байлыгым болсо баары декларацияда көрсөтүлгөн
— Биз чыкандан бери эле эч кандай "клон" эместигибизди айтып келе жатабыз. Атаандаштар бардык инструменттерди колдонушат экен. "Бийликтин партиясы деп койсок, добушу аз болуп калат" деген ойдо айтылган болсо керек. Анткен менен КСДПнын кысымына калып, административдик ресурс кандай колдонула турганынын чекесин биз дагы көрүп калганбыз. Ошого карабастан шайлоодон жетиштүү добушту камсыздап, парламентке келе алдык. Бүгүнкү күндө дагы "КСДПнын клону, алар сыяктуу эле чачырайт" деп маалымат таратып жүргөн күчтөр бар.

Башка партияларда да өз регионунда кадыр-баркы бар саясатчылар көп. Алар бизге, башка партияга кошулуп калышы ыктымал. Жаңы партияга мыкты, татыктуулар топтолуп калса, бизди дагы жеңип чыгышы мүмкүн. Бардык нерсе шайлоочулардын колунда. Ошондуктан шайлоочуларга добушуңарды сатпагыла деп кайрылмакчымын. Добуш сатып алгандар тууралуу угуп калдык, билип калдык. Акчасын алып койсо дагы, добушун жүрөгүнөн салып койсун.

— Келе жаткан шайлоо мурдагыларынан да кымбат болот дешүүдө?

— Шайлоо өзү кымбат. Кедей партиябыз, тигил партияга бизнесмендер чогулуп алды деген сөздөр болбогон кеп. Анткени жарнаманы төлөш керек, үгүтчүлөр жалданып, штабдар ачылат. Ошонун баары каражат. Кедей партия жок. Шайлоого каражаты бар адам аттанат. Мисалы, биз бай партия делингенбиз. Бирок бизден дагы көп каражат короткон партиялар деле болду.

Бүгүнкү күндө айрым депутаттардын деңгээлин көрүп, көптөр мен деле депутат боло алат турбаймбы деп калышты. Чыгышсын, атаандаштык көп болсо, алардын ичинен эң татыктуусун тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биздин элдин айкөлдүгүнөн айланса болот. Ким барса дагы батасын берип, эч кимисинин көңүлүн калтырбайт. Шайланбай калса, инфаркт алып калгандар бар. Бул боюнча журналисттер аныктап чыксаңыздар кызыктуу болот деп ойлойм. Депутаттын мандаты мынча деп айтылып жатпайбы. Чындап эле чоң каражат төлөп, айрымдар "алтын тизмеге" кирип келишүүдө. Ошол эле учурда бир сом коротпой, эл арасындагы аброю менен өткөндөр да жок эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0