БШК Алмамбет Шыкмаматовду депутаттык мандатынан ажыратты

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью наоборот. Депутат ЖК Алмамбет Шыкмаматов и журналист Sputnik Бегимай Бакашева
Интервью наоборот. Депутат ЖК Алмамбет Шыкмаматов и журналист Sputnik Бегимай Бакашева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шыкмаматовдун мындай кадамына партия лидери Өмүрбек Текебаев менен жаралган пикир келишпестик себеп болгон.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп турган Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатынан ажыратылды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шыкмаматов өзү БШКга мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. Натыйжада комиссия мүчөлөрүнүн чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты укугунан ажыратылды.

Шыкмаматовдун мындай кадамына партия лидери Өмүрбек Текебаев менен жаралган пикир келишпестик себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0