Айсулуу Мамашова: шок болдум, өзүмө келе албай жатам

Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын жыйыны бүгүн эки тур менен өттү. Мамашовадан тышкары, фракция лидерлигине Садык Шер-Нияз менен Сайдулла Нышанов талапкер болгон.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп шайланган Айсулуу Мамашова алгачкы сезимдери менен бөлүштү.

Эскерте кетсек, бүгүн "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен жаралган пикир келишпестиктен улам мандатын тапшырып берген.

"Шок болдум. Дагы деле өзүмө келе албай жатам. Мен үчүн бул нерсе күтүүсүз болду. Эки талапкер шайланбай калгандан кийин "Айсулуу сен татыктуусуң" десе тамаша катары кабыл агам. Анан добуш берүүгө келгенде баары колун көтөрсө шок болдум. Чынын айтсам, азыр да өзүмө келе албай жатам", — деген депутат.

Лидерди шайлоо боюнча фракциянын жыйыны бүгүн өтүп, анда лидерликке Садык Шер-Нияз менен Сайдулла Нышанов талапкерлигин койгон. Аларды шайлоо эки тур менен өткөнүнө карабай, экөө бештен добуш алып тең чыгып калган. Мындан улам башка адамдын талапкерлигин кароого өтүп, натыйжада Айсулуу Мамашова "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп шайланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0