КСДПнын лидери Иса Өмүркулов

2020-жылы шайлоого барар-барбасыбыз арсар. Иса Өмүркулов менен маек

1236
(жаңыланган 11:50 30.12.2019)
Фракция лидерлери менен болгон маегибиздин бул жолку коногу — КСДПнын лидери Иса Өмүркулов. Көпчүлүккө белгилүү болгондой, аталган партия Жогорку Кеңешке эң көп мандат алган, 38 депутаты менен башынан бери көпчүлүк коалицияда.

Ошондогу дүбүртү катуу чыккан бийликтин партиясынын азыркы абалы бардыгыбызга маалым. Ал эми 2020-жылга пландары кандай экендигин фракция лидери Иса Өмүркулов айтып берди.

— Өткөн шайлоонун алдында айтылган убадалардын канчасын ишке ашыра алдыңыздар?

— Башка партиялар сыяктуу эле шайлоонун алдында биз дагы өзүбүздүн программабыз менен чыкканбыз. Анда идеологиябызга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө басым жасалган. Тактап айтканда, маяналарды, пенсияны жогорулатуу, элдин жашоосун жакшыртуу ж.б. маселелер камтылган. Программа толугу менен ишке ашуусу үчүн фракция көпчүлүк мандатты камсыздай алганда натыйжа чыгат. Ал эми биз төрт фракциядан коалиция түзүп, иш алып бардык. Албетте, коалицияга кирген башка партиялардын дагы программасы бар. Мындай жагдайда башкаруучу коалициянын ичинде сырттан көрүнбөгөнү менен бир топ талаш-тартыштар болуп турду. Анткен менен партиялардын бардыгынын программасында окшош маселелер камтылган учурлар дагы жок эмес. Ошондуктан алардын ар бири аткарылган иштерди "биз аткардык" деп айтышы мүмкүн. Биздин партия коалицияны жетектеп, биздин өкүлдөр өкмөттү башкарды. Демек маселелердин көпчүлүгүн биз чечтик, ошол эле учурда аткарылбай калган иштер дагы болду. Бул жерден дагы жоопкерчиликти өзүбүзгө алып, аны бирөөгө түртө салуудан же бирөөнү күнөөлөгөндөн алысмын.

— Берилген убадалардын ар бирине токтолсок, КСДП сөз эркиндигин камсыздоону айткан экен. Бул нерсе канчалык деңгээлде ишке ашты деп ойлойсуз?

— Биздин өлкөдө сөз эркиндиги кенен эле болсо керек. Учурда ЖМКларды ачуу, иштетүү эч кандай тоскоолдуксуз эле жүрүүдө. Сөз эркиндигине жакшы эле салым кошо алдык. Анткени ЖМКлардын мүмкүнчүлүктөрүн чектөө, журналисттерди куугунтуктоо, алардын ишине кийлигишүү болгон жок. Бул биздин партиянын эле эмес, жалпы мамлекеттик саясат. Сынга жалпыбыз алынып жатабыз, өзгөчө депутаттар. Кээ бир учурларда таарынычтар, нааразычылыктар болуп жатат, бирок мыйзамдын негизинде куугунтуктоо жокко эсе.

— Кыргызстанды транзиттик өлкөгө айлантуу боюнча убадаңыздар бар эле...

— Учурда ЕАЭБдин алкагында байланыштар жаман эмес. Транспорттук коммуникациялар иштеп жатат. Ишке ашыруу зарыл болгон пландар бар. Алардын эң орчундуусу Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Бул жерде бир топ мамлекеттердин кызыкчылыгы болгондуктан көйгөй жаралууда. Мисалы, Кытай өз макулдугун берип жатканы менен коңшулар тарабынан колдоо болбой калышы ыктымал. Бул абдан кылдат маселе, андыктан президент өзү киришүүдө. Буюрса эки-үч жылдын ичинде ишке ашат. Ал эми авиакаттамдар жаатында учурунда өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү колдоно албай калганбыз. Улуттук авиакомпания түзүлбөй, майда компаниялар эл аралык деңгээлде тейлөө, коопсуздук жагынан аксап, керектүү багыттагы маршруттарды алдырып койгон. Ошондой эле абал республиканын ичинде дагы бар. Ошко каттайт. Ал эми Жалал-Абаддын мүмкүнчүлүгү чектелген. Бирок Тамчыдагы аэропорт толугу менен эл аралык деңгээлде иш алып барып, чоң учактардын конуусуна шарт түзүлдү. Туризмди өнүктүрөбүз десек, ошол жерди эл аралык стандарттарга жооп бере турган абалга жеткиришибиз керек. Ички рейстерден Баткенге учак каттай баштады. Жалал-Абадга күнү-түнү конгондой кылууга жетишип, туризмди өнүктүрүү максатында Каракол, Нарын, Аксыга авиакаттамдарды киргизүүгө муктажбыз. Бул боюнча өкмөт иш алып барууда. Биз көмөктөшүүдөбүз.

Лидер фракции СДПК Иса Омуркулов на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Лидер фракции СДПК Иса Омуркулов

— Жарандык авиациянын учурда абалы абдан эле начар. Өлкөнүн бир дагы учагы жок. Африка өлкөлөрү менен чогуу кара тизмеде жүрөбүз. Жогоруда сиз атап кеткен маселелерди бул багытка жетиштүү көңүл буруу деп баалай алабызбы?

— Сөзсүз түрдө эле өзүбүздүн учактарды эмес, чоң авиакомпанияларды биздин аэропорттор аркылуу учкандай кылышыбыз шарт. Учак мамлекеттики же менчик болуусу маселе жаратпастан, кайсы компания иш орундарын түзүп, салык төлөөдө, кызмат көрсөтүүдөн пайда алып келип жатканын карасак. Мүмкүнчүлүгүбүз учак сатып алууга жетпегендиктен инвесторлорду тартышыбыз керек. "Ачык асман" боюнча мыйзам кабыл алынды, аны колдоп бердик.

— Кара-Балта, Кант, Токмок шаарларын өндүрүштүк калааларга айлантууну убадаладыңыздар эле. Албетте, бул нерсе кыска убакытта ишке ашышы кыйын, ошентсе да төрт жыл аралыгында кандай иштер аткарылды?

— Өндүрүш куруудан мурун анын продукциясын сатуу маселесин чечүү зарыл. Ошондуктан учурда "Кант" кызылча заводу ишке кирип, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү ишканасы, СЭЗ Бишкекте бир катар ишканалар курулууда. Негизинен алганда бул мамлекеттин өндүрүштүк саясаты. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каражаты менен алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер бар. Ошого карабастан партиянын бул программасы кайсы бир деңгээлде аткарылып жатат деп айта алам.

— КСДПнын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алып салууну убада кылган экен. Бул боюнча сиз кандай ойдосуз?

— Негизинен алганда учурда депутаттарда кол тийбестик макамы жок деп айтсак болот. Мыйзамда депутаттар өздөрүнүн сүйлөгөн сөзү үчүн жооп бербейт деп гана жазылган. Калган учурда, мисалы, кылмышка шектелсе, эч кандай тоскоолдук жок жоопко тартылат.

— Асылбек Жээнбеков мамлекеттик бюджетти толтурууну убадалаган экен. Буга эмне дейсиз?

— Бюджет жылдан-жылга көбөйүп жатат. Бул экономиканын өсүшүнөн, салык системасын тартипке салуудан улам келип чыгууда. Учурда айыл чарба тармагы ИДПнын 12 пайызын гана берет. Ошондуктан өлкөдө эң негизгиси өндүрүш болушу шарт. Фракциянын жыйындарында экономикага байланыштуу маселелерди көп карайбыз. Өкмөткө талаптарыбызды дагы ушул багытта коюп, өзүбүз дагы иш алып баруудабыз.

— Абдывахап Нурбаев эки жылда авариялык мектептерди жок кылуу боюнча убада берген. Бирок учурда республика боюнча 200гө чукул мектеп авариялык абалда турат. Депутаттын убадасы эмне себептен ишке ашпай калды?

— 200 мектеп эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 20дай авариялык, коркунуч туудурган билим уялары бар. Балким сиз айткан 200гө эски, мурда курулган мектептер да кирет чыгар, бирок алар сабак окууга жарайт. Абдывахап Нурбаевдин эки жылда баарын бүтүрөбүз дегени үчүн жооп бере албайм. Бирок учурда мектептер курулуп, саны көбөйүүдө. Мурдагы өкмөттөр кайсы депутат маселе көтөрсө, ошол жерге мектептин пайдубалын кура берген. Бул алардын катасы. Эми ошол мектепке деп курулган пайдубалдарды бүткөрүү үчүн 9 миллиард каражат талап кылынат. Мунун баарын бир учурда куруп бүтүү мүмкүн эмес. Алардын ичинен эң муктаждарын аныктоо боюнча иштер акыркы эки жылдан бери жүрүп жатат.

Лидер фракции СДПК Иса Омуркулов на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Лидер фракции СДПК Иса Омуркулов

— ӨКМдин 2019-жылдын 29-сентябрына карата берген маалыматына ылайык, республика боюнча 198 мектеп авариялык абалда турат. Депутат Нурбаевдин бул тармакты ичинен билген депутат катары маалыматы көбүрөөк чыгар?

— Эки жылда авариялык мектептердин баарын курууга бюджеттин мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми жогоруда мен айткан 20 мектеп быйылкы жылдын эсебине кирди. Ал эми Чүйдө 15тен ашык мектеп авариялык деп айтылууда. Бирок ички миграциянын өсүшүнө байланыштуу Чүйдөгү мектептерде окуучулар ашыгы менен окуп жатышат. Мисалы, бир смен окуй турган жерге үч смен, 500 бала окуй турган мектепке 2 миңдей окуучу барып калууда. Өзгөчө мындай көйгөй Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунда жана Бишкек шаарында кеңири кездешет. Мектеп, бала бакча, билим сапаты боюнча маселелер ар дайым фракциянын көзөмөлүндө.

— Аймактарды газ менен камсыздоо боюнча убада берилген. Тагыраагы, Манас районунда эл менен жолугуп жатканда Чыныбай Турсунбеков ушул чакырылыштын алкагында Таласка газ жете турганын билдирген.

— Чыныбай Акуновичтин айтканы туура, газдаштырууну жүргүзүшүбүз керек. Бул экологияга, элибизге дагы оң таасирин тийгизет. Акыркы эки-үч жылда аябай чоң темп менен газдаштыруу иштери жүрүүдө. Бишкектин жаңы конуштары, Чүй, Талас облустары дагы газдаштырылат. "Газпром" бул долбоорду ишке ашырууда. Ошондой эле аталган компания бардык регионго спорт комплекстерди курду.

— Мугалимдердин маянасын көтөрүүгө бардык фракция салым кошконун билдирип жатат. Ал эми сиздердин программада дарыгерлердин маянасы боюнча да айтылган, бирок алардыкы жогорулай элек.

— Мугалимдердин маянасын жогорулатуу боюнча биздин салым орчундуураак десем болот. Себеби өкмөткө маселе коюп, талап кылып турдук. Программа ишке ашты, бирок бул чек болбой, дагы эки-үч эсе жогорулатууга аракет кылуу зарыл. Ал эми медицина тармагында реформа жасалууда, маянасы ички резервдин эсебинен көтөрүлүп жатат. Өткөн аптада Саламаттык сактоо министрлигинин ишин комплекстүү карадык. Анда жарандарга кызмат көрсөтүү, бейтапканалардын абалы, дарылардын баасы күн тартибине коюлду. Дарыгерлердин айлыгын көбөйтүү курч маселе экени талашсыз, көзөмөлүбүздө.

— Аймактардагы маданият үйлөрүн жаңылоо боюнча убада берилген. Учурда маселе ачык бойдон турат. Аталган көйгөй алдыдагы бир жылдагы планга кирдиби?

— Бүгүнкү күндөгү жашоо деңгээлдин талабы менен мүмкүнчүлүк төп келбей жатат. Маданият үйүн оңдоп-түзөп коюу менен чектелбестен, заманбап мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлүшү шарт. Маселен, маданият үйүн оңдоп коюп, анда иш жүрбөй турса болбойт. Ошондуктан функциясын өзгөртүү зарыл. Ошого байланыштуу аймактарды интернет менен камсыздоо иштери колго алынууда. Ал эми мындай имараттарды менчикке берсек да болот. Менчик десе эле эл кооптоно берет. Эл үчүн иштеп, пайда алып келсе болду деген көз карашты кармануу зарыл. Менчикке берилгенде багытын өзгөртпөй, аны тойкана кылып жибербеши керек.

— 2025-жылга чейин республиканы толук таза суу менен камсыздоону убадалаган экенсиздер. Жетишесиздерби?

— Учурда 653 айылга суу жете элек, ал эми 700дөн ашуун айылдын таза суусу реабилитацияланышы шарт. Элибиз дагы бир жолу шайласа, сөзсүз жетишебиз.

— Шайлоо тууралуу кеп болуп калды, КСДП 2020-жылда өтө турган шайлоого аттанабы? Жеке өзүңүз партиянын катарында болосузбу?

— Бул жерде чоң маселе бар, ал биздин партияда эле эмес, республикадагы окуяларга байланыштуу. Тилекке каршы, партиябыз бөлүнүп-жарылып калды. Айрым юридикалык маселелер сот аркылуу чечилген соң бул суроого так жооп беребиз.

Мен дагы ойлоном, убакыт көрсөтөт. Шайлоо чоң саясий иш-чара. Андан дагы бири-бирибизди каралабай, маданияттуулук менен өтүшүбүз керек.

1236
Белгилер:
интервью, шайлоо, убада, КСДП фракциясы, саясый партия, Иса Өмүркулов
Тема боюнча
Фракция лидери Турускулов: педофилияга жеңилдик болбошу керек эле, шашып койдук
Алтынбек Сулайманов: эркектерге караганда аялдардын саясий позициясы туруктуу
Президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Жапаров Москвада Россиянын ири бизнесмендери менен жолукту. Кимдер келди

19
(жаңыланган 17:14 25.02.2021)
Россиялык бизнестин өкүлдөрүнүн суроолоруна президент Жапаров, өлкөнүн министрлери менен мамлекеттик органдарынын жетекчилери жооп берген.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Москва шаарында Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырган. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жапаров иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандагы келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды. Кызматташууну арттыруунун актуалдуу багыттарын белгилеп, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрө түзүү боюнча иш-аракеттердин планына көңүл бурду", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу "суроо-жооп" форматында өткөн.

  • Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Москва шаарында Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырган
    Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Москва шаарында Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Жолугушуу суроо-жооп форматында өткөн
    Жолугушуу "суроо-жооп" форматында өткөн
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Россиялык бизнестин өкүлдөрүнүн суроолоруна президент Жапаров, өлкөнүн министрлери менен мамлекеттик органдарынын жетекчилери жооп берген
    Россиялык бизнестин өкүлдөрүнүн суроолоруна президент Жапаров, өлкөнүн министрлери менен мамлекеттик органдарынын жетекчилери жооп берген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Ошондой эле жолугушууда Россиянын министрликтери менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болду
    Ошондой эле жолугушууда Россиянын министрликтери менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Москва шаарында Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырган

Россиялык бизнестин өкүлдөрүнүн суроолоруна президент Жапаров, өлкөнүн министрлери менен мамлекеттик органдарынын жетекчилери жооп берген.

Ошондой эле жолугушууда Россиянын министрликтери менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болду.Иш-чарага россиялык ири компаниялардын 40ка жакын жетекчиси катышкан. Алар: "Ренова" компаниялар тобу" АКсынын директорлор кеңешинин төрагасы, "Сколково" жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана коммерциализациялоо борборунун Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү, "Сколтехтин" (Сколково илим жана технологиялар институту) Камкорчулар кеңешинин төрагасы Виктор Векселберг, "Россия темир жолу" ААКсынын башкы директорунун орун басары Вячеслав Павловский, "Газпром нефть" ПАКтын тышкы экономикалык иштер боюнча башкы директорунун орун басары Павел Одеров, Россия Федерациясынын Президентинин электр энергетика тармагындагы эл аралык кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү, "Артпол Холдинг" ЖЧКсынын президенти Сергей Шматко, ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин аткаруучу катчысы Станислав Наумов, Санарип экономика боюнча комитеттин төрагасы, "Ростелеком" ПАК президенти Михаил Осеевский. Ошондой эле "ФосАгро" ПАК, "ВымпелКом" ПАК, "Хюндай Мотор СНГ" ЖЧК, "Северсталь" ПАК компанияларынын, Картошка жана жашылча базарынын катышуучулар бирлигинин, ЕАЭБдин фармацевтикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкармалыгынын өкүлдөрү жана мунай, банк, өнөр жай, курулуш, химия, энергетикалык тамак-аш, машина куруу жана текстиль тармактарынын лидерлери катышты.

Эске салсак, кечээтен бери Жапаров Россияда жумушчу иш сапар менен жүрөт. Алгач Россия лидери Владимир Путин менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулап, аны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.

19
Белгилер:
инвестициялар, жолугушуу, бизнесмен, Садыр Жапаров, Россия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Садыр Жапаров Россиянын Мамдумасынын төрагасы менен жолукту
Байланышты өнүктүрөлү. Жапаров Татарстан президенти Минниханов менен жолукту. Сүрөт
Еревандын аянтындагы митинг

Еревандыктар премьер-министр Пашиняндын кетишин талап кылып көчөгө чыгышты

21
(жаңыланган 16:33 25.02.2021)
Пашиняндын рейтинги күзүндө Баку менен Тоолуу Карабах боюнча элдешүүгө кол койгондон кийин кескин түшүп кеткен. Анда Ереван үч райондон баш тартууга аргасыз болгон.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Еревандыктар премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып магистралдарды тосуп жатышат. Бул тууралуу armnews жазды.

Маалыматка караганда, жолдор эл тарабынан жабылгандыктан кыймыл токтоп калган.

Буга чейин Армениянын куралдуу күчтөр боюнча башкы штабы Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, өзүнүн элине каршы күч колдонбоого чакырган. Кийин өкмөт башчысы башкы штабдын жетекчиси Оник Гаспарянды иштен алып, өзүнүн тарапташтарын өкмөт үйүнүн алдына чакырган.

Кийин өкмөт үйүнө парламенттин спикери Арарат Мирзоян, вице-спикер Ален Симонян, депутаттар жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү келишкен.

Пашиняндын рейтинги күзүндө Баку менен Тоолуу Карабах боюнча элдешүүгө кол койгондон кийин кескин түшүп кеткен. Анда Ереван Кельбажар, Лачин жана Агдам райондорунан баш тартууга аргасыз болгон. Ошондон кийин Армениянын борборунда нааразычылык акциялары башталган.

21
Белгилер:
отставка, нааразычылык, Никол Пашинян, Баку, Ереван
Тема боюнча
Карабахтагы Россия-Түркия мониторинг борборунун келечеги кандай? Сереп