Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолукту

Сооронбай Жээнбеков майрам күнү өлкөнүн биринчи адамдары менен жолукту

369
(жаңыланган 15:48 31.12.2019)
Өлкөнүн биринчи адамдары 2019-жылдын жана келерки жылдын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө пикир алышкан.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

  • Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолукту
    Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Торага Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков на встрече с президентом КР Сооронбаем Жээнбековым
    Өлкөнүн биринчи адамдарынын жолугушуусу бүгүн, 31-декабрда, өттү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев на встрече с президентом КР Сооронбаем Жээнбековым
    Анда 2019-жылдын негизги жыйынтыктары жана келерки жылдын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө пикир алышуу болду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Председатель Верховного суда Гульбара Калиева на встрече с президентом КР Сооронбаем Жээнбековым
    Мамлекет башчы бийликтин үч бутагынын жетекчилерин Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыздоого, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган ишмердигине ийгиликтерди каалаган.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолукту

Өлкөнүн биринчи адамдарынын жолугушуусу бүгүн, 31-декабрда, өттү. Анда 2019-жылдын негизги жыйынтыктары жана келерки жылдын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө пикир алышуу болду.

"Өтүп бараткан жыл ар түрдүү, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга бай болду. Биз биргелешип жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу, экономиканы өнүктүрүү боюнча иштерди улантабыз деп ишенем. 2020-жылы үч бийлик бутагынын ишмердиги, ошондой эле Кыргызстандын жарандарына пайда алып келе турчу жаратмандыкка багытталышы керек", — деп белгилеген Жээнбеков.

Мамлекет башчы бийликтин үч бутагынын жетекчилерин Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыздоого, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган ишмердигине ийгиликтерди каалаган.

Ошондой эле ал бийликтин үч бутагынын эриш-аркак иштөөсүнүн натыйжасында өлкөнүн социалдык-экономикалык деңгээлин көтөрүүдө, аймактарды өнүктүрүүдө, санариптик трансформация жана соттук-укуктук реформаны жылдырууда алгылыктуу иштер жасалганын баса белгиледи.

369
Белгилер:
майрам, жолугушуу, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Жаңы жыл алдында аскер кызматкерлери жаңы үйлүү болушту. Сүрөт
Жээнбеков төрт депутатка мамлекеттик сыйлык тапшырды