Захарова АКШ менен Россиянын мамилесине эмне бөгөт болуп жатканын айтты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБрифинг официального представителя МИД России М. Захаровой
Брифинг официального представителя МИД России М. Захаровой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМдин расмий өкүлү АКШнын президенти бизнесмен болгондуктан бардык нерсени сан менен карап, экономикалык көрсөткүчтөргө маани берерин эске алуу керектигин айтты.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. АКШнын бир катар саясатчыларынын электоралдык процесс учурунда "Россия картасын" колдонушу Вашингтон менен Москванын мамилесинин өнүгүшүнө бөгөт коюуда. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.

Архивные фотографии Владимира Путина  - Sputnik Кыргызстан
Бийликтеги 20 жыл. Путиндин уникалдуу сүрөт жана видеолору жарыяланды
ТИМ башчысы Сергей Лавров 10-декабрь күнү АКШга барып мамлекеттик катчы Майк Помпео менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, президент Дональд Трамп менен жолуккан. Тараптар Сирия, Украина, Ливия, Афганистан жана Венесуэланы талкуулашкан. Мындан сырткары, стратегиялык туруктуулук жана Түндүк Кореянын айланасындагы маселелер тууралуу дагы кеп козголгон.

Мария Захарова РИА Новости агенттигине интервью берип жатып, журналисттердин Дональд Трамп менен анын айланасындагылар чынында эле Россия менен мамилени чыңдоого кызыкдарлыгы байкалган-байкалбаганы боюнча суроосуна жооп берген.

"Жолугушуудан кийинки сезимдер менен бөлүшүү менин кызматтык абалыма туура келбейт. Бирок жалпы жонунан айтканда, АКШ Россия менен экономикалык, саясий жана башка тармактарда кызматташуу кандай бонус алып келерин билип турат. Бирок ошол эле учурда колдон чыгарган мүмкүнчүлүктөрдү дагы түшүнүп жатышат", — деди Захарова.

ТИМдин расмий өкүлү АКШнын президенти бизнесмен болгондуктан бардык нерсени сан менен карап, экономикалык көрсөткүчтөргө маани берерин эске алуу керектигин айтты. Захарова белгилегендей, бул жааттан алып караганда америкалык тарап Россия менен мамиленин жакшырбашы кандай жоготууларга алып келгенин түшүнүп турат.

Ал ошондой эле башка чындык дагы бар экенин кошумчалады.

"Бир катар саясий ишмерлер "Россия картасын" өзүнүн саясий кампаниясынын бир бөлүгү катары колдонуп жатышат. Мындай ыкманы колдонуу бир нече жыл мурда башталып, азыр деле уланууда. Бул нерсе эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө бөгөт коюуда", — деди Захарова.

Буга чейин Сергей Лавров Биринчи каналдагы "Большая игра" программасына катышып жатып, тышкы иштер министри АКШга барган кезде сөзсүз өлкөнүн президенти менен жолугаарын билдирип, бул салт Москва менен Вашингтондун ортосунда сакталып калганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0