Жээнбеков өкмөт башчы Абылгазиев менен жолугуп сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-январда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-январда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн биринчи адамдары узаган жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары, 2020-жылдагы ири пландар тууралуу пикир алышкан.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-январда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков во время встречи с премьер-министром КР Мухаммедкалыем Абылгазиевым
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-январда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-январда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев на встрече с президентом КР Сооронбаем Жээнбековым
Алар 2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2020-жылы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду жана стратегиялык артыкчылыктуу багыттар боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу тууралуу пикир алышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Алар 2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2020-жылы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду жана стратегиялык артыкчылыктуу багыттар боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу тууралуу пикир алышкан.
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-январда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту
2/2
Алар 2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2020-жылы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду жана стратегиялык артыкчылыктуу багыттар боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу тууралуу пикир алышкан.

Алар 2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2020-жылы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду жана стратегиялык артыкчылыктуу багыттар боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу тууралуу пикир алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков майрам күнү өлкөнүн биринчи адамдары менен жолукту
Ошондой эле мамлекетти өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Президент бул жылы мамлекет келечек муунду тарбиялоодо үй-бүлөлүк салттарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруларын билдирген.

"2020-жылы аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында облустарды инфраструктуралык жактан өнүктүрүүнү, жер-жерлерде ишкердикти колдоону, өлкөнү санариптештирүүнү улантып, балдарды социалдык жактан коргоону күчөтүү зарыл", — деген Жээнбеков.

Өлкө башчы Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылдары, Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгынын алкагындагы иш-чаралар тууралуу кеп кылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев болсо аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, өкмөттүн 2020-жылга карата пландары жана милдеттери, республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0