Министрлик коррупционерлерден өндүрүлгөн акчанын жалпы эсебин жарыялады

Жазылуу
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражатка мектептер куруларын айткан. Былтыр Чүйдөгү, Бишкектеги жана Оштогу мектептерге кошумча корпус куруу үчүн 799,3 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозит эсебине (коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражат — ред.) эки миллиардга чукул сом которулган. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, 1 миллиард 968,7 миллион сом 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 24-декабрына чейинки аралыкта түшкөн. Жаңы жылдан бери акча которуулар боло элек.

Замдиректора ГАФКиС КР Канатбек Арпачиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Арпачиев: 2020-жыл үчүн спорт тармагына бюджеттен 1 млрд. сом бөлүндү
Эң көп каражатты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы которгон. Анын суммасы 959 миллион 388 миң 42 сом 35 тыйын. Экинчи орунда Башкы прокуратура — 628 миллион 307 миң 432 сом 27 тыйын которгон.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 369 милллион 54 миң 77 сом 73 тыйын, Ички иштер министрлиги 11 миллион 983 миң 373 сом 72 тыйын которгон.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка мектептер куруларын айткан. Былтыр өлкө башчынын буйругу менен Чүй облусу, Бишкек менен Ош шаарларындагы 15 мектептин имаратына кошумча корпус куруу үчүн 799,3 миллион сом бөлүнгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0