Баткенде кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү чек ара маселесин талкуулап жатышат

© Фото / Зульфия ТургуноваПереговоры по ситуации на кыргызско-таджикской границе в городе Гулистан
Переговоры по ситуации на кыргызско-таджикской границе в городе Гулистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн чек араларды тактоо боюнча түзүлгөн өкмөттөр аралык комиссиясы да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандын вице-премьери Жеңиш Разаков тажикстандык кесиптеши Азим Иброгим менен Тажикстандын Исфара районуна караштуу Гүлистан шаарында жолугушуп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

© Фото / Зульфия ТургуноваКыргызстандын вице-премьери Жеңиш Разаков тажикстандык кесиптеши Азим Иброгим менен Исфара районунун Гүлистан шаарында жолугушуп жатат
Баткенде кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү чек ара маселесин талкуулап жатышат - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын вице-премьери Жеңиш Разаков тажикстандык кесиптеши Азим Иброгим менен Исфара районунун Гүлистан шаарында жолугушуп жатат

Аны айтымында, тараптар кыргыз-тажик чек арасында катталган акыркы окуяларды талкуулоо менен мындан ары чек арадагы элдин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү макулдашты. Ошондой эле чек араны делимитациялоо ишин илгерилетүү зарылдыгын белгилешти. 

© Фото / Зульфия ТургуноваБаткенде кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү чек ара маселесин талкуулап жатышат
Баткенде кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү чек ара маселесин талкуулап жатышат - Sputnik Кыргызстан
Баткенде кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү чек ара маселесин талкуулап жатышат
"Жыйынга Баткен жана Согду облустарынын башчылары да катышып жатат. Алар чек ара боюнча чыр-чатактарга себеп болгон маселелердин үстүндө биргелешип иштөө, жергиликтүү жашоочулардын арасында ынтымакты бекемдөө менен эки тараптуу кызматташууну жандантуу жаатында сүйлөшүп жатышат", — деди Бердигулова.

Посол Таджикистана в Кыргызстане Сухроб Олимзода - Sputnik Кыргызстан
Эмомали Рахмон Тажикстандын Кыргызстандагы элчисин алмаштырды
Ал ошондой эле эки өлкөнүн чек араларды тактоо боюнча түзүлгөн өкмөттөр аралык комиссиясы да жолугушуу өткөрүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-январына караган түнү чек арага жакын аймактарда тажикстандыктар эки кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып талкаланган. Бир турак жайга да таш ыргытышкан. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиционерлерге тажик тарап ок чыгарганы айтылган.

Кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0