Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашууну пландап жатат. Протокол

Жазылуу
Сүйлөшүүлөр кыргыз-тажик чек арасындагы "Кызыл-Бел" жана "Гүлистон" көзөмөл-өткөрмө жайларында жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду. 

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселелерин талкуулоонун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюшту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кечээ, 14-январда, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим баарлашкан. Эки өлкөнүн делегациясы президенттердин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин жолугушкан.

Сүйлөшүүлөр кыргыз-тажик чек арасындагы "Кызыл-Бел" жана "Гүлистон" көзөмөл-өткөрмө жайларында жүргүзүлгөн. Анда эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда бир катар көйгөйлөр, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар талкууланган.

Чогулуштун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду:

— укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды;

— топографиялык жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы Самаркандек жана Көк-Таш тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, аларды алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 2020-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди;

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү
— тараптар Чоркух — Ак-Сай — Ворух жана Көк-Таш — Ортобоз унаа жолдорунда биргелешкен күзөтүн улантууга, Исфара — Ворух жана Баткен — Исфана унаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотууну макулдашышты;

— чектеш облустардын жергиликтүү бийлик органдарына окуяларга жол бербөө, ошондой эле чектеш райондордун калкынын зарыл маселелерин чечүү максатында түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды;

— социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Согди облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын ар тараптуу кызматташуусу активдештирилет.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды ЖМКларда чагылдыруу боюнча макулдашууларды бекем кармануу тууралуу бир пикирге келишти.

Ошондой эле бүгүн, 15-январда, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган делегация чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдоо үчүн жергиликтүү калк менен жолугат.

Жаңылыктар түрмөгү
0