Мусабекова: Кочкордо окуучулар чычкан сасыган мектепте окуп жатышат

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Жылдыз Мусабекова. Архив
ЖК депутаты Жылдыз Мусабекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү өлкөдөгү той-аштарга беш жылга мораторий киргизип туруп, социалдык көйгөйлөрдү чечүү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Депутат Жылдыз Мусабекова Кочкор районунун Ормон хан айылындагы балдар чычкан сасыган мектепте окуп жатканын парламаменттин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү өлкөдөгү той-аштарга беш жылга мораторий киргизип туруп, социалдык көйгөйлөрдү чечүү керектигин белгиледи.

"Бизге "Үйүндө ууртам айраны жок, уулунун аты Жууратбек" деген сөз куп жарашып турат. Ормон хан айылынын Алайдар Аблес уулу атындагы мектеп 360 окуучуга ылайыкталып, жеңил конструкция менен салынган экен. Дубалы ДВП менен тургузулуп, ортосуна айнек кебез (стекловата) коюлган. Бүгүнкү суукта ДВП көөп, айнек ваталарды чычкан жеп үшүп жатканын айтышат. Күн жылыганда жеңил конструкция болгон үчүн балдардын башы ооруп, ичи чычкан сасып аябай кыйналып жатканын билдиришти", — деди Мусабекова.

Мындан сырткары, депутат Ат-Башы районунун борбордук ооруканасынан чыккан таштандыны ташыган автоунаа иштен чыгып калганын айтып, жаңысын алуу маселеси чечилбей жатканына нааразы болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0