Тажикстан менен жер алмашуу. Коңшу өлкөнүн делегациясы Бишкекке келди

Жазылуу
Документте Кыргызстан Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелер менен алмашуу каралган.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору ишин баштап, коңшу өлкөнүн делегациясы Бишкекке келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 14-январда кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында эки тараптын өкүлдөрү жолугуп, натыйжада протоколго кол коюлган. Анда негизинен Кыргызстан Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелер менен алмашуу каралган.

Жолугушуулардын натыйжасында топографиялык топ түзүлүп, ага жер алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Кыргыз-тажик чек арасы

Президент КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: чек арадагы чыр-чатактын чыгуусуна күнөөлүүлөрдү жазага тартуу керек
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымды түзөт. Азыркы учурда 519 чакырым гана эки тарап менен такталып, макулдашылган, башкача айтканда, 50 пайыздан ашыгы аныкталган. Ал эми 451 чакырым дале талаш бойдон келет.

Такталбаган тилкелер 70 чакты, чек ара аймагындагы өтө көйгөйлүү тилкелер — Алтын-Мазар, Унжу-Булак (Караганды-Сай), Осмон жайлоо жана Алмабараз.

Ошентсе да кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы күзөт бүгүнкү күндө такталган чек ара боюнча жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0