Иштей албасаңар кете бергиле! Жээнбеков жыйында кимге ачууланды

© Sputnik / Табылды КадырбековБольшая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова
Большая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздук кеңешинин катчысы мамлекеттик органдардын ишиндеги кемчиликтерди белгилеп, алар аталган кеңештин чечимдерин начар аткарып жаткандыгын айтты. Угуп отурган президент буга пикирин билдирди.

БИШКЕК, 24-янв. – Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик органдар иш-чараларды аткарып жатканда алардын ишинде формалдуулук байкалып, жасаган иштеринин майнабы болбой жатат. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев айтты.

Жыйынды президент Сооронбай Жээнбеков ачып, Кеңештин аткарылган чечимдери боюнча докладды жасоо үчүн сөздү Сагынбаевге берди.

Ал мамлекеттик органдардын ишинде кетирилген кемчиликтер туурасында билдирүү жасады. Тагыраагы, кеп чечимдердин аткарылышынын мөөнөтү созулуп кеткендиги жөнүндө болду.

"Мамлекеттик органдар иш-чараларды аткарып жатканда алардын ишинде формалдуулук байкалып, жасаган иштеринин майнабы болбой жатат. "Санариптүү Кыргызстан" программасын ишке ашырууга багытталган комиссияны түзүү чаралары ишке ашкан жок. Бул долбоорду кармап жатат. Бардык эле мамлекеттик органдар "Түндүк" электрондук системасы боюнча өз ара иш алып барган жок", — деди Сагынбаев.

Рабочее совещание о мерах по обеспечению пограничной безопасности - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Каралчу маселелер жана курамы
Катчы маалымат алмашып иш алып барбай жаткан мамлекеттик 10 органды атады. Сагынбаевдин айтканына караганда, алар калкка санарип кызматын көрсөтүүдө көргөн чаралар жетишсиз. Ал Жогорку Кеңеш маанилүү делген эки мыйзамды кабыл албай, анын кесепетинен иш-чаранын ишке ашуусу бир жылдан ашык убакытка кармалгандыгын айтты.

Сагынбаев убакыт аз болгондуктан бул жаатта бир нече гана фактыларды келтиргендигин билдирди. Ал кээ бир иш-чаралар убагында аткарылбай же анын турмушка ашырууда өзөгү бурмаланып кеткендигине токтолду.

Президент эмне деди?

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын жетекчилери аткара турган иштерин же толук билбейт, же аны аткарууда саботаж кылып жатат деген пикирин билдирди. Анын айтымына караганда, кээ бир учурларда бюрократия же үстүртөн жасалган мамиле байкалат.

"Мамлекеттик органдар бир катар долбоорлорду иштеп чыгуунун процесстерин, мөөнөтүн бекитүүнү, чечимдерди кабыл алууну создуктуруп жатат. Андан сырткары, чечим кабыл алынгандан кийин иш убактылуу же таптакыр эле токтоп калган учурлар бар", — деди Жээнбеков.

Вручение кыргызстанцам государственных наград Сооронбаем Жээнбековым - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков учурдагы артыкчылыктуу багыттарды санап өттү
Ал Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин ишкерден ири суммадагы акча талап кылууга шектелип кармалгандыгын мисал келтирди. Президент мамлекеттик органдардын жетекчилери анын кызматкери эмне иш кылып жатканын билип, алар үчүн жоопкерчилик алышы керектигин белгилеген.

Жээнбеков аталган инспекциянын жетекчиси кармалган кызматкери менен жетекчисин бир айдан соң гана иштен кетиргенине жини келди. Президент ишин аткара албаган мамлекеттик органдын кызматкерлерине ишти алып бара албаса арызын жазып кете берүүсүн талап кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0