Эмнеге ЖМКларга маалымат бербейсиңер? Жээнбеков Финполго каарын төктү

© Sputnik / Табылды КадырбековБольшая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова
Большая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Финполдун башчысына маалыматты убагында таратпаган кызматкерлердин жоопкерчилигин карап чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков жасаган резонанстуу иштерин коомчулукка жарыялабаганы үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын (Финпол) каарып өттү.

Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекеттик органдардын ишинин чабалдыгы боюнча маселе көтөрүп, кызматкерлер жумушуна көңүл кош мамиле жасап жатканын белгиледи. Анын айтымында, айрым маморгандар өзү маанисин түшүнбөй эле Коопсуздук кеңешине материалдарды жөнөтүп жиберет.

"Бул силердин жумушка кайдыгер мамиле жасаганыңардын далили. Ошол эле резонанстуу иштер боюнча дагы. Эмнеге ИИМ менен УКМК маалымат берет да, Финпол жок? Эмнеге силер ЖМКга маалымат бербейсиңер?" — деди президент.

Жээнбеков Финполдун башчысына маалыматты убагында таратпаган кызматкерлердин жоопкерчилигин карап чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0