Аткаминерди иштен алуу сунушу. Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду

© Фото / пресс-служба правительства КРГлава Государственной инспекции по экологической и технической безопасности при Правительстве КР Джолдошбек Джунушев
Глава Государственной инспекции по экологической и технической безопасности при Правительстве КР Джолдошбек Джунушев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жунушевди кол алдындагыларга көзөмөл кыла албагандыктан иштен алуу сунушталды. Ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине сөгүш берилди.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Жолдошбек Жунушевди кызматтан алууну сунуштады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-январдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда кабыл алган чечимге кол койду.

Очередное заседание Совета безопасности КР  - Sputnik Кыргызстан
"Былтыйып отурасыңар!". Жээнбековдун сынынан кийин прокурор иштен алынды
Маалыматка ылайык, Жунушев кол алдындагылардын ишине ведомстволук көзөмөл кылбагандын себебинен кызматкерлери системалуу кызматтык кылмыштарды жасаган. Ошол себептен иштен кетирүү сунушталды. Мекеменин алты кызматкери пара менен кармалган.

Ошондой эле чечимде башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине сөгүш берүү сунушу бар. Жалпысынан алардын саны — 25.

Эске сала кетсек, 24-январда Коопсуздук кеңешинин отурумунда катчы Дамир Сагынбаев өлкөдөгү мамлекеттик органдардын ишиндеги кемчиликтер тууралуу билдирүү жасаган. Ал Кыргызстанда мамлекеттик органдар иш-чараларды аткарып жатканда алардын ишинде формалдуулук байкалып, жасаган иштеринин майнабы болбой жатканын билдирген.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын ишине нааразычылыгин билдирип, аткаминерлерди сындаган. Иштей албагандарды арыз жазып кете берүүсүн сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0