Парламентте биринчи тыныгуудан кийин 10 чакты эле депутат калды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйын залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгисиз себептерден улам залда отурган депутаттардын катары суюлуп кетти. Бүгүнкү жыйында сегиз маселе каралып жатат. 

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи тыныгуудан кийин кайра ордуна келбей, жыйын кечигүү менен башталды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.

Регламент боюнча эл өкүлдөрү 10 мүнөттүк тыныгууга чыгып, кайра саат 11.18де жыйын уланмак. Бирок депутаттар келбей, иш 12 мүнөткө кечигип башталды. Вице-спикер Мирлан Бакиров каттоодон “62 депутат өттү” деп кворум бар экенин айтты. Бирок карай келгенде залдан 10 чакты эле депутат көрүндү. Себеби белгисиз.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сегиз маселе каралып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0