Мурдагы экономика министри Артем Новиков премьердин кеңешчиси болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр экономики КР Артем Новиков
Министр экономики КР Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Новиков Сапар Исаковдун командасындагы эң жаш министр болчу. Буга чейин ал үч премьер-министрге кеңешчилик кылган.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Мурдагы экономика министри Артем Новиков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Глава Государственной инспекции по экологической и технической безопасности при Правительстве КР Джолдошбек Джунушев  - Sputnik Кыргызстан
Аткаминерди иштен алуу сунушу. Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду
Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы 24-январда кол койгон.

Новиков Сапар Исаков премьер болуп турган кезде экономика министри болгон. 2017-жылы кызматка дайындалган кезинде ал 30 жашта болчу. Парламенттин өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечиминен кийин Сапар Исаковдун командасы отставкага кеткен.

Буга чейин ал үч премьер-министрдин кеңешчиси болгон. 2010-жылдан тарта өкмөттүн аппаратында иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0