Эң жашы 33тө. Президент, өкмөт башчынын кеңешчилери кимдер?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с Мухаммедкалыем Абылгазиевым
Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнө жаңы кеңешчи дайындады. Ал — мурдагы экономика министри Артем Новиков. Новиков жаш курагына карабай, буга чейин да бир катар премьер-министрлерге акыл-насаатын айтып, кеңешчи болуп иштеген.

"Увазир жакшы, хан жакшы" демекчи, мамлекет башкарган президент менен премьер-министрлерге кимдер акыл айтат? Кеңешчилер адатта эл көзүнөн оолак болот, көрүнбөйт, көмүскөдө. Анткен менен өлкөнү башкарууга тымызын таасири бир топ.

Sputnik Кыргызстан агенттиги президент менен премьер-министрге азыркы тапта кандай адамдар акыл айтарына жана алар буга чейин кайсы кызматтарда иштегенине кызыгып көрдү.

Президенттин кеңешчилери

Өлкө башчынын эки кеңешчиси бар. Алар — Муратбек Шайымкулов жана Олег Панкратов.

Муратбек Шайымкулов

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМуратбек Шайымкулов 60 жашта
Эң жашы 33тө. Президент, өкмөт башчынын кеңешчилери кимдер? - Sputnik Кыргызстан
Муратбек Шайымкулов 60 жашта

Муратбек Шайымкулов 60 жашта. Президенттин кеңешчиси болуп 2017-жылдын 27-ноябрында дайындалган. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында төрөлгөн.

Большая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова  - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: коррупция менен күрөшүү мынчалык оор экенин президент болгондо билдим
Шайымкулов Москва мамлекеттик университетин жана АКШнын Вашингтон шаарындагы Экономикалык өнүгүү институтунан прикладдык математика, базар экономикасынын негиздери адистиги боюнча билим алган. Физика-математика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолун Москва мамлекеттик университетинде аспирант болуп баштап, саясатка 2000-жылдары келген. Жогорку Кеңеш, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын кеңешчиси болгон. 2012-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болгон. Ал учурда парламентти Асылбек Жээнбеков башкарчу.

2016-жылы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп иштеп, президенттик шайлоодон кийин өлкө башчынын акыл айтар кишиси болуп калган.

Олег Панкратов

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевОлег Панкратов 51 жашта
Эң жашы 33тө. Президент, өкмөт башчынын кеңешчилери кимдер? - Sputnik Кыргызстан
Олег Панкратов 51 жашта

Олег Панкратов кеңешчилик кызматка 2019-жылдын 16-июлунда келген. Ага чейин ал 2018-жылдан 2019-жылга чейин Экономика министрлигин башкарган. Панкратов 51 жашта. 1992-жылы Педагогикалык институттун физика, информатика жана эсептөө техникасы адистигин аяктаган. Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүнөн да билим алган. Эмгек жолун "Ишкерлер союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы болуп баштап, "БизнесПравоИнфо" ЖЧКсын да жетектеген. 2015-жылдын май айынан ноябрь айына чейин КР экономика министри, вице-премьер болуп иштеген. Ал ЕАЭБ жана Бажы биримдиги боюнча адис.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчилери

Президенттикине салыштырмалуу өкмөт башчынын кеңешчилери көбүрөөк. Тактап айтканда, төртөө. Алар — Азамат Мукашев, Кубат Рахимов, Бакыт Мамбеталиев жана Артем Новиков.

Азамат Мукашев

© Sputnik / Табылды КадырбековАзамат Мукашев 56 жашта
Эң жашы 33тө. Президент, өкмөт башчынын кеңешчилери кимдер? - Sputnik Кыргызстан
Азамат Мукашев 56 жашта

Азамат Мукашев 56 жашта. Премьер-министрдин айыл чарба өндүрүш комплекси жана экология маселелери боюнча кеңешчиси. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун агроном адистигин аяктаган. Андан соң Украинадагы бүткүл дүйнөлүк генетикалык-селекциондук институттун аспирантура бөлүмүн бүтүргөн. Ошондой эле Эл аралык университеттин экономика жана бизнес факультетинде магистратурада билим алган. Аймактарда айыл чарба, экономиканы өнүктүрүү боюнча эксперт, айыл чарба өндүрүш тармагында аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык долбоорлор менен иштеген.

Кубат Рахимов

© Sputnik / Досхан НусупбековКубат Рахимов 50 жашта
Эң жашы 33тө. Президент, өкмөт башчынын кеңешчилери кимдер? - Sputnik Кыргызстан
Кубат Рахимов 50 жашта

Кубат Рахимов 50 жашта. Фрунзе шаарында төрөлгөн. Убагында ал Казакстан, Белоруссия, Украина жана Балтика өлкөлөрүндөгү темир жол өкүлчүлүктөрүн жетектеген. Ошондой эле Казакстандын транспорт жана коммуникация министринин кеңешчиси болуп да иштеген. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын экспорт жана логистика боюнча комитетине төрагалык кылган. Рахимов ошондой эле Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти.

Бакыт Мамбеталиев

Өкмөт башчынын дагы бир кеңешчиси — Бакыт Мамбеталиев. Ал 54 жашта. Мамбеталиев Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн. Москвада Эмгек жана социалдык мамилелер академиясын аяктаган. Чүй облусунун администрациясында бөлүм башчы, өкмөттүн аппаратында камсыздоо бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенген.

Артем Новиков

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөт башчынын кеңешчилеринин кенжеси — Артем Новиков. Ал азыр 33 жашта.
Эң жашы 33тө. Президент, өкмөт башчынын кеңешчилери кимдер? - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчынын кеңешчилеринин кенжеси — Артем Новиков. Ал азыр 33 жашта.

Өкмөт башчынын кеңешчилеринин кенжеси — Артем Новиков. Ал азыр 33 жашта. Балтика мамлекеттик техникалык университетин экономист-менеджер адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолу бухгалтер болуп башталган. Буга чейин бир топ өкмөт башчыларга кеңешчи болгон. Алсак, 2011-2012-жылдары ал кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановго акыл айткан. Бул убакта Новиков 24 гана жашта болчу. 2014-2015-жылдары Жоомарт Оторбаев да Новиковду өзүнө кеңешчи кылып дайындаган.

2015-жылы биринчи вице-премьер Аалы Карашевдин кеңешчиси болгон. 2017-жылы Экономика министрлигин башкарып, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун командасында иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0