Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу учурунда. Архив

Жээнбеков Ухандагы кыргыздарды алып келгени үчүн Токаевге ыраазычылык билдирди

198
(жаңыланган 19:32 03.02.2020)
2-февралда коронавирустун очогу Уханда калган 18 кыргыз студенти Нур-Султан шаары аркылуу мекенине алып келинген.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулап, жакынкы келечекке карай пландарды белгилешкени айтылат. Ошондой эле Жээнбеков Кыргызстандын жарандарын Кытайдын Ухань шаарынан Бишкекке алып келүүгө көмөктөшкөнү үчүн Токаевге ыраазычылык билдирген.

Эске салсак, кыргыз тараптын кайрылуусу боюнча 18 мекендеш Ухань шаарынан Нур-Султанга Казакстан тараптын жардамы менен жеткирилип, андан ары аларды мекенине Бишкек шаарынан барган атайын учак алып келген. Учурда алар Бишкектин четиндеги ооруканалардын биринде карантинде турушат.

Соңку маалымат боюнча, Кытайда коронавирус жуктурган 361 адам каза таап, 15 миңге чукул киши ооруп жатат. Бейтапканадан айыгып чыккандардын саны — 340. Аталган илдет Кытайдан тышкары 25тей мамлекетке жетип, 100дөн ашык адам жуктурган.

198
Белгилер:
Ухань, ыраазычылык, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1857)
Тема боюнча
Өлгөндөрдүн саны өсүп, экономика жабыркады. Коронавирус мизин кайтаргысы жок
Талибан террордук уюмунун мүчөлөрү. Архив

Талибдер бийликке умтулууда. Кабул курчоодобу?

237
(жаңыланган 19:29 11.07.2020)
"Талибандын"* кепке-сөзгө келбегени Афганистандагы аскердик-саясий кырдаалды туңгуюкка кептеп, террордук активдүүлүктүн коңшу Борбор Азия өлкөлөрүнө да "чагылуу" коркунучун жаратууда.

Бул көйгөйдү эл аралык көп тараптуу форматта — ЖККУ жана ШКУ мамлекеттеринин дараметин пайдалануу менен гана чечүүгө болорун белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

Июлдун башында Афганистандын негизги автомагистралында талибдердин кол салуусу көбөйдү. Күч органдарынын да буга каршы туруусунан майнап чыкпай жатат. Террорчулар абдан жакшы уюшуп, мыкты куралданышкан.

Өлкөнүн түндүгүндө өзү заряддалуучу 12,7 ммлик көзгө атар Barrett M82 заманбап америкалык винтовкасы колдонулганы байкалган, ал 1800 метрге чейинки аралыктан атат. Афганистандын борбор шаары иш жүзүндө "Талибандын"* согушкерлеринин бекем курчоосунда. Бул уюм Кошмо Штаттар менен түзгөн тынчтык келишиминдеги милдеттенмелерин аткаргысы да жок.

Россияны дүйнөгө жаман көрсөткүсү келгендер "кой терисин" жамынганбы?..

Бул ай жаңырганда Абдул Рашид Дустум Афгандын тарыхында маршал болгон үчүнчү киши болду (Вали Хан шах жана Мухаммед Касим Фахимден кийинки), бирок жеңишке салым болбоду.

Афган куралдуу күчтөрү 22-июнда 19 жылдан берки согуштук аракеттерде белгилүү мөөнөт аралыгындагы эң чоң жоготуулар жөнүндө жарыялашты: талибдер бир аптада 32 провинцияда 422 кол салуу, 290 аскер жана полиция кызматкерин өлтүрүшкөн. Мындан тышкары, 42 жай тургун, анын ичинде аялдар жана балдар да набыт болгон.

Андан мурун (19-июнда) АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Кеннет Маккензи Кошмо Штаттар талибдер менен түзүлгөн февралдагы келишимдин алкагындагы өз милдеттенмесин аткарып, Афганистандагы куралдуу күчтөрүн 8600 кишиге чейин кыскартканын маалымдаган.

АКШнын "Талибан* менен "туугандашуусунун" аягы эмне болот?

Террорчулардын активдешүүсү америкалык күчтөрдүн өлкө аймагынан чыгарылышы менен байланышы бар экени айкын. Ошону менен бирге эле НАТОнун миссиясынын маселелери да чечиле элек. Улуттук коопсуздуктун афгандык күчтөрүнүн аракети аларды даярдоого америкалыктар тарабынан сарпталган миллиарддаган долларларга карабастан, эч майнапсыз.

2001-жылы "Кыйрагыс эркиндик" операциясы жүргүзүлө баштагандан бери афгандык героин өндүрүүнүн масштабы он эсе кеңейип, дүйнөдө баңгизатты мыйзамсыз айландыруунун 80 пайыздан ашуун көлөмүн камсыз кылат. Талибдер бийликти күч менен басып алууга умтулуп, Аль-Каиданын* согушкерлерин калкалайт. Башкача айтканда, Афганистан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагында террордук уюмдардын күчтөнүп жана өнүгүшүнө жөлөк болот.

Сыйышпас өз ара аракеттер

Пентагон талибдердин жоруктары дале Афганистандагы туруктуулукка жол ачпаган негизги коркунуч экенин моюнга алат. АКШнын аскердик мекемесинин бул айдагы докладында талибдердин жоруктары терс бааланып, алардын Аль-Каида* менен байланышы баса белгиленет. "Аль-Каиданын"* регионалдык филиалы – АКИС – "Талибандын" төмөнкү звеносу менен мезгил-мезгили менен иштешет. Афган өкмөтүн алсыратууга багытталган аракеттерине жардамдашат, АКШнын күчтөрүнө чабуул коюуга кызыгуусун жана аймактагы батыштын ниетин колдоого алат".

Анткен менен "Талибан" бул докладды пропагандалык жана негизсиз деп атады. Чыгарылган америкалык күчтөрдүн кайра келери күмөн. Афганистандагы тынчтыкты орнотуу процесси көбүнесе виртуалдык долбоор бойдон, ал эми коалициялык өкмөт – кол жеткис кыялдын символуна айланып калгандай.

Афганистандын президенти Ашраф Гани убактылуу өкмөт үчүн кызматынан кетерин төгүндөй: "Мен талибдердин эркине эмес, афган калкына кызмат кылам", — деп билдирген.

Сабыры түгөнгөн афган бийлиги. Кабул талибдерге согуш ачты

Жакында эле Афганистандын Улуттук элдешүү боюнча жогорку кеңешинин жетекчиси Абдулла Абдулла куралдуу жаңжалдын тараптары түз диалогду демилгелеп турган чакта "Талибан" кыймылынын катышуусу менен убактылуу өкмөттү түзүү жөнүндө маселени талкуулоо ачык экенин жарыялаган. Диалог туткундарды алмашуу процесси аяктаган соң башталууга тийиш. Бирок мунун бүтчүдөй түрү жок, ал түгүл туңгуюкта, себеби "Талибан"* бошотууну талап кылган согушкерлердин тизмесинде "Аль-Каида"*, "Лашкар-и-Тайба"* жана башка террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн ысымдары да бар.

Афган өкмөтү 4 015 туткунду бошотту, бирок оор кылмыш менен кесилген 597 кылмышкерди бошотууга ниеттенбейт. Мисалы, алардын арасында Кабулдагы Германия элчилигинин жанындагы жардыруунун уюштуруучулары да бар. Ошол терактыда 150 чакты киши набыт болгон. "Талибанга"* жакын булактар аттары аталган 5 000 айыпкер бошотулбаса, афгандар ортосундагы сүйлөшүүлөр башталбай турганын белгилешет.

Өзбекстан жана Тажикстандагы таянуу түйүндөрү

Вашингтон Афганистан үчүн ага чектеш Борбордук Азия өлкөлөрүнөн издөөдө, алар үчүн афган жергесиндеги оош-кыйыштар коопсуздуктун түздөн-түз коркунучу бойдон калууда. Бул айдын башында Афганистан боюнча АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад жана АКШнын эл аралык өнүгүүнү каржылоо корпорациясынын (DFC) башчысы Адам Бойлер Ташкентке иш сапары менен барышкан.

Афган жагдайын жөнгө салуунун келечегине байланышкан, Өзбекстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга каржылык каражат тартуу маселелерин жергиликтүү бийлик менен талкуулаган. Андан мурун Халилзад Пакистан менен Катарга да барып, ал жакта да Афганистандагы тынчтыкты орнотуу процессин колдоо маселелери талкууланган.

Ошол эле убакта Ташкентте өзбек жихадчыларынын активдешүүсүнүн белгилери байкалган. 30-июнда аталган республиканын Мамлекеттик коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери "Катибатуль Тавхид ва Джихад"* эл аралык террордук уюмунун 11 тарапташынан турган жашыруун тобунун ишмердигине тыюу салган. Алар "жихадга" дайынданып жатышкан.

"Талибанга" көмөкпү? Афганистанда тажик согушкерлеринин активдүүлүгү күч алды

Андан төрт күн өтпөй республиканын борбор калаасында 25 кишиден турган "Жихадчылар* экстремисттик агымынын эки жашыруун тобун жок кылган. Балким, талибдер менен тынчтык макулдашуулары жана Афганистан экономикасына инвестиция долбоорлору кайсы бир убакта анын катышуучуларына пайда алып келер.

Ошентсе да, бүгүн ЖККУ жана ШКУ форматындагы "таянуу түйүндөрү" пайдалуураак. Эң оболу, террордук активдүүлүккө күч менен таасир этүүнүн мамлекеттер аралык потенциалын өнүктүрүү зарыл. Афганистандан ал коңшу аймактарга да чагылбай койбойт. Ислам мамлекети* стратегиясы экспансияны да карайт. Ирак жана Сириядагы согушта Борбор Азия республикаларынан 4200дүн тегерегиндеги жихадчы тажрыйба топтогон.

Soufan Group америкалык компаниясынын докладына ылайык, Жакынкы Чыгыштагы террордук уюмдардын катарында согуштук аракеттерге 2018-жылы 1300 тажик, 1500 өзбек, 500 казак жана 500 кыргыз жараны тартылган. Бул адамдардын көбү жаңы "эрдиктерге" даяр болуп калса керек. Өзбекстандын коргоо жана коопсуздук жаатындагы бекем позициялары негизинен Россия Федерациясы жана КМШдагы башка мамлекеттер менен болгон аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктан улам түптөлгөнүн (https://sptnkne.ws/Bxn9) белгилеп койгон оң.

Борбор азиялык аймактагы туруктуулукту ОДКБнын тез арада аракетке келүүчү күчтөрү (10дон ашуун батальон) жана ыкчам жооп кайтаруу (атайын багыттагы бөлүктөрдүн курамында 22 миң аскер кызматкери) жамааттык күчтөрү дайым кызмат өтөйт.

Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө эмес, ошентсе да ушул "коопсуздук коргонуунун" калкалоосунда. Күч структураларынын көп улуттуу контртеррордук өз ара аракеттенүүсүнө дайым өнүгүү үстүндө. Мурда Өзбекстан менен Тажикстан "Өнөктөштүк-2020" аскердик кызматташтык жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюшкан.

Афган туңгуюгу: АКШ касташкан тараптарды элдештирүү аракетинде

Аймактык коопсуздукту бекем камсыздоо үчүн Тажикстанда жайгашкан 201-россиялык аскердик базасы дайым бекемделип, аскердик мүмкүнчүлүктөрү улам кеңейтилип келет. Мотоаткычтар бөлүктөрү стратегиялык маанилүү объекттерди душмандын мина коюлган автомобилдердин чабуулунан коргоо механизмдерин улам өрчүтүп турушат.

"Жихадчылардын" тактикалык ыкмаларын учкучсуз "Орлан-10" комплексин жана бронеуралдардагы "ЗУ-23" мобилдик зениттик түзүлүштөрүн, тийиштүү кароол жана жабдыктар пайдалануу менен түнкүсүн да жок кыла алат.

Мобилдик топтор Ляур тоо полигонунда позициялык коргонуудан – обочолонгон душманга чабуул коюуга, аларды аңдуу жана жок кылууга өтүүгө машыгышат. Борбор азиялык стратегиялык багытта 2020-жылы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун куралдуу күчтөрүнүн 40ка жакын биргелешкен окуулары өтмөкчү. Бир нече мамлекеттин аймагындагы 20дан ашуун полигон пайдаланылат.

Мындан сырткары, Шанхай кызматташтык уюмундагы сегиз мамлекеттин 10 миңден ашуун аскер кызматкери келерки айда ири масштабдагы "Тынчтык миссиясы – 2020" террорго каршы машыгуусуна катышат. Мына ушундай нерселер – террорчулар менен ийгиликтүү "сүйлөшүүлөр" үчүн реалдуу жана алмашкыс инструменттери. Бирок батыштагы "өнөктөштөр" ЖККУ жана ШКУ же Россиянын аймактагы ролун бөлөкчө өңүттө көрсөтүүгө далалат кылышат.

Кызык окуя

Кооптуулукту тоотпогон америкалык журналисттер 6-июлда афган жергесиндеги Кундуз провинциясына Рахматулла Азиз деген кишини табууга бет алышкан. The New York Times гезити ал кишини "россиялык тыңчылар" менен "Талибан" кыймылынын ортосундагы ортомчу деп атаган. Эске салсак, NYT версиясына ылайык, россиялык аскердик чалгын кызматы талибдерге америкалык аскерлерди өлтүрүү үчүн акча төлөшү мүмкүн имиш. Албетте, андай Азиз деген кишини таба алышкан эмес.

Кундузда андай кишиден эч кимдин кабары жок. Бир аз мурдараак "Талибан"* "Ислам эмирлигинин он тогуз жылдык жихады кандайдыр бир чалгын кызматы же чет мамлекеттин кайыр-садагасына милдеттүү эмес", – деп кескин түрдө билдирген.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Кеннет Маккензи 8-июлда талибдердин Россия менен болгон болжолдуу кутуму тууралуу улуттук чалгындоодон билдирүүлөр келгенин билдирген, бирок алардын жетишерлик далилдери жок.

АКШнын чалгын кызматы Россиянын талибдер менен "жакындыгын" төгүндөдү

Маккензи талибдер көп жылдардан бери америкалык жоокерлерге чабуул коюп келгенин, The New York Times гезитиндеги макалалар Афганистандагы америкалык күчтөрдүн коопсуздугун камсыздоо алгоритмдерин өзгөртпөгөнүн белгилейт.

Соңку жылдары Россиянын Борбор Азияга оң таасири өстү. Бул эң тар чөйрөдө болуп, регионалдык көйгөйдү керт башынын кызыкчылыгына карап "жөнгө салгысы" келген Батыштагы айрым күчтөргө жакпай турганы бышык.

Бирок Афганистандагы согуш жана тынчтык маселелерин монополиялык көзөмөлгө алуу артта калды. Тегин жерден РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев шейшемби күнү: "Россиялык жана америкалык атайын кызматтар кеңири багыттар боюнча кызматташышат. Терроризмге каршы туруу – так жыйынтыктары бар чөйрө", — деп билдирген. Татаал көйгөйлөр биргелешкен эл аралык аракеттер менен гана чечилет. Афган багытында ОДКБ жана ШКУнун ар бир мамлекетинин орду алмаштырылгыс.

* – Бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук топтор.

237
Белгилер:
ислам, Афганистан, террорчу, Талибан, террордук уюм
Тема боюнча
"Тезинен аткаруу зарыл": АКШ Россияны эмнеге жазалагысы бар?
Саясат таануучу, Пикир регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов

Бактыгулов: шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербейт

1219
Саясат таануучу, "Пикир" регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов мыйзам боюнча шайлоо президенттин жарлыгы чыкпаса деле автоматтык түрдө дайындала турганын айтты.
Бактыгулов: шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербейт

Шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербейт. Эгерде мыйзамды бузуу менен шайлоо өткөрсөк, кийинки чакырылыш легитимсиз болуп калышы ыктымал. Бул тууралуу Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 4-октябрга чейин эпидемиологиялык абал кандай боло турганы белгисиз.

Күздө өтчү шайлоодо 44 партия ат салышмай болду. Тизме

"Учурда коомчулукта "эмнеге 4-октябрга шайлоо дайындалды" деген кептер айтылып жатат. Шайлоону дайындоо Конституциялык мыйзам менен бекитилген. Анда "Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо Президент тарабынан добуш берүү күнүнө 100 календардык күн калгандан эрте эмес жана 90 күндөн кеч эмес дайындалат" деп турат. Эмне үчүн 4-октябрь дегенде, мыйзам боюнча эсептеп келгенде ушул датага туш келет. Демек, бул президенттин жеке каалоосу эмес. Баарыбыз бийликти мыйзам чегинде иштешин талап кылып келебиз. Бирок учурда шайлоону жылдыруу керек деп, бийликти мыйзам бузууга түртүп жатабыз. Бул жерде эң негизги маселе легитимдүүлүк. Эгерде мыйзам бузуу менен шайлоо өткөрсөк, кийинки чакырылыштын кабыл алган долбоорлору мыйзамсыз болуп, саясий кризиске туш келип калышыбыз ыктымал. Ченемдик укуктук актылардын юридикалык күчү боюнча биринчи Конституция, андан кийин Конституциялык мыйзам, анан кодекс, мындан соң мыйзам, анан барып президенттин жарлыгы", — деди Бактыгулов.

Ошондой эле ал шайлоону жылдыруунун мыйзамдуу жолу "өзгөчө абал" киргизүү, бирок анда шайлоо эпидемиянын экинчи толкунуна туш болуп калышы ыктымал экендигин кошумчалады.

1219
Белгилер:
эпидемия, абал, мыйзам, шайлоо, Шерадил Бактыгулов
Тема боюнча
БШК: шайлоого кетчү каражат болушунча кыскартылат
Кыргызстандык мугалим Бүбүйна Чолпонкулова окуучулары менен

Германиядагы мугалим Бүбүйна: Кыргызстандын алыскы мектебинде иштегим келип кетет

0
(жаңыланган 18:51 12.07.2020)
Кыргызстандык Бүбүйна Чолпонкулова учурда Германиянын Дортмунд шаарындагы Georgschule атайын ылайыкташтырылган мектебинде мугалим болуп иштеп, ал жакта 15 жылдан бери жашап келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чет жактагы мекендешибиз менен мектептеги билим берүү жөнүндө маек курду.

— Кыргызстандык мугалимди германиялык кесиптештери кандай кабыл алды?

— Германияда он жылдан бери мугалим болуп эмгектенем, иштеген жеримде мен жалгыз чет элдикмин. Ага чейин Кыргызстанда немис тили боюнча жогорку билим алып, беш жылдай Бишкек архитектура жана курулуш колледжинде эмгектенгем. Өзүбүздүн билим берүү системасына ичим чыкчу эмес. Ошол маалда Вальдорф педагогикасы жөнүндө угуп калып, Бонн шаарындагы атайын мектепке бир жылдык программага барууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Бул жакка келгенде кесибиме байланыштуу боштуктар толду. Үч ай жергиликтүү мектепте мамлекеттик практикадан өтүп, 3-класстагы окуучуларды сахнага кыргызча ырдатып чыккам. Ошол иш-чарага менин бир окуучу кызымдын мектеп директору болуп иштеген жакыны келип, мени байкап калып жумушка чакырган. Германияда мыйзам боюнча жумушка биринчиден өзүнүн жарандарын алат. Эгер татыктуу талапкер табылбаса, башка Европа өлкөлөрүнөн алат. Такыр болбой калганда гана үчүнчү мамлекеттен келгендерди ишке тартат. Ага карабай мени жумушка кубануу менен чакырып, элчиликке кайрылып виза алуума жардам беришкен.

Азыр иштеген жерим атайын ылайыкташтырылган мектеп болуп саналат. Германияда андай билим берүү мекемелеринде тентек, бейбаш балдар же үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондор, Даун синдрому, аутизмдин абдан оор формасы менен жабыркагандар окушат. Жалпылап айтканда, бул жакта балдарды окутуу методикасы билим берүү системасына ылайыкталбастан, эркин ойлонуп, аларды ар тараптан өнүктүрүүгө ылайыкташтырылган. Чет жакта агартуучулукту аркалап жүрүп дем алыш күндөрү Вихтен шаарындагы педагогикалык институттун "Класс жетекчи" бөлүмүнө тапшыргам. Кийин дагы үч жыл атайын педагогиканы окуп, жалпы жети жылдай билим алдым. Себеби ден соолугунан жабыркаган түрдүү балдар менен иштешүүгө туура келет. 

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / предоставлено Бубуйной Чолпонкуловой
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Окуучуларга канча предметтен сабак бересиз?

— Немис тили, математика, зоология, биология, география, физика, химиядан сабак берем. Андан сырткары, класс жетекчи болуп орус тили, кол эмгекти окутам. Булардын ичинен мен кол эмгекти жакшы көрөм. Кыргызстанда бул сабакты толук ачып берүүгө мүмкүнчүлүктөр көп экенине карабай, анын баркы жок. Мен Германияда 1-класстагы балдарды алгачкы сабагын өтүү үчүн аларды зоопаркка алып барып, үй жаныбарлары бөлүмүн кыдырабыз. Ошол жактан койлорду көрүп, аларды кармап өздөрүнүн эмоциясын айтышат. Анан ал жактан кыркылган койдун жүнүн кир боюнча эле сатып алып мектепке алып келебиз. Аны чогуу мектептин короосуна алып чыгып айна, ысык суу менен жууп, кайра чайкайбыз. Андан соң кийинки сабакта кичинекей балдар тыпыйып отуруп алып аны тытышат. Дагы бир күнү парктан куурап калган жыгачтарды чогултуп, анын кабыгын сыйрып ийик даярдап, жип ийрип, кичинекей килем токуп, оюнчук, кыздар мончокторду жасайт. Мунун баары баланын моторикасын өнүктүрүүгө жардам берип, акыл-эсинин калыптануусуна чоң түрткү болот. Ошонун баарын көрүп кыргызстандык мугалимдер муну эмне жасабайт деген ой пайда болот. 

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / предоставлено Бубуйной Чолпонкуловой
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Германияда мугалимдерге кандай шарт түзүлгөн?

— Илимпоздор менен мугалимдердин талкууларына көп катышабыз. Кээде театрдан чакырылган актерлор менен иштешебиз. Чыгармачыл инсандар досканын жанында туруп бөлмөнүн аягында отурган балага кыйкырбай, бирок ага жеткиликтүү кылып сүйлөөнү үйрөтөт. Жомок, тамсил, тарыхый окуяларды айтуунун сырларын ачып берет. Түрдүү жыйын, илимий иш-чараларга катышуу үчүн жол кире, тамак-аш, жатакананын акчасын мектеп төлөп берет. Кыскасы, кесиптик жактан бир жерде тура бербей дайым кыймылдабыз.

Эмгеги медицина, авиация, машина курууда колдонулат. Окумуштуу Рыспаевдин маеги

— Дарыгерлер Гипократтын анттын берип, өз милдеттерин аткарат. Мугалимдер андай ант бербесе да, аларга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Ушул пикирге кошуласызбы?

— Ооба. Жолдошум тамаша-чынды аралаштырып Германияда мугалим болуу мектепте эле жашоо турбайбы деп калат. Мисалы, мен эртең өзүмдүн классыма сабак өтө турган болсом, бүгүн түштөн кийин же кечинде барып доскага өтө турчу темага жараша сүрөт тартып кетем. Эртеси класска кирген окуучулар ал сүрөттү көрүп фантазиясы иштеп, сабакка болгон кызыгуусу артат. Бул ыкма балдар менен биргеликте теманы толук ачууга жардам берет. Негизи жумушубуз абдан жоопкерчиликтүү, окуучулардын калыптануусу, ой жүгүртүүсү биздин колубузда. Ар бир кыймылым, айткан сөзүм балдардын коомго аралашуусуна сөзсүз таасир берип, келечеги курулат. 

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / предоставлено Бубуйной Чолпонкуловой
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Окуучуларга баа койбойт экенсиздер, жетишкендиктерин кантип баалайсыздар?

— Ооба, мындай мамиле автоматтык түрдө мугалимдин бийлигин алып таштайт. Айрым учурда мугалим окуучунун ата-энеси менен тил табыша албай калганда, ал баа коюуну рычаг катары колдонушу мүмкүн. Мындан сырткары, окуучуларда коркуу сезими жаралып, ички жан дүйнөсүндө өксүктөр жаралат. Биздин мектепте баанын айынан окуучулар бири-биринен корунбайт, өзүн ээн-эркин алып жүрөт. Мен мугалим катары кайсы окуучум немис тилин жакшы билет, кайсы баланын ой жүгүртүүсү жакшы экенин билем. Ошол боюнча балдардын жооп берүүсүнө мүмкүнчүлүк берем. Менин сөзүмдү кабыл албаган айрым окуучулар өзү курактуулардын айтып бергендерин бат илип алышат. Класс жетекчи катары окуусунан артта калган балдарды билбейсиң деп урушпайм. Алар мектепке баа үчүн эмес, билим алуу үчүн келет. Тескерисинче, 1-2-класстагы окуучуларым мага бүгүн эмнени өтөбүз, эмнени үйрөнөбүз деп келишет.

Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги

Мектебибизде окуучуларды баалоо мугалимдер үчүн өтө оор, жөн эле баа коюп кое албайсың. Мен кичинекейлердин ар биринин жүрүм-турумуна, жетишкендигине анализ жүргүзүп, окуу жылынын соңунда ар бирине мүнөздөмө берем. Жадагалса, кайсы теманы өздөштүрүп, эмнени жакшы түшүнө албагандыгына чейин жазам. Соңунда кийинки жылы эмнеге басым жасоо керектиги жөнүндө сунуш берип, окуучуга ыр түрүндө мүнөздөмө беребиз. Эгер бала өзүмчүл болсо, ага түлкү жөнүндө ыр жаттатам. Дегеним муну менен биз анын кемчилигин ачык айтпай, кыйыр түрдө аң-сезимине таасир берип кулк-мүнөзүнүн оңолушуна түрткү беребиз. Бул ыкма кадимкидей жардам берет, кээде айрымдар бул ырды эмнеге жаттап жатканын кадимкидей сезишет. 

— Байкасам сиздер балдар менен психологдордой эле иштешет экенсиздер?

— Атайын педагогиканы окуганда медицина, физиологияны дагы өздөштүрөбүз. Баланын мээсинде айрым жөндөмдөр канча жашта өнүгө тургандыгы жөнүндө маалымат болушу керек. Эгерде 1-класстагы окуучу партаны көмкөрүп туруп сабактан чыгып кетсе, ага эмне түрткү болгондугун мен билишим абзел. Мүмкүн ал баланын физиологиялык жактан өзгөчөлүктөрү бардыр же үйүндө маселе жаралып жаткандыр. Мунун баарын билүү менин мойнумда. Албетте, мен врач эмесмин, бирок анын ата-энесине кайсы дарыгерге же адиске баруу керек экендигин айтып, жакындары менен чогуу иштешем.

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / Бубуйна Чолпонкулова
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Мугалим катары окуучуларыңызга эмнелерди билдирбегенге аракет кыласыз?

— Балдар жасалмалуулукту, калп айтканды дароо сезет. Мен күндө жумушта саат 07:30да болуп калам. Балдар келгенге чейин жарым саат ойду жумушка багыттап, жеке көйгөйлөрүмдөн арылып даярданып турам. Эгер маанайым жок болсо, балдарга түшүндүрүп айтып, менде ушундай көйгөй болуп жатат, силер бул тууралуу кандай ойлойсуңар деп баарлашам. Бул жакта балдар боюнда бар аялды көп кезиктире беришпейт. Мен иштеген тогуз жылда кош бойлуу болгон экинчи эле мугалим болдум. Эгер мага баскан, кыймылдаган оор болуп жатса, окуучуларыма айтам. Чарчаган жоксуңбу, массаж жасап берейинби деп да келип калышат.

— Окуучуларыңыз өзгөчө балдар экен, алар менен кантип жакындашасыз?

— Классымда талма менен ооруган окуучу болсо, анын ата-энеси врач менен сүйлөшүп, тиешелүү кагаздарын, дарысын мага алып келип берет. Эгер анысы жок болсо, мен ал балага бир дагы дары бере албайм. Психикалык жактан кыйналган балдарды да алып келишет. Бир жолу 3-класска бир кыз келди. Аны баккан энеси баңгизат колдонуп, энелик укуктан ажыратылган болчу. Айланасындагы адамдардан күмөн санап, коркуп, такыр жалтактап бүтүп калган экен. Кыз менен психологдор иштешти, мен ага жакшы мамиле жасап кыздар-балдар менен аралаштырууга аракет жасадым. Андай балдар мээримге, сүйүүгө өтө муктаж келет. Кээде ал мени кучактагысы келчү, мен ага уруксат берип, ыйын, сөзүн да көңүл буруп укчумун. Бир жылдын ичинде ал секелек ушунчалык жакшы окуган, күлүп-жайнаган, айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга ишеничи арткан кыз болуп чыкты. Чынында зээндүү, дээринде бар кыз болчу, мен аны майда-барат нерселерге жумшап, коомдо орду бар экенин сездирчүмүн. Эч бир дары-дармек, түрдүү терапияларды албай ушундай жыйынтыкка келгенбиз. 

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / предоставлено Бубуйной Чолпонкуловой
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Чет жакта ата-энелер мектептеги окуу процесске канчалык деңгээлде активтүү катышат?

— Окуучулардын билим алуусуна ата-эненин катышуусу чоң роль ойнойт. Анткени мектеп муктаждыгынын 72 пайызын мамлекет каржыласа, калганы ата-энелердин мойнунда. Биз дагы алар педагогиканын максатын түшүнсө деп аракет кылабыз. Анткени жаңы технологиялар өнүгүп, баарлашуу жаңы деңгээлге өткөндүктөн, ата-энелердин да ички кооптонуусу бар. Балдардын жакындары кайсы сабак өтүлүп жатканы, эмне себептен ошол темалар зарыл болуп жатканын билип туруш керек. Ошондуктан бир айда бир жолу чогулуш болуп турат. Ата-энелер мектепте уюштурган иш-чаларга да активдүү катышат. Кээде окуучулар менен тоого чыгып калсак, бир-эки күн ата-энелер коштоп барат.

Америкалыктарга сабак берген Улан: глобалдык IT-компанияга айлансак дейбиз

— Чет жакта очор-бачар болуп, тажрыйба топтогон экенсиз. Кыргызстанга келип алган билимиңизди, тажрыйбаңызды колдонуу планыңызда барбы?

— Ал нерсе чет жакта жүргөн ар бир атуулдун жүрөгүндө болсо керек. Мен Германиядагы окуучуларымдын ийгилигин, өзүмдүн эмгегимдин жыйынтыгын көргөндө Кыргызстанга барып, алыскы бир айылда мугалим болуп иштегим келип кетет. Ошол эле маалда менин демилгем, тилегим канчалык деңгээлде жыйынтык берет деп ойлонуп калам. Себеби жашоодо калыптанган система өз таасирин бербей койбойт. Бирок ага карабай ичимде Вальдорф педагогикасы менен улуттук педагогиканы айкалыштырган мектепти мекенимде ачууну ичимде багып жүрөм. Себеби коомдун келечеги азыркы биз тарбиялап жаткан балдарга байланыштуу. Ал эми мектеп – коомду тарбиялоочу эң чоң платформа. Кыргызстанда буга анча көңүл бурулбай жатканы мени өкүндүрөт. Өзүмдүн да эки балам кыргыз чөйрөдө каада-салтты көрүп тарбияланса дейм.

0
Белгилер:
маек, билим берүү, Кыргызстан
Тема боюнча
Италияда киши баккандар келин сыяктуу эле кызмат кылат. Ишкер Автандилова менен маек
Чек ара жабылып, үй-бүлөм башка өлкөдө калды. Сингапурдагы кыргызстандыктын маеги