ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекке келет

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЕвразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович. Архив
Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ЕЭК коллегиясынын жаңы шайланган төрагасынын чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары боло турганы айтылат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстанга расмий сапар менен Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович келет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чакыруусу менен 4-февралда келе турганы маалымдалды. Бул ЕЭК коллегиясынын жаңы шайланган төрагасы Михаил Мясниковичтин чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары болмокчу.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял председателя ЕЭК Тиграна Саркисяна - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков ЕЭК коллегиясынын төрагасы Саркисянды "Даңк" медалы менен сыйлады
Анын алкагында Мясникович президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушмакчы.

Анда 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБ рыногундагы тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жөнгө салуу маселеси каралат. Ошондой эле экономикалык багытта ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин макулдашылган саясатын жана шайкеш мыйзамын жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди талкуулоо пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0