Ильхам Алиев Кыргызстанга алгач ирет расмий сапары менен келет

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүзербайжандын президенти Ильхам Алиев. Архив
зербайжандын президенти Ильхам Алиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжан Кыргызстандын экономикасына инвестиция алып келүүгө даяр экендигин билдирди. Эки өлкөнүн ортосунда авиакаттам жанданат.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга алгачкы жолу расмий иш сапары менен 2020-жылдын күз айларында келерин ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Международный музыкальный фестиваль ЖАРА. День третий - Sputnik Кыргызстан
"Бейиштин бир бөлүгү". Азербайжан президентинин кызы Ысык-Көлгө арнап ыр жазды
5-февралда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Баку шаарында Алиев менен жолуккан. Анда негизинен президенттин Кыргызстанга жасалчу иш сапары талкууланган.

Ильхам Алиев билдиргендей, Азербайжан Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга даяр. Тараптар Кыргызстандагы жана Азербайжандагы "Достук" паркынын жана Бишкектеги жалпы билим берүү мектебинин курулушу, андан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы түз авиакаттамды жандантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0