Орду толгус жоготуу, азасын тең бөлүшөм. Жээнбеков Эрдоганга көңүл айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Соооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргызстандын президенти Соооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын Ван провинциясындагы Бахчесарай районунда 4-5-февраль күндөрү кар көчкү түшүп, 41 адам каза тапкан. Ал эми жабыркагандардын саны 84кө жеткен.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга жана Түркия элине Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге жана жалпы Түркия элине көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм", — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, Түркиянын Ван провинциясындагы Бахчесарай районунда 4-5-февраль күндөрү кар көчкү түшүп, 41 адам каза тапкан. Ал эми жабыркагандардын саны 84кө жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0