Россия-кыргыз өнүктүрүү фондуна жаңы төрага дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия-кыргыз өнүктүрүү фондунун логотиби. Архив
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган кызматты Эркин Асрандиев ээлеп турган. Ал 6-февраль күнү вице-премьер-министр болуп дайындалды.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фондуна төрага болуп Азиз Аалиев дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттөн жеке булактар билдирди.

Жаңы жетекчини жамаат менен бүгүн, 10-февраль күнү, тааныштырышты.

Аалиев 2019-жылдан бери фонддун башкаруучулугунда мүчө болгон. Ага чейин өкмөттүн Финансы жана кредит саясаты бөлүмүн башкарган.

Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Эркин Асрандиев ээлеп турган. Ал 6-февраль күнү вице-премьер-министр болуп дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0