Жеңиш Разаков вице-премьерликтен бошотулду

Жазылуу
Разаков аталган орунда 2018-жылдын 20-апрелинен тарта иштеп, күч түзүмдөрү жана чек ара маселелерин тескеп келген.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жеңиш Разаков вице-премьерлик кызматтан бошотулганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө Разаков берген арызына ылайык, президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен кызматтан кеткени айтылат.

Белгилей кетсек, ал аталган орунда 2018-жылдын 20-апрелинен тарта иштеп, күч түзүмдөрү жана чек ара маселелерин тескеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0