Жеңиш Разаков вице-премьерликтен кеткен себебин түшүндүрдү

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевВстреча вице-премьер-министра КР Жениша Разакова с спецпредставителем президента РФ Михаилом Швыдким
Встреча вице-премьер-министра КР Жениша Разакова с спецпредставителем президента РФ Михаилом Швыдким - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Разаков кызматтан кетишине коомчулуктун сыны таасир этпегенин белгиледи. Ал вице-премьерликти эки жылдан бери аркалап келген.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков үй-бүлөлүк себептерден улам кызматын тапшырды. Бул туурасында аткаминер өзү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

Разаков өз ыктыяры менен вице-премьерлик кызматтан кетүүгө арыз берип, президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка кол койгон.

"Үй-бүлөлүк себептерден улам кызматтан кетүүнү чечтим. Үй-бүлөнү дагы карап коюшум керек. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алдым. Азырынча мамлекеттик кызматтардан алыс болуп турам", — деди Разаков.

Ошондой эле ал кызматтан кетишине коомчулуктун сыны таасир этпегенин белгиледи.

"Ал сындар боюнча өзүңөр билесиңер да. Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарынан, тармактык комитеттерине барып, түшүндүрүп айттык. Мага каршы чыгып жаткандарды көрүп жатасыңар, бирөө соттолуп кетүүдө, башкасын жарандык тартипте сот менин пайдама чечип берип жатат. Эми айтылгандын баары фейк, жалган маалымат да. Мен аны эсепке алган жокмун", — деди Разаков.

Мындан сырткары, ал азыркы жасаган кадамы жакында боло турган парламенттик шайлоого тиешеси жоктугун да айтып өттү.

Жеңиш Разаков вице-премьер болуп 2018-жылдын 20-апрелинен тарта иштеп, күч түзүмдөрү жана чек ара маселелерин тескеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0