Депутат Абдумажит Юсуров Кордайдагы жаңжал боюнча билдирүү жасады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Абдумажит Юсуров. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Абдумажит Юсуров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат окуянын курчуп кетишине социалдык тармактагы чагымчыл билдирүүлөр катуу таасир эткенин белгиледи.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Абдумажит Юсуров жалпы жыйында Кордайдагы жаңжал боюнча билдирүү жасады.

Парламентарий 7-8-февраль күндөрү Кыргызстанга Казакстандын миңдеген жараны кирип баш калкалаганын белгилеп, кыргыз элине жана бийликке ыраазылык билдирди.

"Этникалык дунгандар коомунун атынан президент Сооронбай Жээнбековго, Чек ара кызматына, Ички иштер министрлигине, Чүй облустук администрациясына, Токмок шаарынын мэриясына, Ысык-Ата районуна жана айыл өкмөт башчыларына, Кыргызстан калкынын ассамблеясына, кыргыз элине, өзгөчө Чүй облусунун тургундарына чоң рахматымды айтам. Колдоо көрсөтүп, жайгаштырып жана гуманитардык жардам бергени боордош эл менен болгон достуктун жана кызматташтыктын мыкты үлгүсү боло алат", — деди Юсуров.

Ошондой эле ал адам өлүмү менен коштолгон жаңжалдын тутанышына соцтармактагы чагымчыл билдирүүлөр катуу таасир эткенин белгилеп өттү.

Башаламандыктан улам Кыргызстанга качкан казакстандыктардын абалы. Видео - Sputnik Кыргызстан
Башаламандыктан улам Кыргызстанга качкан казакстандыктардын абалы. Видео
"Элдин ынтымагын сактоо бычак мизинде турган маселе экенин көрүп жатабыз. Жөнөкөй бир маселеден башталып, андан ары соцтармактан фейк-билдирүүлөрдүн тарашы тынчтыкты сактоого терс таасирин тийгизгенин көрдүк. Ушуга байланыштуу, урматтуу Дастан Артисбекович, өкмөткө протоколдук тапшырма беришиңизди суранам. Чагымчыл маанайдагы жалган маалыматтарды тараткандардын жоопкерчилигин жогорулаткан мыйзам долбоорун иштеп чыгышсын. Бул тынчтыкты жана бейпилдикти сактоо үчүн аябай керек", — деди Юсуров.

Мындан сырткары, депутат мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көңүл айтканын эске салды. Анда Жээнбеков Кыргызстан тарыхта кыйын күндөрдө коңшу өлкөгө жардам берип келгенин жана дагы да аянбай турганын белгилегенин айтты.

Соңунда Юсуров Кордайдагы кырдаалды турукташтырганы үчүн Токаевге да ыраазычылыгын билдирди.

Жаңжалдын чоо-жайы

5-февралда Масанчи айылында эки топтогу эркектер арасында мушташ чыгып, анын кесепетинен 80 жаштагы казакстандык киши жабыркаган. Жыйынтыгында аксакалдар кеңеши чырды жөнгө салган.

Госвизит президента РК Касыма-Жомарта Токаева в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Курман болгондордун жакындарына көңүл айтам! Жээнбеков Токаев менен сүйлөштү
7-февралда Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районундагы Сортөбе жана Масанчи айылдарында кайрадан чыр чыккан. Полиция кызматкерлерине кол салуу, массалык мушташууга айланып кеткен топтошкон уруш болуп, үйлөр өрттөнгөн. Бул айылдар Кыргызстандын Чүй облусунун Токмок шаарына жакын жайгашкан. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чатактан чагымчылдар пайдаланып кетүүгө аракет кылганын айтты.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мушташтан 10 адам каза таап, 50гө жакын киши жаракат алган. 165и медициналык жардам сурап кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0