Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков

Мактана албайбыз. Жээнбеков бюрократиянын мисалдарын келтирди

233
(жаңыланган 11:42 12.02.2020)
Президент Дуинг бизнес рейтингинде Кыргызстан акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга ылдыйлап кеткендигине токтолду.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы үй куруу тармагындагы бюрократиялык тоскоолдуктар туурасында президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында айтты.

Ал мамлекеттик текшерүүчү органдардагы коррупцияны демонтаждоого багытталган пландардын аткарылышын күчөтүү зарылдыгына токтолду.

"Натыйжада бизнестин маселелери чечилбегендиктен, ишкерлер башка органдарга түзмө-түз кайрылууга аргасыз болгонун көрүп жатабыз", — деди ал.

Салык отчеттуулугу татаалдашканына жана соттогу узакка созулган салык чырларына байланыштуу Кыргызстан 2017-жылы Дуинг бизнес рейтингинде 138-орунда болчу. Акыркы эки жылдын ичинде санарип технологияларды киргизүүнүн натыйжасында көрсөткүч жакшырып, 117-орунга көтөрүлгөн.

"Бирок 117-орун  мактанаарлык позиция эмес экендигин баарыңар билесиңер", — деди Жээнбеков.

Ал мындай көрүнүштөр Курулуш тармагындагы тоскоолдуктар бизнестин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтты.

Бажы органдарынын кызматкери. Архивдик сүрөт
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"Мисалы, 100 батирлүү үйдү салыш үчүн курулуш компаниясы орто эсеп менен 50гө жакын макулдашуудан өтүшү керек. Ар кандай 12 экспертизадан өтүп, 100гө жакын кол чогултуу талап кылынууда. Жыйынтыгында долбоорлоо стадиясына гана бир жылдан ашуун убакыт кетип жатат", — деди президент.

Жээнбеков ушул көрүнүштөрдөн улам курулушка уруксат алуу боюнча Дуинг бизнес рейтингинде Кыргызстан акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга ылдыйлап кеткендигине токтолду.

Президент төрт эле жылда Кыргызстандын 70 позицияга ылдыйлап кеткендигин баса белгиледи.

233
Белгилер:
курулуш, рейтинг, бизнес, бюрократия, инвестициялар, экономика, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: кол алдындагысы пара менен кармалса, жетекчи иштен кетиши керек
Степанакерт аэропорту. Архив

Тоолуу Карабах: аба мейкиндигин ачуу аракеттери. Сереп

13
(жаңыланган 14:04 02.12.2020)
Степанакерттен Ереванга чейинки (Эребуни авиабазасы, Звартноц аэропорту) автомобилдик көчөлөр менен кеткен жолдун узундугу 320 чакырымды түзөт. Операциялардын алгачкы күндөрү тынчтык орнотуучулар Степанакерттен ушул багыт боюнча жүрүшкөн.

Тоолуу Карабахтагы россиялык тынчтык орнотуучу операция татаал логистикасы менен айырмаланат. Степанакерттеги аэродромду реконструкциялоо жана заманбапташтыруу Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учактарын кабылдоого мүмкүндүк берет, жаңы операциялык мүмкүнчүлүктөрдү жаратат, аскердик топторду жабдуу боюнча көптөгөн маселелерди чечет. Ушул тапта көпчүлүктүн көңүл борборундагы аймактын аэропорт жагдайына аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салган.

Карабахты Армения менен туурасы 5 чакырым болгон Лачын коридору гана байланыштырып турат. Россиялык тынчтык орнотуучулардын көзөмөлүндөгү аймакта бул жол кокус кырдаал курчуп кете турган болсо, баары бир эң талуу көйгөйлөрдөн болуп калат. Келечекте жаңы жолдун (коридордун) оңой эмес курулушу жана Азербайжанга өткөрүлүшү күтүлөт. Бирок жүргүнчү жана жүктү ыкчам ташуу бүгүн зарыл болуп турат.

Степанакерттен Ереванга чейинки (Эребуни авиабазасы, Звартноц аэропорту) автомобилдик көчөлөр менен кеткен жолдун узундугу 320 чакырымды түзөт. Операциялардын алгачкы күндөрү тынчтык орнотуучулар Степанакерттен ушул багыт боюнча жүрүшкөн. Кийин (28-ноябрда) аралаш багыт табылып, Россиядан жүк жана техника жүктөлгөн вагондор Азербайжандын Барда темир жол станциясына келчү болду. Автомашиналарга жүктөлгөн соң Барда – Агдам – Степанакерт багыты боюнча 100 чакырым жол жүрүүдө. Багытты кайда бурба, жол ыраак.

Жоокердик бөлүктөрдүн, техника жана жүктөрдүн Тоолуу Карабахтын шартында жүздөгөн чакырымга ыкчам жеткирүү оор аскердик операцияга айланууда. Тынчтык орнотуучулар тобунун ички курамы жылына эки ирет алмашат. Аймактагы кырдаал курчуп кетсе, дагы кошумча күч жана каражат керектелиши мүмкүн.

Ошондой эле Степанакерттен тогуз чакырым аралыкта жайгашкан Ханкенди аэропорту бар. Болжолдуу түрдө оор аскердик-транспорттук авиацияны кабылдай алат. Бул жакта 1990-жылдардын башындагы согуштук аракеттерден улам учуштар токтоп калган.

Аэропорттун инфраструктурасы 2020-жылдын сентябрь жана октябрь айларында Азербайжан тараптын ракеталык аткылоолорунан кийин жабыркады. Бирок учуп-конуучу тилкенин узундугу 2200 метрди түзөт. Бул жердин рельефи да зарылдыгы чыкса тилкени дагы 1000 метрге узартып, жанына экинчисин курууга ылайык келет.

Степанакертке жакын аэропортту кайра калыбына келтирүү жана заманга бапташтыруунун баасы жакын арада каралса, көп жылдык узун каттам, убакыт жана күчтүн олчойгон чыгымдарынан кымбат деле болбойт. Аэропорт жарандык жүктөрдү ташуу, ошондой эле келечегинде Тоолуу Карабахтын экономикалык өсүшү үчүн түзүлгөн логистикалык борбор да болуп калышы ажеп эмес.

Ыраак жана кооптуу жол

Россиялык тынчтык орнотуучулар 23 байкоочу постто Тоолуу Карабахтагы окту токтотуу режимин сактоого күнү-түнү көз салышат. Лачин коридору аркылуу өткөн автотранспорт жана жергиликтүү калктын кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышат.

14-ноябрдан тарта 26 миңден ашуун качкын үйлөрүнө кайтты. Аймакта россиялык саперлор, аскердик медиктер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери да кызуу иш алпарууда.

Тынчтык орнотуу милдеттерин аткаруу дайымкы ыкчамдыкты талап кылат. Карабах согушун токтотуу боюнча Россия – Азербайжан – Армения үч тараптуу макулдашуусунун негизинде Москва менен Баку кол койгон атайын протокол Азербайжан менен Армениянын ортосундагы транспорттук коммуникацияны жандандырууну да камтыйт.

Степанакерттеги аэропорттогу учуштарды эске алсак, бул документ жердеги гана тургай, абадагы тыюу салууларды жоеру айкын. Россиядан түз маршрут логистика жана жабдуунун көп көйгөйлөрүн чечип, тынчтык орнотуучу 15-бригаданын аскердик топторунун операциялык мүмкүнчүлүктөрүн арттырмак.

Мурда Грузия Азербайжан жана Армениянын өтүнүчү менен өз аба мейкиндигин россиялык аскердик-транспорттук авиацияга ачкан. Учактар Ереванга учуп турган. Андан ары Степанакертке техникада узак жол басууга аргасыз болушкан. Эми аймактын аба мейкиндигиндеги бөгөттөрдү толук алып салууга убакыт келди. Бул Азербайжандан Нахичеван автономиясына чейинки жолду куруу долбооруна да чоң пайда келтирмек.

Жабык асман

Степанакерт аэродрому ремонттолуп, 2012-жылы учактарды кабыл алууга даяр болчу. Бирок Бакунун каршылыгынан улам бул ишке ашпай калган. Анткен менен үч тараптуу макулдашуу түзүлүп, россиялык тынчтык орнотуучу миссия башталгандан тарта аймактагы кырдаал түп-тамырынан бери өзгөрдү.

Учуштардын коопсуздугунун жолдорун карап, тыюу салууларды жокко чыгарууга убакыт келди. Анан да азербайжан-армян "өз ара чегеришмесинин" үлгүлөрү бар: Бакудан Нахичеванга каттамдар Армения асманынан эл аралык коридорлор аркылуу учушат. Армениялык авиакомпаниялар да Азербайжандын аймагындагы эл аралык-корголгон аба коридорлорун колдонушат.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев кечээ: "Тоолуу Карабахты байырлаган армяндар да, азербайжандар да сөзсүз ал жакка кайтышат. Кайрадан ынтымакта коңшулаш болуп жашашат. Мында логистикалык, транспорттук, энергетикалык коопсуздук маселелери бар. Биз ушул маселелердин баарын карайбыз", - деп билдирди.

Бул үмүт жандырат. Эгер тоо койнундагы аэропорт жакында кучак ачса, бул жышаан – региондук тынчтык жана туруктуулукка чоң өбөлгө.

13
Белгилер:
Степанакерт, Армения, Азербайжан, Тынчтык миссиясы, аэродром, Тоолуу Карабах
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты сапаты тууралуу имиш кеп кайдан чыкты
Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат

Россияга рахмат: Тоолуу Карабахта мектеп, ооруканалар ачыла баштады

38
Степанакертте мектептер ачылып, андан сырткары, жергиликтүү төрөт үйү ишин баштады. Согуштан кийин ал жерде биринчи ымыркай жарыкка келди.

Тоолуу Карабахта тынч жашоо кадимкисиндей уланууда. Эл өз үйлөрүнө кайтып келип, дүкөндөр иштеп, коомдук транспорт каттап, жашоочулар коопсуздугу үчүн коркпой көчөгө сейилдеп чыга баштады.

Эл жашаган башка жерлерде да инфратүзүмдү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Мунун баары россиялык тынчтык орнотуучулардын эмгеги. Алар жергиликтүү элдин жай жашоосуна кайтып келиши үчүн аракет кылышууда.

38
Белгилер:
оорукана, мектеп, тынчтык орнотуучу, тынчтык, Тоолуу Карабах, Россия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат
Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив

Секирген атаандашын төбөгө көтөрүп уруп... КР балбандары жасаган укмуш ыкмалар. Видео

0
(жаңыланган 14:44 02.12.2020)
Sputnik Кыргызстан олимпиадага даярдык боюнча циклдүү чыгарылыштардын алкагында ата мекендик балбандардын атаандаштарын көтөрүп чапкан кооз ыкмаларын чогултту.

Быйыл коронавирус пандемиясы дүйнөнү каптап, көптөгөн иш-чаралар өтпөй калды. Анын катарында спорттун эң жогорку мелдештеринин бири, жай айына белгиленген Токио Олимпиадасы да 2021-жылга калтырылган.

Азыркы тапта беш кыргызстандык спортчунун лицензиясы бар бар. Суучул Денис Петрашов, жеңил атлетикадан 42,195 чакырымдык аралыкка чуркоодо жөө күлүк Юлия Андреева жана Дарья Маслова, грек-рим күрөшүнүн 87 килограмм салмактагы балбаны Атабек Азисбеков жана кыз-келиндер күрөшүнүн дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жолдомо алышкан.

Учурда спортчуларыбыз Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуучу мелдештерге кызуу даярдык көрүп жаткан чагы.

Дзюдо боюнча 2021-жылдын январь айында Катардын Доха шаарында Masters, февраль айында Израилде Grand Slam, апрель айында Кыргызстанда Азия чемпионаты, май айында Парижде Grand Slam жана июнь айында Венгрияда дүйнө чемпионаты өтөт.

Ал эми спорттук күрөштүн түрлөрүнөн (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) март айында Кытайда жана апрель айында Болгарияда жолдомо берилүүчү ири мелдештер каралган.

Ата мекендик спортчулар дал ушул турнирлерден Олимпидага жолдомо алат деген үмүт чоң.

Sputnik Кыргызстан Олимпиадага даярдык боюнча циклдүү чыгарылыштардын алкагында ата мекендик дзюдо, эркин жана грек-рим күрөшүнүн балбандарынын 2016-2020-жылдар аралыгында күрөшүп, атаандаштарын көтөрүп чапкан керемет ыкмалардын жыйнагын сунуштайт.

Дзюдо

Дзюдо күрөшүнүн чебери Кубанычбек Айбек уулу 2019-жылы Японияда өткөн дүйнө чемпионатында 7-орунга жеткен. 60 килограмм салмакта күч сынашкан балбаныбыз үчүнчү айлампада монголиялык Дашдава Амартувшин менен кез келип, аны укмуштуудай ыкмага алып чапкан. Калыстар кыргызстандык балбандын ыкмасын иппон (таза жеңиш) деп баалаган.

Кубанычбектин бул ыкмасын Дүйнөлүк дзюдо уюму 2019-жылдагы мыкты иппондордун катарына кошкону маалым.

Ушул эле жылы Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия кубогу мелдешинде казакстандык Шерзод Давлатовду көтөрүп чапканы көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @muhammed_umar_judo

Кыргызстандык дагы бир дзюдо чебери 81 килограмм салмакта күрөшкөн Владимир Золоев 2019-жылы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында казакстандык Арман Махамбетовду үстүнөн ашыра алып чаап, уткан.

66 килограмм салмакта күрөшкө түшкөн кыргызстандык дагы бир дзюдочу Отар Бестаев Казакстанда өткөн эл аралык ири мелдеште чегинип качкан атаандашын жамбаштан ашыра көтөрүп чаап, өзгөчө ыкма жасаган.

Бул ыкма толук жеңишти камсыздай албаганы менен мыкты көрүнүш тартуулайт. Бестаев беттеште үстөмдүгүн улантып, аягында жеңишке жеткен.

Юрий Краковецкий - Кыргызстандын дзюдо спортунда өз орду бар балбан. 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Жайкы олимпиада оюндарында украиналык Яков Хаммону жыкканда эсте каларлык ыкма жасаган.

Грек-рим күрөшү

Грек-рим күрөшү көтөрүп чапкан ыкмаларга бай. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 2016-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында армениялык Махлас Амоянды адаттан тыш ыкма менен чапкан. Калыстар ыкма биринчи бөлүк бүткөндөн кийин жасалды деп эсепке алган эмес. Деген менен ыкма кооз болгон.

Махмудов 2018-жылы алгачкы ирет чоңдор мелдешине чыгып, Бишкектеги спорт сарайында өткөн Азия чемпионатын уткан. Финалдык беттеште казакстандык тажрыйбалуу балбан Демеу Жадраевди жамбашка алып чапкан. Бул учурда Акжол 4:0 эсебинде утулуп жаткан эле. Жасаган катуу чабуулунан буйтап качкан атаандашын ай-буйга келтирбей, күч менен мыкчып кармап туруп жасай алган.

Кыргызстандык балбан жеңишке жеткен. Бул ыкма беттештеги чечүүчү учур болгону менен баалуу.

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоломан Шаршенбеков 2017-жылы Финляндиянын Тампере шаарында өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында россиялык Эмин Сефиршаевди керемет ыкма менен чапкан.

Жоламан атаандашын секирген абалда кармап, төбөсүнө көтөрүп туруп чапкан ыкмасы мелдештин мыкты ыкмаларынын катарына киргизилген. Балбандар 55 килограмм салмакта күч сынашкан.

Шаршенбеков бул ыкмасы үчүн 4 упай алып, беттешти 12:1 эсебинде техникалык артыкчылык менен уткан.

Эркин күрөш

Аты айтып тургандай эле күрөштүн бул стилинде көтөрүп чапкан ыкма жасоо бир аз татаал. Деген менен балбандар учурун таап, спорт күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулашат.

2019-жылы 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында 65 килограмм салмак категориясында күрөшкөн кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев АКШлык Жайдин Селсор Айрманды чапкан ыкмасы мелдештин көркүн ачкан. Эрназар акыркы секундаларда артка ийилип (прогиб) чапкан ыкмасы жеңиш алып келип, чейрек финалга чыккан.

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму Эрназар Акматалиевдин жасаган ыкмасын мелдештеги эң кооз ыкма деп тапкан.

Кыргызстандык дагы бир эркин күрөштүн балбаны Улукбек Жолдошбеков көтөрүп чабуу ыкмасынын чебери болуп саналат. Россиянын Дагестан Республикасында өткөн Али Алиев атындагы эл аралык мелдеште россиялык Артем Гебековду көтөрүп, үстүнөн ашыра алып чапкан.

Улукбектин 2019-жылы өткөн 23 жашка чейинкилердин арасындагы дүйнө чемпионатында түркиялык балбан Селехиддин Серт менен квалификациялык раундда кез келген. 6:2 эсебинде утулуп жатып, тик турган жерден мыкчып кармап, буралып чапкан.

Бул мелдеште Улукбек Жолдошбеков дүйнө чемпионатын утуп алган.

Бу саам кыргызстандык дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандардын айрым гана ыкмалары берилди. Токио олимпиадасы Кыргызстан үчүн жемиштүү болоруна тилектешпиз.

0
Белгилер:
Кыргызстан, ыкма, дзюдо, күрөш, спорт
Тема боюнча
Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катышчу балбандар. Тизме
Атабек Азисбеков: Токио Олимпиадасында мен үчүн ыңгайсыз атаандаш болбойт
Жоламан Шаршенбеков UWW даңазалаган сальтосунун чоо-жайын айтты. Видео
Токио-2021дин программасы чыгып, Айсулуу 3-августта күрөшмөй болду