Бир да суроо берилген жок. Парламенттик коалиция Акрам Мадумаровду колдоду

© Пресс-служба президента КРВице-премьерликке талапкер Акрам Мадумаров. Архив
Вице-премьерликке талапкер Акрам Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акрам Мадумаровду көпчүлүк коалицияга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алып келип тааныштырды.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Парламенттин көпчүлүк коалициясы вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдоду.

Аны коалицияга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Өкмөт башчы Мадумаровдун Баткенде иштеп көйгөйдү жеринен билерин айтып, андыктан чек ара маселесин тескей ала турганын белгиледи.

Мамлекеттик кадр кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Устанын тогосу жок. Кадр кызматы 10 айдан бери директору жок отурат
Жыйынга төрагалык кылган Иса Өмүркулов талапкерди суроо-жообу жок колдоого депутаттардан сунуш түшкөнүн айтып добушка койду. Натыйжада бир да суроо берилбей колдоо тапты. Бирок депутат Улугбек Ормонов суроо-жоопсуз каралып калганына нааразычылыгын билдирип, аны колдогон депутаттардын саны да аз болгонун айтты.

Мындан улам ал суроо берүүгө чакырды. Деген менен Өмүркулов анын сунушун канааттандырган жок.

Акрам Мудумаров өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген. Ал кечээ өз ыктыяры менен арыз жазып кеткен Жеңиш Разаковдун ордуна көрсөтүлүүдө.

Чек ара маселесин тескеп келген Разаков Sputnik Кыргызстандын кабарчысына үй-бүлөлүк себептерден улам вице-премьерлик кызматын тапшыруу чечимин кабыл алганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0