ЖК комитети Мадумаровдун талапкерлигин жабык эшик артында карады

© Sputnik / Асель АкматалиеваДиректор Государственной кадровой службы Кыргызстана Акрам Мадумаров
Директор Государственной кадровой службы Кыргызстана Акрам Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акрам Мадумаровду комитетке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алып келип тааныштырды.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет вице-премьерлик кызматка Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдоду.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Асрандиев жана Аскаровду жаңы кызматка дайындады
Аталган комитет бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, маселени жабык эшик артында карады. Комитеттин мүчөлөрү жыйын эмне себептен жабык эшик артында каралганын так айта алышкан жок.

Буга чейин парламенттин көпчүлүк коалициясы да колдогон.

Акрам Мудумаров өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген. Ал кечээ өз ыктыяры менен арыз жазып кеткен Жеңиш Разаковдун ордуна көрсөтүлүүдө.

Чек ара маселесин тескеп келген Разаков Sputnik Кыргызстандын кабарчысына үй-бүлөлүк себептерден улам вице-премьерлик кызматын тапшыруу чечимин кабыл алганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0