ТИМ тажик генералынын чагымчыл сөздөрүнөн кийин элчисин чакырды

© Фото / МИД КРЗдание МИД в Бишкеке
Здание МИД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчини "эгер тарыхты көтөрсөк, Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деп айтылган сөздөр үчүн чакырышкан. ТИМ Душанбеден расмий түрдө үн катышын күтүүдө.

БИШКЕК, 14-фев — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода чакырылды.

Ага Тажикстандын Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору А. Навджувоновдун айткандары боюнча кыргыз тараптын өтө тынчсызданып жатканы айтылган.

"Тажикстандын айрым ЖМКларында 13-февраль күнү материалдар чыгып, анда "эгер тарыхты көтөрсөк, Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деген сөздөр айтылган. Жумшак айтканда, макалада Навджувонов тарыхты бурмалоо жана фактыларды алмаштыруу менен алектенген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жогорку кызматтагы адамдар, анын ичинде укук коргоо органынын өкүлү мындай сөздөрдү айтканга өзүнө жол бербеши керектиги белгиленип, алардын милдети тескерисинче чагымчыл аракеттерге каршы иш жүргүзүшү керектиги айтылган.

Кыргыз тарап алдыда мындай окуялар кайталанбашы үчүн Душанбеден расмий түрдө жооп күтүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0