Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган фуралар. Архив

Кыргыз-казак чегинде кезекте турган фуралар. Казакстан дооматка жооп кайтарды

2264
(жаңыланган 15:11 17.02.2020)
Кыргызстан Казакстан чек арадан товарларды өткөрбөй жатканын айтып, Дүйнөлүк соода уюмуна арызданган.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) Казакстандын аракеттери боюнча жөнөткөн Кыргызстандын даттануусун карады. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин билдиришинче, ДСУнун Соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүү комитетинин жыйыны 11-февралда Женевада өткөн. Кыргызстан казак тарап транзиттик товарларды өткөрүүгө чектөө киргизип жатканын айтып арызданган.

Ал эми казак тарап бардык маселе Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр менен байланыштуу экенин билдирген. Андыктан көйгөйдү эки тараптуу же ЕАЭБдин аянтчасында чечүү керектиги айтылат.

"2019-жылы Кыргызстан бажылык башкаруусун колго албаганы Казакстандын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджетине зыянын тийгизерин бир нече ирет айтканбыз. Алардын айынан кошумча нарк салыгы жана бажы алымдары төлөнбөй калууда", — деп айтылат казак тараптын билдирүүсүндө.

Өткөн жылы Казакстан Кыргызстандан чыгарылган товарлардын жасалма даректерге жөнөтүлгөнү боюнча 2,6 миңден ашуун факты аныктаган. Буга кыргыз тараптын кошумча нарк салыгын төлөбөгөнү белгиленген.

2019-жылдын экинчи жарымында документинде Кыргызстандан Россияга жөнөтүлчү товар катары көрсөтүлүп, бирок иш жүзүндө кошумча нарк салыгын төлөбөй Казакстандын аймагына түшүрүлгөн 4,8 миң учур аныкталган.

Коңшу өлкөнүн делегациясы жыйында Казакстан колдонулуп жаткан чаралар соода уюмунун эрежелерине дал келерин билдирген.

Ошондой эле алар кыргызстандык өнөктөштөрүн бажылык башкарууну жакшыртуу боюнча келишимдерди аткарууга чакырган. Мисал катары Казакстан аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөткөн транзиттик жүктөрдү биргеликте көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломба колдонууга Кыргызстан менен макулдашылганы айтылат.

Кыргызстан ошол келишимди ишке ашырбай койгондуктан, Казакстан 2019-жылдын октябрь айынан тарта бир тараптуу навигациялык пломба коё баштаганын билдирген.

"Бул пилоттук долбоор ишке киргенден кийин Казакстандын базарларына түшүрүлүп калган транзиттик товарлар боюнча 10 факты аныкталды. 26 жүк ташуучу пломба койдуруудан баш тарткан, пломбаны үзүп салган 12 учур катталды. Бул Кыргызстан макулдашылган келишимди аткаргысы келбей жатканын айгинелеп турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Казакстан экономикалык жактан зыянга учурабоо үчүн көзөмөл чараларын колдонууга аргасыз болгонун белгилеген.

Буга чейин Кыргызстан казак тарап ар кандай чектөөлөрдү коюп, соода жүгүртүүгө тоскоолдук жаратканын айтып ДСУга арызданган.

 Акжол көзөмөл өткөрүү бекети. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
"Кыргыз тарап чек ара пункттарында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгону тууралуу казак тарапка кенен тааныштырган. Ошондой эле колдонулуп жаткан соода тоскоолдугун жоюуга жана ДСУнун эрежелери алкагында иш алып барууга чакырган", — деп билдирген Кыргызстандын Экономика министрлиги.

Сүйлөшүүлөр кырдаалды жөнгө сала алган жок. Андыктан 11-февралда КР экономика министринин орун басары Элдар Алишеров жана ДСУ маселелери боюнча Экономика министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов ДСУ комитетинин жыйынына катышкан.

2264
Белгилер:
чек ара, товар, Казакстан, Кыргызстан, соода
Тема боюнча
Эпидемия чыккандан бери алгачкы жолу Кытайдан Борбор Азияга товар жөнөтүлдү
Казакстанга өткөрчү "Ак-Жол " бекети жыл аягына чейин жабылмай болду
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков

Жумабеков: эгемендүү өлкө парламентинин 17-төрагасымын

20
(жаңыланган 12:12 04.06.2020)
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 4-июнь парламентаризм күнү менен жалпы депутаттарды куттуктады.
Жумабеков: эгемендүү өлкө парламентинин 17-төрагасымын

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки пралменттин 17-төрагасымын. Бул тууралуу Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, төрагалык кызматка 2017-жылы көпчүлүк добушка ээ болуп келген.

"Эгемендүү Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VI чакырылышы иштеп жатат. Ушул алты чакырылышта жалпысынан 17 төрага эмгектендик. Алардын ар бирин сыйлайм. Мага чейинки төрагалар да өз милдетин аткарышкан деп ойлойм. Жогорку Кеңештин соңку эки чакырылышы парламенттик-президенттик башкаруу доорунда кызмат өтөөдө. Бул абдан чоң жоопкерчилик. Биздин эл парламенттик башкарууну тандап алган соң, демек аны андан ары карай өнүктүрүшүбүз керек", — деди Жумабеков.

Ал жүздөгөн жылдар тарыхы бар парламенттик өлкөлөргө азырынча Кыргызстанды салыштырып болбостугун, бирок 10 жыл ичинде жакшы аракеттер байкалып жаткандыгын кошумчалады.

20
Белгилер:
эгемендүүлүк, тарых, парламент, Дастанбек Жумабеков
Тема боюнча
Төрага Жумабеков: тилимден жаңылсам да эч нерсе уурдаган эмесмин
Жогорку Кеңештин төрагасы  Дастан Жумабеков. Архив

ЖКга келүү да оңой нерсе эмес. Спикер Жумабеков депутаттарды куттуктады

88
(жаңыланган 10:32 04.06.2020)
Төрага азыркы парламентарийлердин ишине бүгүнкү күндө көңүл бурулбай жатканын, бирок убагы келгенде баа берилерин айтты.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты болуу оңой нерсе эмес. Бул туурасында ЖК төрагасы бүгүнкү Парламентаризм күнү менен куттуктап жатып билдирди.

Ал VI чакырылыштын депутаттары беш жылда эбегейсиз чоң иштерди жасаганын айтып, анын ичинде 28 жылдан бери чечилбеген бир нече социалдык маселелер боюнча мыйзамдар кабыл алынганын белгиледи. Ошондой эле саясий токтомдорду жактырып, мамлекеттин өнүгүшө чоң салым кошконуна токтолду.

"Азыркы иштерибизге азыр көңүл бурулбай жатса керек, бирок убагы келгенде баа берилет. Сиздер менен чогуу ийгиликтерди жараттык, ошол эле учурда сынды, ачуу сөздөрдү четке какпашыбыз керек. Эл өкүлдөрү катары элдин элегинен өтүп, алты фракция кызмат кылып келебиз. Бул жерге келиш да оңой нерсе эмес. Көптөгөн чоң иштерди, чоң күчтү талап кылат. Бирок биз ошонун баарына чыдап, кызмат кылып келебиз. Бизден кийинки парламентти да кызмат кылат деп ишенем", — деди Жумабеков.

Мындан сырткары, төрага депутаттар элдин ишенимине жетип, берген убадаларын аткаруу үчүн иштеп жатканын кошумчалады.

Спикер Дастан Жумабековдун ишмердүүлүгү боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинен окуңуздар.

88
Белгилер:
аткаруучу, депутат, Парламент, куттуктоо, иш, Дастанбек Жумабеков
Тема боюнча
Жумабеков: парламенттик шайлоо коронавирустан улам жылдырылышы мүмкүн
Төрага Жумабеков: тилимден жаңылсам да эч нерсе уурдаган эмесмин
Табло курса доллара, евро, рубля и тенге на обменном бюро в Бишкеке

Ката кеткен. Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзам долбоору ЖКга киргизилди

27
(жаңыланган 13:23 04.06.2020)
Мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын апрель айында коомдук талкууга коюлуп, бир топ сын-пикирлерди жараткан.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди. Бул тууралуу парламенттин сайтында жарыяланды.

Сурамжылоо

Акча алмаштыруу бюролорун жабуу демилгесин колдойсузбу?
  • Жабыш керек! Акча алмаштыруу жайларын банктарга салыштырмалуу көзөмөлдөө оор
    0% (0)
  • Мен каршымын. Валюта рыногунда атаандаштык болушу керек
    0% (0)
  • Азыр ишсиз отургандар ансыз да көп. Дагы башкаларды жумушсуз калтыруунун эмне кереги бар?
    0% (0)
  • Мага баары бир, менин киреше-чыгашамдын бардыгы сом менен
    0% (0)
Добуш бергендер:
Аталган документ үстүбүздөгү жылдын апрель айында коомдук талкууга коюлган. Мыйзамды демилгелеген депутаттар менчик бюролор операциялар тууралуу маалыматты жашырып, валюта курсун негизсиз жогорулатып, мындай аракети менен сомдун кунун кетирет деген жүйө келтирген.

Долбоордун негиздемесинде 2015-жылы Улуттук банк акча алмаштыруу жайларын жабууга аракет кылып, бирок коомдук талкуу учурунда колдоо таппай калганы жазылган.

"Акча алмаштыруу операцияларын банктар, кредиттик союздар, чакан финансылык жана кредиттик компаниялар гана жүргүзүшү сунушталууда. Бул улуттук валюта рыногунун коопсуздугун, валюта операцияларынын ачык-айкындуулугун камсыздоого жана көбүрөөк салык түшүшүнө шарт түзөт", — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Документтеги ката

Деген менен мыйзам долбоорунун расмий тилде жазылган негиздемесинде ката кетип калган. Мүмкүн болуучу терс кесепеттердин болжолу бөлүмүндө "Мыйзам долбоорду кабыл алуу "Медицина кызматкерлеринин макамы жөнүндө" КР мыйзамдарына өзгөрүтүүлөрдү киргизүү" терс кесепеттерди алып келбейт" деп жазылып турат. Чынында бул мыйзам валюта рыногуна эмес, медицина тармагына тиешелүү.

Ал эми жөндөө таасирин талдоо жөнүндө маалыматында "Мыйзам долбоору жөндөө таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, себеби ал ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес" деп жазылган.

Законопроект о закрытии обменных пунктов в Кыргызстане
скриншот с сайта Жогорку Кенеша
Акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам

Мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Алиярбек Абжалиев, Салайдин Айдаров, Искендер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова, Экмат Байбакпаев сунуштаган. Негизги демилгечиси Гүлшат Асылбаева.

27
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, депутат, мыйзам, акча алмаштыруу жайы
Тема боюнча
Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзамы боюнча Улуттук банк комментарий берди
Жалаа жаппасын! Акча алмаштыруу жайлары мыйзам жазган депутаттарга жооп берди