Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалган Алишер Абдырахманов. Архив

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп Алишер Абдырахманов дайындалды

528
(жаңыланган 09:51 18.02.2020)
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров вице-премьер болуп дайындалгандан кийин анын орду бош турган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп Алишер Абдырахманов дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Буга чейин Абдырахманов облус жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты да болгон.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров вице-премьер болуп дайындалгандан кийин анын орду бош турган.

528
Белгилер:
Алишер Абдырахманов, жетекчи, дайындоо, Баткен облусу
Тема боюнча
Мунуңуз мал доктур го... Момбековдун Мадумаровду сындаган видеосу
Өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү болуп Назирбек Бөрүбаев дайындалды
С-400 зениттик ракеталык системасы. Архив

Россиянын С-400 тутуму төртүнчү өлкөнү "багындырууда". Мындан ары эмне болот?

400
(жаңыланган 22:52 16.01.2021)
Россиялык өндүрүштөгү С-400 зениттик ракеталык системалар Евразиянын өлкөлөрүнө жайылууда. Кытай, Түркия, Индиядан соң Беларусь Республикасынын Аскердик-аба күчтөрү, абадан коргонуу күчтөрү "Триумфтар" менен куралданууга камынууда.

Ирак, Катар жана Марокко (Африкалык континенттин түндүк-батышы) да С-400дү сатып алуу процессинде. Планета боюнча С-400 зениттик ракеталык системаларын ийгиликтүү жайылтуунун негизи – жакын аналогдорунун жоктугу, уникалдуу аскердик мүнөздөмөлөрү. Аталган тутумдун экспорттук дараметине аскерий баяндамачы Александр Хроленко токтолгон.

Беларусь Республикасынын Куралдуу күчтөрдүн Аскердик-аба күчтөрү жана абадан коргонуу бөлүгүнүн командачысы, генерал-майор Игорь Голуб 14-январда С-400 "Триумф" жаңы тутуму менен куралдана турганын жарыялады. Бул системалар АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн бешинчи муундагы F-22 жана F-35 истребителдеринин (НАТО жүздөгөн F-35ти Европага жайгаштырууну пландайт) аскердик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен атайын иштелип чыккан.

Мындан тышкары, куралдуу күчтөрдө "Панцирь-С" зениттик ракеталык-замбиректик комплексин өздөштүрүү боюнча келишим алдындагы иштер жүрүп жатат. МИ-35 көп буталуу сокку уруучу тик учактары, россиялык өндүрүштөгү СУ-30СМ истребителдеринин экинчи партиясы менен жабдууга келишим түзүлгөн.

Беларустук аскердик күчтөрү быйыл "Противник-Г" жана "Восток" жаңы радарларын куралданышмакчы. Мурдараак аталган өлкөнүн аба мейкиндигин коргоо боюнча аскердик күзөткө РФ өндүрүшүндөгү S-диапазонундагы жаңы "Сопка-2" үч координаттуу трассалык радиолокациялык комплексин алган. Батыш санкциялары жана экономикалык кыйынчылыктар Россияны Беларустун армиясын курал менен айныгыс жабдуучу кылат.

Беларусь Республикасынын асманы бардык агрессорлор үчүн жеңилгис чепке айланууда. Аскердик-аба күчтөрүнүн бөлүктөрү жана Абадан коргонуу күчтөрү өтө татаал кырдаалда, душман тарабынан ракеталык курал жана учкучсуз учуучу аппараттар пайдаланылган сириялык, ливиялык жана карабахтык тажрыйбаны эске алуу менен аскердик милдеттерди аткарууну үйрөнүшөт.

Оптимисттик динамика

Россия менен активдүү аскердик-техникалык кызматташуу дүйнөнүн элүү өлкөсүнүн, анын ичинде КМШнын жети өлкөсүнүн коопсуздугун жана суверенитетин бекемдейт. Чет өлкөлүк адистер РФ өндүрүшүндөгү аскердик учак жана абадан коргонуу тутумдарынын жөндөмдөрүн кыйла таасирдүү инструменттер деп эсептешет.

Кытай С-400 "Триумф" зениттик ракеталык тутумдарынын биринчи чет өлкөлүк буюртмачысы болгон. ЗРС С-400 эки полктук комплекти боюнча россиялык-кытай келишими тууралуу 2014-жылдын ноябрында белгилүү болгон.

Бир комплекттин курамында мобилдик командалык пункту, ракета кое берүүчү эки дивизиондук орнотмосу, радиолокациялык станциялар, эки типтеги 120дан ашуун тескелүүчү жаңы ракета бар.

Кытайлык адистер 2018-жылдын декабрында "Триумфтардан" ийгиликтүү ок атып көрүшкөн. Система 250 чакты чакырым аралыктан секундасына 3000 м ылдамдыкта учуп бараткан баллистикалык бутасын кыйраткан.

С-400 системасынын экинчи полктук комплектин Кытай 2019-жылдын декабрында алган. Кытайда россиялык "Триумфтардын" негизги артыкчылыктары – 400 чакырымга чейинки аралыктан аракет этип (бул дүйнөдө "жер – аба" тибиндеги эч бир ракеталык системанын колунан келбейт), согуштук аракеттердин жүрүшүндө бута көрсөткүчтөрүн, алыскы аралыктан шпионажды токтотуу үчүн душмандын ыраак радиолокациялык кармоочу учактарын жок кыла алышы.

С-400 системалары КЭРдин тегерегиндеги перифериялык жана талаштуу райондорун ынанымдуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Россия жана Түркия С-400 "Триумф" ЗРС боюнча 2017-жылы макулдашышкан. Келишим наркы – 2,5 миллиард доллар. Бул түркиялык-америкалык алакаларда олуттуу каатчылык жараткан.

Санкциялар, ошондой эле Түркияны америкалык F-35 истребителин жасоо программасынан чыгарарын айтып коркутуу менен Вашингтон келишимден баш тартып, тек гана америкалык Patriot комплекстерин сатып алууну талап кылган.

Анкара АКШнын ультимативдик талаптарына моюн сунбастан, 2019-жылдын жайында С-400 ЗРС төрт дивизионун (алгачкы комплект) алган. Түркия экинчи комплектти сатып алууга жана өлкөнүн маанилүү объектилерин калкалоо үчүн эң ынанымдуу жана заманбап тутумдарын түзүүгө ниеткер.

Анкарага жакын жайгаштырылган С-400 сыноолордун жүрүшүндө 600 чакырым аралыктан радиолокациялык системалардын аракет аймагынын чегиндеги F-16 Fighting Falcon истребителин байкаган. Башкача айтканда, аба буталарын табуу жана жок кылуу автоматтык режимде жүргүзүлгөн аскердик күзөт режиминде F-16 Fighting Falcon истребителдери Анкарадан 400 чакырым аралыктан "Триумф" тарабынан жок кылынышы ыктымал. Аталган эки өлкө С-400 зениттик ракеталык тутумдарынын экинчи комплектин (полкун) алуу жөнүндө 2020-жылдын июнунда принципиалдуу түрдө макулдашышкан. Индия 2018-жылдын октябрында С-400 зениттик ракеталык тутумдарынын беш комплектин алууга 5,43 млрд. долларлык келишим түзгөн. Делидегилер АКШнын болуп көрбөгөндөй кысымына карабастан, чечкиндүү түрдө ниеттенген.

The Times of India басылмасынын маалыматы боюнча, россиялык "Триумфтарды" Индия батыш, түндүк жана чыгыш аймактарында (Кытай жана Пакистан тараптан коркунуч спектрин эске алуу менен) жайгаштырып, өлкөнүн абадан коргонуу тутумдарында революция кылат.

С-400 зениттик ракеталык тутумдарын пайдаланууну үйрөнүү жана аскердик колдонуу үчүн 100 индиялык адистен турган алгачкы топ Россияга ушул айдын аягына чейин келет. Индияда "Триумфтардын" биринчи полктук комплекти менен 2021-жылдын аягында куралдануу пландалган. Россия С-400 ЗРС полктук комплектин бешөөнү тең 2025-жылга дейре тапшырып берүүгө ниеттенет.

"Триумфалдык" келечек

"Триумфтарды" сатып алуу боюнча Марокко, Катар, Ирак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мурдараак С-400 россиялык зениттик ракеталык тутумдарын сатып алууга Алжир, Вьетнам, Египет, Сауд Аравиясы, жалпы 12ден ашуун өлкө кызыкдарлыгын билдирген.

Чет өлкөлүк суроо-талап экспортчунун сунушунан жогору (Россия бул маселеде Аба-космостук күчтөрүнө артыкчылык берет). АКШнын санкциялар аркылуу душмандарга каршы аракет жөнүндөгү мыйзамга (ага президент Дональд Трамп 2017-жылдын августунда кол койгон) ылайык бул өлкөлөргө санкцияларды киргизе алат.

Ыраак аралыктан абадан коргонуу тутумундагы мыкты С-400дү дүйнөдө эч ким токтото албайт. "Триумф" системалары дүйнөнү өзгөртүүдө. Эгер С-400 зениттик ракеталык тутумдарды, мисалы, Иран сатып алса, Персид булуңунун аймагындагы АКШ авиаташуучулары таптакыр пайдасыз оюнчукка айланып калат.

Вашингтон дүйнө таануу концепциясын аргасыз түзөтүүгө, Иран менен диалогунда "өз стилин кайра карап чыгууга" туура келет. Бул Иракта эбак башталган.

АКШнын Ирактагы элчилиги жана аскердик базалары улам ракеталык аткылоолорго кабылып келет. Америкалык зениттик ракеталык комплекстер ракеталык чабуулдарга каршы туруштук бере алган эмес. Залптык октун реактивдүү тутумунун дүрмөттөрү Багдаддын "жашыл аймактарында" жарылууда, бул АКШны дипломатиялык персоналынын басымдуу бөлүгүн көчүрүүгө жана ирактыктардан Россиядан сатып алынган "Панцирь-С" зениттик ракеталык-замбиректик комплексин ижаралоого мажбурлоодо. С-400 зениттик ракеталык тутумдарга кайталы. "Триумфтун" маанилүү артыкчылыгы – радиолокациялык системалардын айланага көз чаптыра алышы жана төрт типтеги ракеталарды колдонуунун ийкемдүүлүгү (көп деңгээлдүү абадан коргонуунун түзүлүшү).

Ар кыл типтеги ракеталарды пайдалануу гипер үндүү буталарды, аскердик авиацияны, учкучсуздарды, канаттуу, тактикалык жана баллистикалык ракеталарды 5 метрден 30 чакырымга чейинки бийиктиктеги, 400 чакырымдан 2 чакырымга чейинки аралыктагы жетиштүү диапазондо майнаптуу кыйратууга мүмкүнчүлүк берет.

"Триумфтун" бир батареясы 72ге чейин мээлөөчү ракеталарга ээ болушу мүмкүн, секундасына 4800 метрге чейинки ылдамдыкта учуп бараткан 36га чейинки бутаны бир убакта аткылай алат.

С-400 системасы ар кыл типтеги зениттик ракеталык комплекстерин (С-300, Панцирь-С1, Тор-М1) интеграциялап, радиоэлектрондук каршы аракет этүүнүн ар кандай шартында ар кыл ыраактыктан абадан коргонуу тутумдарын тескей алат.

Ал ортодо быйыл россиялык аскердик бөлүктөр 200 чакырымга чейинки бийиктиктеги согуштарга даяр С-500 революциялык системасына ээ болот. Россиянын аскердик-техникалык кызматташтык боюнча өнөктөштөрү жаңы кезектен орун ээлей берсе болот.

400
Белгилер:
ылдамдык, комплекс, Беларусь, Индия, Кытай, Россия, курал, ракета
Тема боюнча
Алтынчы муунга карай. Су-57 дүйнөнү багындырууда
Беларусьтун президенти Александр Лукашенко. Архив

Лукашенко Беларустагы митингдердин көпкө созулушуна пандемияны айыптады

96
Мамлекет башчысы Беларуста соңку күндөрү 10-12 миңдей адам гана акцияга чыккан, бирок аны Telegram-каналдардан "200 миң адам" деп берип жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Беларустагы нааразычылык акциялары COVID-19 пандемиясынан улам чек аралар жабык турганына байланыштуу көпкө созулуп кетти. Бул тууралуу аталган республиканын президенти Александр Лукашенко "Россия 1" телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, мурунку менен мындагы шайлоодон кийинки кырдаалды салыштырганда өтө деле өзгөчөлүк байкалган эмес.

"Мында болгону көпкө созулуп кетти. Эмнеге? Себеби жадагалса силер дагы (Россия — ред.) чек араңарды жаап алдыңар. Анан Россияда иштеп жүргөн миңдеген адам бул жакта калып калды, алар иштегиси келбейт. Мен сиздерди жемелеген жокмун, жөн гана айтып жатам. Митингдердин көпкө созулушунун объективдүү себеби ушунда. Ар бир шайлоодон кийин сөзсүз ызы-чуу чыгат, автоинспекторлордун машинасы өрттөлөт, 2010-жылы өкмөт үйүнө чабуул коюлган. Бизде өкмөт үйүнө чынында эле чабуул жасалды. Муну кабыл алуу оор, бирок бул факт", — деди Лукашенко.

Ошондой эле мамлекет башчысы Беларуста соңку күндөрү 10-12 миңдей адам гана акцияга чыгып жатканын, бирок аны сүрөткө тартып Telegram-каналдардан "200 миң адам" деп берип жатканын айткан.

Белгилей кетсек, Беларустагы массалык нааразычылык акциялары 9-августта президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккан соң башталган. Анда мамлекеттин азыркы лидери Александр Лукашенко алтынчы ирет жеңип чыккан. БШК президенттин добуштардын 80,1 пайызын алгандыгын билдирген. Ошондон бери өлкөдө саясий абал тынчыбай, митинг коштогон окуялар улам кайталанып келет.

96
Белгилер:
Россия, пандемия, Митинг, Беларусь, Александр Лукашенко
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынганда президент болбой турганын жар салды
Ооруканадагы бейтаптын орун жайы. Архивдик сүрөт

Бишкектеги ооруканаларда COVID жуктургандарды жаткырганга 306 орун бар

0
(жаңыланган 13:48 17.01.2021)
Саат 12:00гө карата берилген маалыматка таянсак, борбор калаадагы ооруканаларда COVID-19га чалдыккандарды жаткырып дарылай турган 306 бош орун бар.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

17-январь саат 12:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда 306 бош орун бар.

Коронавируска чалдыккандарды дарылаган ооруканалар:

  • Улуттук хирургия борбору — 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 19;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 78;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 172;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 16;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 19.

Соңку маалыматтар боюнча, Кыргызстанда коронавирус 123 адамдан табылып, алардын ичинен 38 бейтаптын өтө оор абалда жатканын Республикалык штаб маалымдады. Ал эми илдеттен 128 киши айыгып кетти. Тилекке каршы, Бишкектеги ооруканадан эки адам COVID-19дан каза тапты.

0
Белгилер:
оорукана, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жумаканова: январдын соңунда COVID менен ооругандар көбөйүшү мүмкүн
Кениядан коронавирустун 16 түрү табылды. Эксперттер тынчсызданууда
Коронавирус: ДССУ быйылкы жыл былтыркыдан да оор болорун айтты