Мамэкотехинспекцияга жаңы жетекчи дайындалды

© Фото / Pixabay/ rafabordesРабота юриста
Работа юриста - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге Мамэкотехинспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушевди кызматтан алууну сунуштап, Абылгазиев аны колдогон.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Мырзабек Жыпаркулов Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге Мамэкотехинспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушевди кызматтан алууну сунуштаган. Ал 31-январда Абылгазиевдин буйругу менен иштен бошотулган

Жаңылыктар түрмөгү
0