Сөзсүз президент айтыш керекпи? Транспорт министрине иштен кетүү сунушталды

© Sputnik / Эмиль СадыровМинистр транспорта и дорог КР Жанат Бейшенов
Министр транспорта и дорог КР Жанат Бейшенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү былтыр Жамшитбек Калилов орун басары пара менен кармалып, аны президент зекигенден кийин кызматтан кеткенин эске салды.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов кызматтан кетиши керектигин билдирди.

Эл өкүлү жакында эле министрдин орун басары Жеңиш Ногойбаев, Автотранспорт агенттигинин директору Анарбек Бекмуратов коррупция менен кармалгандан кийин моралдык жоопкерчилигин сезиши керектигин белгиледи.

"Мындан бир жыл мурда орун басары пара менен кармалганда министр жумуштан кеткен болчу. Эмне дагы президент айтыш керекпи? "Арыз жаз" десе, анан жазышабы?.. Жолдордун баары талкаланып бүттү. Таразаны көзөмөлдөгөндөр чөнтөгүнө эле иштеп жатат. Ар бир жүк ташуучу унааны тосот да "ставкасын" алып коё берет. Ушул тараза тармагын тартипке келтиришибиз керек", — деди Жамалдинов.

Кыргызстанда министрлер канчалык тез алмашат - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын күлү бир жерге додо болбогон министрлери. 5 жылдын графиги
Учурда парламентте тараза-көзөмөл пункттарын автоматташтыруу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Депутат ушундай мыйзам каралып жатканда министр Бейшеновдун өзү келбегенине нааразы болду. Буга өкмөттүн ЖКдагы өкүлү Алмаз Абытов: "Себебин кийинчерээк тактап берели", - деп жооп берди.

Министрдин ордуна статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев жооп берип жаткан, бирок ал дагы сынга кабылды. Депутат Бактыбек Турусбеков ал канча жылдан бери иштеп жатканын сурады.

Мамыркалиев 4,5 жыл статс-катчынын милдетин аткаруучу болуп иштеп, өткөн жылдын ноябрь айында конкурс аркылуу өтүп расмий дайындалганын айтты.

"Министрликтеги кадрларга, статс-катчы, сиз жооп бересиз. Министрлер кетип жатат, сиз "өгүз өлбө, араба сынба, эмкисин күтөм" деп отурасыз. Кеңешме өткөрүп кадрлар менен иштеп жатасыңарбы? Сиз иштеген беш жылда канча кызматкер камалды. Моралдык жоопкерчилик болушу керек да", — деди Турусбеков.

Белгилей кетсек, жакында эле Автотранспорт агенттигинин директору Анарбек Бекмуратов кармалгандан кийин министрдин орун басары Жеңиш Ногойбаев анын ишин токтотууну сурап Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына 10 миң доллар пара берип жатканда кармалган

Бул жерде уялбай отурат! Президенттин министр Калиловду зекиген видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бүт дүйнөгө уят болдук! Президенттин министр Калиловду зекиген видеосу
Ал эми мурдагы траснпорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиев 520 миң долларлык пара менен кармалгандан кийин отставкага кеткен.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков "бүт дүйнөгө уят болдук" деп Калиловду зекиген. Акыры министр ордунда калууга моралдык укугу калбаганын моюндап, иштен кетүүгө аргасыз болгон.

Азимкан Жусубалив Биринчи Май райондук соттун өкүмү менен 14 жылга эркинен ажыратылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0