Президент Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңешке келет. Эмне тууралуу кеп болот

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбековдун парламентте сүйлөп жаткан убакытта. Архив
Сооронбай Жээнбековдун парламентте сүйлөп жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбековдун парламентте сүйлөп, өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолору кабарланды.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Парламенттин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө, ал өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолот", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

Белгилей кетсек, Конституциянын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкөнүн президенти Жогорку Кеңештин жыйындарына чыгып сүйлөөгө укуктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0