Жээнбеков шайлоо жакындаганын белгилеп, депутаттарга эскертүү берди

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы шайлоонун алдында элди алаксыткан популисттик кадамдар да күчөй турганын белгилеп өттү.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып быйылкы парламенттик шайлоонун алдында депутаттарга эскертүү берди.

Мамлекет башчы саясий өнөктүктөргө алагды болуп, маанилүү мыйзамдарды көңүл сыртында калтырбоого чакырды.

"Быйыл парламенттик шайлоо жылы. Алдыдагы саясий процесстерге ылайык бир катар кампаниялар жүрөт. Партиялардын саясат менен алпурушуусу күчөйт. Бул иш параламенттеги фракциялардын да алагды болушун шарттайт. Мындай учурда элди алаксыткан популисттик кадамдар да күчөйт. Ошондуктан сиздерге кайрыларым, азыр парламенттин кароосунда мамлекеттин, элдин турмушуна зарыл болгон маанилүү мыйзам долбоорлору турат. Бул мыйзамдарды кечиктирбей кабыл алуу керектигин эсиңерге салам. Анткени кийинки парламент келип ишке кергенге чейин зарыл мыйзамдар күчүнө кириши керек", — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн жаңыдан кызматка дайындалган өкмөт мүчөлөрү Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров жана Замирбек Аскаров парламентте ант берип, ага президент, премьер-министр катышты. Андан соң Жээнбеков парламент трибунасынан билдирүү жасап жатат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0