Ар бир саясатчы өзүн лидер ойлойт. Жээнбеков 9 пайыздык босого тууралуу айтты

Жазылуу
Мамлекет башчы шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун чогуу иштешүүгө даяр экенин белгиледи.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоо босогосу тууралуу пикирин билдирди.

Жээнбеков, убада берилгендей, шайлоо боюнча укуктук нормалар күн мурунтан аныкталганын белгилеп, учурда пайыздык чек тууралуу гана талкууга чекит коюла электигин эске салды.

"Бул маселе боюнча менин пикиримди билүүгө ынтызар болгон мекендештерим, айрым депутаттар, мага түз да, маалымат каражаттары аркылуу да кайрылышты. Тогуз пайыздык деген чекти мына ушул жерде отурган депутаттар, көпчүлүгүңөр колдоп, мыйзам кабыл алынган эле. Бул норма шайлоого катыша турган саясий күчтөр тарабынан кызуу талкууга алынып, азыр өзгөртүүнү талап кылууда. Дээрлик жарым жылга жакын созулуп келе жаткан талкууга мен да көңүл буруудамын", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент азыр 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз тууралуу да пикирлер айтылганын кошумчалады.

Здание Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин 21 депутаты шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүүнү сунуштады
"Тогуз пайыздык чекти колдогондордун оюн эске алсак, негизги аргумент партияларды ирилештирүү болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок буга саясий күчтөр даярбы? Жашырганда эмне, элибизде "эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген жакшы сөз бар го. Ар бир саясатчы өзүн лидер катары тааныйт. Ошондуктан партияларды ирилештирүү биздин саясатчыларга эрте экенин көрсөттү. 7 пайыз — бул биз басып өткөн жол", — деди президент.

Ал эми 5 жана 3 пайызды айткандардын арасында "жаштарга мүмкүнчүлүк берели" деген элдин кулагына жага турган аргументтер менен өз максатын көздөгөндөр бар экенин билдирди.

"Чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат десек жаңылышпайбыз. Азыр пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Депутаттар терең талкуудан өткөрүп, жети өлчөп, бир кесет деп ойлойм. Мен бардык партияларга карата бирдей мамиледе болом. Кайсы бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайланып келгем", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чогуу иштегенге даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнүн парламентте ант берүүсүнө катышып, андан кийин трибунага чыгып билдирүү жасады. Мамлекет башчы өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу актуалдуу маселелер боюнча 40 мүнөттөй сүйлөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0