Эртең Трамптын кыргызстандыктарга виза берүүнү чектеген чечими күчүнө кирет

© AFP / ANDREW CABALLERO-REYNOLDSПротест после оправдания сенатом Дональда Трампа по делу об импичменте
Протест после оправдания сенатом Дональда Трампа по делу об импичменте  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Визалык чектөөлөр жарандардын өздүгүн аныктаган документтерин тыкыр текшерүүдө коопсуздук чараларынын чабалдыгы аныкталгандан кийин киргизилген.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Эртең, 22-февралда, кыргызстандыктарга АКШга кирүү үчүн виза берүүгө киргизилген чектөө күчүнө кирет.

Нью-Йорктогу Эркиндик айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баарына тиешелүү эмес! Элчилик АКШга кирүүгө коюлган чектөөгө түшүндүрмө берди
Тийиштүү документке президент Дональд Трамп 2019-жылдын 21-январында кол койгон. Ага ылайык, 22-февралдан тарта алты мамлекеттин жарандарына иммиграциялык виза менен грин-карта (Diversity Visa) берүүгө киргизилген чектөө иштей баштайт. Тизмеге кыргызстандыктардан сырткары Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания кирген.

Визалык чектөөлөр жарандардын өздүгүн аныктаган документтерин тыкыр текшерүүдө коопсуздук чараларынын чабалдыгы аныкталгандан кийин киргизилген. Ошондой эле АКШнын элчилиги кыргыз паспортторун берүүдө тыкыр көзөмөл болбой жатканын жүйө келтирген.

АКШ кыргыз бийлигин паспорт берүүдө көзөмөлдү күчөтүүгө, электрондук жана биометрикалык паспортторду иштеп чыгууга, ошондой эле жоголгон жана уурдалган паспорттор тууралуу Интерполго өз убагында маалымат берип турууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0